Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Сөз эркиндигине туш тараптан тушоо


"Азаттык" даярдап келаткан "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн Улуттук сыналгы эфирге чыгарбай койгонуна эки айдан ашык убакыт болду.
"Азаттык" даярдап келаткан "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн Улуттук сыналгы эфирге чыгарбай койгонуна эки айдан ашык убакыт болду.

Байкоочулар Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп көрбөгөндөй кысымга учурап жаткандыгын айтышууда. Анткени, эл аралык “Азаттык” жана Би-Би-Си үналгыларынын берүүлөрү ободон чыкпай калды.

Таңкы саат жетиден тогузга чейин угармандарды жаңылыктар менен тааныштырып, саясий-экономикалык, маданий темалардагы аналитикалык материалдарды, маектешүү, тегерек үстөл талкууларын угармандарга угузуп туруучу “Азаттык” үналгысын Кыргызстандын бардык аймактарында жыштыктардан кармап угуу мүмкүн эмес болуп калды.

Тогуз аптадан ашуун убакыттан бери угармандар да “Азаттыктын” толкундары ободон жоголуп кеткенине түшүнүшпөй, редакцияга улам-улам телефон чалып, тынчсызданууларын билдиришүүдө. Нарын шаарынын тургуну Жакып Тентимишев үналгынын берүүлөрү угулбай калганына кабатырлыгын билдирди:

-Эртең мененки берүүлөрүн дайыма угуп келчүмүн. Аз убакыттан бери эч бир жыштыктан кармап угуу мүмкүн эмес болуп калды. Таңкы саат алтыдан баштап күтөм, такыр берилбейт. Эмне үчүн?

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан бери УТРКнын 1-радиоканалынан берүүлөрүн уктуруп келген Би-Би-Си радиосу да элге угулбай калды. Азырынча аталган үналгынын жамааты уктуруулар техникалык жактан болгон мүчүлүштүктөрдүн айынан гана обого чыкпай жатат, деген жүйөөнү айтышууда.

Улуттук телеканалдын жетекчиси Мелис Эшимканов 5-декабрда “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө уктуруулардын обого кетпей атышында саясий жүйө жоктугун, чарбалык талаптар аткарылган соң, Би-Би-Синин берүүлөрүн кайра 10-декабрдан тартып обого чыгара баштаарын тастыктады. Ал эми “Азаттыктын” берүүлөрү кайрадан обого жаңырар күн тууралуу азырынча айтылбай турат.

Мындай жол менен барса Кыргызстан Борбор Азиядагы эң тоталитардык өлкөгө айлануусу ыктымал. Басылмаларды чыгарбай, эми күчүн эл аралык маалымат каражаттарын бууганга жумшоонун арты жакшы болбойт.

Демократиянын жана сөз эркиндигинин жактоочулары эл аралык эркин үналгылардын обого чыкпай жатышына бийликтин таасири бар деп эсептешет.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Кыргызстан демократия жаатындагы көп жоболордон кетенчиктеп, бул багытта мойнуна алган бир топ жоопкерчилигинен четтеп кетти.

Азиза Абдурасулова 2005-жылы февраль-март айларында мурдагы бийлик тарабынан “Азаттык” үналгысы обого чыгарылбай бут тосуулар болгон учурда “Азаттыкка” – азаттык” деген аталыштагы акциянын демилгечилеринен болгон.

Кыргызстанда сөз эркиндиги жаңы бийликтин келиши менен эле буула баштагандыгын белгилегендер да бар. Мындай пикир ээлери учурда өлкөдө бир да эркин телеканал жана электрондук маалымат каражаттары калбагандыгын айтышып, бийликке ачуу каяша айткан гезиттер да жабылып, анда иштеген журналисттер куугунтукка алынып жаткандыгын белгилешет.

Ушул тапта Кыргызстанда 150гө чукул түрдүү маалымат каражаты ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Алардын дээрлик баары көз карандысыз болуп эсептелет деп эсептейт президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев:

-Сөз эркиндиги болгону үчүн мына ушунча сандагы гезит-журналдар байма-бай чыгып жатат. 2005-жылкы март ыңкылабына чейинкиге караганда азыр Кыргызстанда маалымат каражаттары бир топ көбөйдү. Эркин радиолордун саны арбып баратат.

“Ак шумкар” саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариевдин “Азаттыкка” айткан сөзү боюнча бийлик эркин телеканалдардын жана электрондук маалымат каражаттарынын бардыгын рейдерлик менен басып алды:

Азыркы бийликти бийликке алып келген “Азаттык” болчу.


-Азыркы бийликти бийликке алып келген “Азаттык” болчу. Биз жакында Нарын облусун кыдырган учурда белгилүү болду: элдин эң көйгөйлүү маселелеринин бири –мына ушул маалыматтын жетишпестиги болууда. Маалыматы жок адам эртең ар кимге курал болуп берет, мына ушуну бийлик түшүнбөй жатат.

Жаңы жылдан тарта жергиликтүү жыштыктарда чет элдик же эл аралык үналгылар уктурууларын бербөөгө тийиш, деген мыйзам октябрь айында Азербайжанда чыккан эле. Буга чейин Өзбекстан өз аймагында чет элдик маалымат каражаттарынын иштөөсүнө тыюу салып, “Азаттык” үналгысынын өзбек кызматкерлерин “эл душманы” катары каралоо чарасы бийлик тарабынан азыркы убакка чейин жүргүзүлүп келүүдө.

Муну мисалга тарткан айрым байкоочулар сөз эркиндиги жалпы эле постсоветтик өлкөлөрдө буулуп жаткандыгын айтышып, бул аймакта кайрадан союздун тушундагыдай акыбал туулуп жаткандыгына тынчсызданышат.

“Азаттык” үналгысынын Улуттук телеканалдан чыгып жаткан телекөрсөтүүлөрү октябрь айынын башынан тарта, көп өтпөй радиоуктуруулары да обого чыкпай калган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG