Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Жашыл талаадагы диломатиялык оюн


Түркия жана Армениянын президенттери 2010-жылкы дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо футболдук мелдешин чогуу олтуруп көрүштү.

Түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүл жана Армениянын президенти Серж Саркисян Түркиянын Бурса шаарында өткөн футболдук мелдешти эки улуттун касташуусуна чекит коюуга жардамдашат деп үмүттөнүп, оюнду чогуу олтуруп көрүштү.

Мелдеш Армения менен Түркия дипломатиялык алака түзүү жана чек араны ачуу жөнүндөгү тарыхый документке кол койгондон көп узабай өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгы кандай аяктабасын, эки өлкө тең 2010-жылы Түштүк Африкада өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алалбай калышмак. Бирок жашыл талаадагы футболдук беттешүүгө “эки өлкөнүн дипломатиясынын” уландысы катары чоң маани берилди.

Бул тарыхый футбол мелдешти төрт жүздөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттары чагылдырып, 12 теле компания түз алып көрсөтүштү.

Ошондой эле бул беттешүүгө Европа футбол федерациясынын президенти Мишель Платини да күбө болуп, эки мамлекеттин достук байланышын кубаттады.

Оюндун жүрүшү туралуу кыскача маалымат:
Беттешүүнүн 16-мүнөтүндө туркиялык чабуулчу Халил Алтынтоп эсепти ачты. 28-мүнөттө түркиялык Сервет Четин эсепти дагы бир топко көбөйттү. 2008-жылкы Европа биринчилигинин коло байге ээси Түркия өлкөсү Арменияны 2:0 эсебинде утканы менен 2010-жылкы дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо албай калды.

Армения менен Түркия чучукулак кармоодо 2010-жылкы дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоодо бешинчи топто Испания, Босния жана Герцеговины, Бельгия жана Эстония менен атаандаш болушкан.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин пикиринде Армения менен Түркия экөө тең жетиштүү упай топтой албай, өз тобунда алдыңкы орунга чыкпай, 2010-жылкы дүйнө чемпионатына жолдомо албай калышты.

Түркия жана Армения өлкөлөрүнүн 2010-жылкы дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо футболдук мелдешинин мааниси тууралуу “Заман-Кыргызстан” гезитинин футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев мындай деди:

-Бул жерде көп жылдардан берки эки мамлекеттин ортосунда саясий байланыш абдан начар эле. Бири-бирин күнөөлөп келишкен. Мисалы, армяндар түрктөрдү “геноцид жасаган” деп айыпташууда. Эки президенттин бири-бири менен акыры бир келишимге, бир чечимге келгени бул жакшы болду. Бул дүйнөгө да, эки өлкөгө да жакшы болду. Бул эки мамлекетти спорт бириктирип атат. Демек “Спорт - дүйнөнүн элчиси” деп бекеринен айтылбаса керек.
Дүйнөлүк коомчулук да аларга көңүл буруп, ортодо Бириккен Улуттар уюмунан бери көзөмөлдөп турушту. Жакшы чечимге келип, эки мамлекет ынтымактуу болуп, кайрадан байланыш түзүп жатканы чоң ийгилик. Өткөн жылдан бери футбол аркылуу эки мамлекет байланыштарын бекемдеп жатат.

Былтыр Түркия президенти Абдулла Гүл Ереванда өткөн 2010-жылкы дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо футболдук беттешүүгө биринчи ирет барып катышкан.

Армен бийлиги Түрк жетекчисин абдан кайтарууга алып, коопсуздугун камсыз кылышкан.

Бул эки өлкөнүн достугуна футболдук мелдештер, спорттук таймашуулар данакер болуп жатканын футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов “Азаттыкка” билдирди.

“Армения-жаңылыктары” маалымат агентигинин билдиргенине караганда футболдук беттешүүдөн кийин Түркия президенти Абдулла Гүл жубайы даярдаган даамдан ооз тийүүгө Армения президенти Серж Саркисянды сый-тамакка чакырган.

Оюндун соңунда бир кылымдай убакыт касташып келген мамлекеттердин президенттери дипломатиялык алаканы түзүүдө көп ийгиликтерге жетишкени көрүнүп турганын айтышты.

Бул эки мамлекет дипломатиялык мамилени түзүү боюнча келишимге болгону бир нече күн мурда жетишкен эле.

10-октябрда Швейцарияда Түркия менен Армениянын тышкы иштер министрлери Ахмед Давутоглу менен Эдурад Налбандян эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирүү, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тууралуу протоколдорго кол коюшкан.

Эми бул документтерди эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин гана экономикалык-соода маилелерине, кызматташуу долбоорлоруна жол ачылат. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглунун маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, “бардык учурда Азербайжандын кызыкчылыктары Түркия тараптан эске алынып турмакчы”.

Армян-түрк чек арасы 1993-жылы жабылган. Ал мезгилде Азербайжандагы Карабак чыр-чатагы ырбап турган учур болчу. Ошондой эле 1915-жылы Осмон империясы армяндарды геноцид кылып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бир кылымга чукул үзүлгөн.




XS
SM
MD
LG