Кыргызстанда каттоодон өткөн маалымдоо каражаттарынын саны миңден ашуун. Алардын бир тобу маалында чыкпай, угарман, көрүүчүсүнө жетпей жатканына карабастан, калкыбыздын кыйласы, кайриет, жергиликтүү, дүйнөлүк кабарлар менен тааныш болууда. Журналисттердин майрам күнү кагаз-каламдын аркасы менен тиричилигин өткөрүп жаткан калемдештерибиздин айрымдарын кепке тарттык.
“Пирамида” телеканалынын баяндамачысы Айбек Мусаев майрам тууралуу пикирин мындайча билдирди:
- Басма сөзгө кысым жасалып жатканы белгилүү. Ал өзүнүн деңгээлинде, формасында жүрүп жатат. Бирок ошол эле мезгилде ачыктык башка Борбордук Азия мамлекеттерине караганда бизде, Кыргызстанда жогорку эле деңгээлде турат.
Бирок да айрым адистердин пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалын мыкты же дурус деп айтыш кыйын. Сот колу менен “Сентябрь” телеканалынын жабылышын, ошол эле “Пирамида” телеканалынын айланасындагы окуяларды, “Де-факто”, “Алиби” гезиттерине оңор эмес айыппулдардын салынышын, айрым журналисттердин саясий башпаанек сурап чет өлкөлөргө кетишин, андан да өкүнүчтүүсү, таланттуу журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болуп кетишине кимдердин тиешеси бардыгынын эмдигиче ачылбай жатышы “төртүнчү бийликтеги” абалдын кандайлыгын көрсөтөт. Ахывалдын начарлыгын эл аралык уюмдар да кыйладан бери белгилеп келатышат.
Улуттук телеканалдын кабарчысы Айжан Омолдошева Кыргызстан ушу тапта калыптануу доорун башынан кечирип жатканын, сөз эркиндигинин бекем орун-очок алышы узак убакытка созуларын белгиледи:
- Сөз эркиндиги башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда кыйла бийик өнүккөн. Мен көбүнчө газеталардан байкап жүрөм. Телерадио деп айта албайм. Басма сөздө көбүнчө сөз эркиндиги байкалып жүрөт.
Ушундай эле пикирин Улуттук телеканалдын кабарчысы Кундуз Жолдубаева да билдирип, бир жылда бир келчү журналисттин кесиптик күнүндө проблемалар эмес, майрамдык маанай тууралуу кеп болушу керек деп айтты:
- Ушул 365 күндүн бир күнүн биздин кесиптик майрамыбызга арнап, куттуктоолорду кабыл алуу бул кубанычтуу жана толкундата турчу нерсе.
Парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиеванын ырасташынча, сөз жоопкерчилиги коомдук маанилүү маселе, ошондуктан журналисттер өз милдетин так аткарышы абзел.
- Журналисттер маалыматты канчалык туура чагылдырса элдин пикири, ою да ошондой болот. Анан мен ойлойм, азыркы журналисттер өтө туура жасап жатышат. Туура айткандары бар. Анан да азыркы журналистиканын көйгөйлөрү деле өтө көп.
Кыргызстан коммунисттери октябрь майрамын, журналисттер улуттук басма сөз маалымат күнүн белгилешип жаткан чакта белгилүү укук коргоочу Максим Кулешов Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын жанында “Мурат, сөз эркиндигине тийбе!” деген аталышта пикет өткөрдү. Нааразылык билдирүүгө “Дело №” гезитинин баяндамачысы Вадим Ночевкинди 5-ноябрда коопсуздук кызматкерлеринин аңгемелешүүгө чакыруусу негиз берген.
Максим Кулешов Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу оюн бөлүштүрдү:
- Башкача айтканда, Мамлекеттик коопсуздук комитети сот катары чыгып жатат. Буга жол бербешибиз керек. Журналист кабар чогултууда өзүнүн милдетин, кандай мыйзам негизинде иштөө керектигин билет. Эгер ага кине болсо сот органдарына кайрылуу керек. Журналистти чакырып аңгемелешүү деген болбошу абзел. Советтик мезгилде да ушундай аңгемелешүүгө чакырышчу.
Кыргызстанда улуттук басма сөз, маалымат күнү шайыр-шаң менен белгиленди. Өкмөт, президенттик акимчилик, парламент, министрлик, ведомстуктар журналисттерди чакырып, каалоо-тилектерин билдиришти. Өлкөдө сөз эркиндиги коңшуларга салыштырмалуу дурус экени андай салтанаттарда байма-бай белгиленди.
Бирок да өткөн жылы белгисиз бирөөлөрдүн огунан мерт болгон таланттуу журналист Алишер Саиповдун көзүн тазалоого кимдердин катышы бардыгы эмдигиче аныктала элек. Айрым гезиттерди эсепке албаганда, электрондук маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгү бийлик таасирине көчүп, азыноолок эркин гезиттердин соттук чуусу эмдигиче басылбай келатат. Керт башынын коопсуздугун ойлогон айрым журналисттер чет жерден саясий башпаанек таап жүрүшөт.