Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:21

Өзбекстан газы Кыргызстанга кымбатка түшүүдө


Парламенттин экономика тармактарын өнүктүрүү комитети 9-февралда Кыргызстандын түштүк аймактарына Өзбекстандан келчү газ берүүнүн кескин азайтылып кетишин себеп-жөнүн талкуулады.

Комитет «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо, жаңы жылдан бери чогулуп калган 4,5 миллион доллар карызды кандай да болсо жабуу маселесин өкмөткө табыштоо чечимин кабыл алды.

Карыз отундун баасы кымбат

Карыздан башы чыкпаган тармактын жыл башынан бери Өзбекстанга төлөнчү карызы 4,5 миллионго жетип, ал акча жакын арада төлөнбөсө Кыргызстандын түштүгү эле эмес, түндүк аймактары да “көгүлтүр” отунсуз калыш коркунучуна туш келүүдө. Өзгөчө баш ооруну жараткан маселе жалаң дебитордук карызга гана байланышса бир жөн эле, кийинки жылдары кымбатбаа газды уурдоолор тыйылбай, “Кыргызгаз” жетекчилиги жетпеген акчанын ордун өкмөттөн алып жаап келатат. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Арзыбек Буркановдун пикиринде, тармактын кедеринин кетишине өкмөттүн “Кыргызгаздагы” өзү ээлик кылган акцияларын орусиялык “Газпром” компаниясына сатууга камданып алышы негиз берди окшойт.

- Газпром акционердик коому кирет деди дагы уурдоолор башталды. Эл деле айтып атат го. Биз ошол элдин арасында жашайбыз го. Мына бүгүн чара көрүп атасыздар. Бирок бул чарасы кеч болду эми.

Газ уурдоолорду тыйыш амалында “Кыргызгаз” акционердик коому 20 миң ашуун керектөөчүлөргө газ акысын алдын-ала төлөчү электрондук эсептегичтерди коюуда. Быйыл бул иш аягына чыкса мурдагы жылдардагыдай келген газдын теңине жакыны уурдалбай, тармак кирешелүү энергетикалык компанияга айланмак. Уурдоолор өзгөчө Ош менен Баткен облусунун газ чарбаларында дагыле күчтүү экени, ал жердеги жетекчилерди улам-улам алмаштыруудан абал өзгөрүлбөй келатканы комитет жыйынында көп айтылды. Энергетика министринин орунбасары Кубанычбек Жусупов “Кыргызгаз” акционердик коому Өзбекстанга 4,5 миллион доллар карыз экенин айтып, анын көбүн өкмөттөн алынчу акча эсебинен жабууну көздөп жатышканын маалымдады.

- 360 миллион сом дебитордук карыз. Эл, өнөр жай ишканалары жана бюджеттик мекемелер.

Жыл башталып-башталбай “Кыргызгаздын” карызы көбөйүп кетишин тармак жетекчиси Саламат Айтикеев биртоп жагдайларга байланыштуу түшүндүрдү. Өткөн жылга салыштырмалуу Өзбекстан газы 20 долларга арзандаганы менен сомдун долларга катышы көтөрүлүп, анын натыйжасында газ баасы былтыркыдан кымбатка түшүүдө.

- Баасы 2 эсе, 3 эсе кымбаттаганы үчүн газдын көлөмү биртоп азайды. Мисалы, 2008-жылы 750 миллион кубометр газ келсе 2009-жылы болгону 315 миллион кубометр келди.

Саламат Айтикеев ири өнөр жай ишканалары мазутка өтүп, Өзбекстандын кымбат газын көпчүлүк эл, айрым бюджеттик мекмелер гана колдонуп калганына токтолду. Майлысуудагы электр лампалар заводунун, Бишкек жылуулук тармактар ишканасынын, турак-жай коммуналдык бирикме сындуу ишканалардын газ үчүн карызы өтөле көбөйүп кеткенин белгиледи.

Жалпы тизмеге кошулуп калган Жалал-Абад

Парламенттин экономика тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы Абдырейим Кулбаев карыздардын көбү Бишкек менен Ош шаарында топтолгонун белгилеп, эмнеликтен 4,5 миллион сом карызы менен Жалал-Абад шаарына газ берүү азайтылып жатканына кызыкты.

- Силер өчүрүп жатасыңар Ош менен Жалал-Абадды, Баткенди.

Саламат Айтикеев Ошто газ куурундагы жоготуулар 47% чыгып, андан тармак 500 миң доллар зыян тартып жатканын, социалдык сектордун нааразылыгын арттырбаш үчүн гана берилген газдын теңине жакыны уурдалганына көз жуумп “көгүлтүр отун” берилерин ырастады.

Жыл сайын кыш чилдеде козголчу газ көйгөйү өкмөттүн баш оорусуна айланып келатат. Аны түгөлү менен орусиялык “Газпром” компаниясына сатып ийүү аракетинен да майнап чыкпай, кымбатбаа көгүлтүр отундун кыйласы уурдалып, анын баары тарифтердин көтөрүлүшүн гана шарттоодо. Энергетика министрлиги газ баасын дагы эки сомго кымбаттатууну, буга чейинки 13,5 сомдун ордуна отунпулду 15,5 сомго көтөрүүнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG