Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Өкмөттүн кризистен чыгуу программасын мүчөлөрдүн көбү билбейт


Экономикалык кризис президент шайлоого туш келди
Экономикалык кризис президент шайлоого туш келди

Экономикалык кризиске карабай өткөн жылдык көрсөткүчүн камсыз кылган жалгыз тармак уюлдук байланыш гана болду окшойт. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн тең жарымына жакынын жапчу өнөржай өндүрүшү былтыркы деңгээлине 20% жетпей калды. Ушундай эле жагдай курулушта да сезилүүдө. Кризиске капталган кыргыз экономикасынын үч айлык жыйынтыгы 13-майдагы өкмөттүк жыйында талкууланды.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов экономикалык кыйын кырдаалдан кантип чыгуунун жол-жобосу үч жылга эсептелген программада, анын да быйыл жыл башында кабыл алынган токтомдо так көрсөтүлгөнүн айтып, аны менен айрым тармак жетекчилери тааныш эместигине басым жасады.

- Тилекке каршы, алгачкы үч айдын жыйынтыгы боюнча биз министрликтер менен ведомстуктар аны кантип аткарып жатканы жөнүндө так маалымат ала албадык. Ошон үчүн мен жарым жылдык боюнча, мүмкүн аны күтпөй июнь айында эле жыйын чакырып, министрликтер менен ведомстуктар кабыл алынган токтомдорду кантип аткарып жатканы жөнүндө маалымат укканыбыз туура болот, деп ойлойм.

И.Чудинов өкмөттүк жыйындарда байма-бай кайталанган сандык көрсөткүчтөр көбүнесе болжолдуу экенин, болочокко багытталган иш-аракеттер бекем илимий негизге таянылбай эле жыйындан-жыйынга, кагаздан-кагазга көчүп жүргөнүн белгиледи. Өкмөт мүчөлөрү чогуу-чаран кабыл алган иш-чаралардын көбү ишке ашпай, аркыл себеп-шылтоолордун артында калышынын жөн-жайын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров момундай жагдайга байланыштырат.

- Анткени 19 жылдан бери биз прогноз, план дегенден качып калганбыз да. Баарын эле эшикте базар чечет, деп элечи. Ошондуктан былтыр биз өлкөнүн өнүгүшүнүн прогнозу жөнүндө атайын мыйзамды кабыл алдык. Ошонун негизинде биздин министрлик усулун иштеп чыкты.

Мурунку социалисттик пландоодон кадыресе айырмаланган өлкөнүн мындан аркы өнүгүшү боюнча жаңы болжол – прогноз түзүү милдети Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлгөн.

- Анан жөн эле айтып коюппуз, билбей калыппыз, байкабай калыппыз, эми буйруганын көрөбүз деп жатып, ушул прогноздор жакшы болбой жүргөн,- дейт Акылбек Жапаров.

Экономикалык кризистин капшабы буга чейин туруктуу деп келинген банк секторуна да таасирин тийгизип, коммерциялык банктардын үстөк пайызы көкөлөп, капиталдын сыртка ташылып чыгуусу көбөйүп жатканы жыйында белгиленди. Бирок да Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев андай бүтүмгө макул эместигин билдирип, банк секторундагы абалды башкача сыпаттады.

- Банк көзөмөлүн жүргүзүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, капитал өткөн жылы 2 миллиард ашуун сомго, 34,4% көбөйдү. Жыл башынан бери ал дагы арбыды. Анын үстүнө биз коммерциялык банктардын капиталын 2 эсе көбөйтүү жөнүндө талапты койгонбуз. Ушуну айта кетсеңиз, себеп дегенде биздин маалымат боюнча капитал сыртка ташылып чыккан жери жок.

Ага жооп кылып А.Жапаров Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен Улуттук банк маалыматтарынын эки ачакей чыгышынын жөн-жайын Улуттук статистика комитети жарыялаган көрсөткүчтөргө байланыштырды. Өкмөт жасап аракеттердин баары эле экономикалык өнүгүүгө шарт түзбөстүгүн Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков белгиледи. Анын айтуусунда, ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган президент жарлыгынын пайдалуу да, зыяндуу да жактары арбын болду.

- Счет-фактурасын көрсөткөн жалган фирмалардын кандай иш жасашкандарын эмдигиче тактай албай келатабыз. Аягы чыга албай жатабыз. Салык кодекси бар. Анда бардыгы так көрсөтүлгөн, ошондуктан салыкка улам-улам кайрыла берүүнүн кажаты жок,- деп билдирди А.Келдибеков.

Үч айдын жыйынтыгына алымсынбаган өкмөт жарым жылдыктын жыйынтыгын күтпөй эле буга чейин кабыл алынган кризиске каршы турууга багытталган токтом, программаларын министрлик менен ведомстуктар кандай аткарып жатканын текшерүүнү көздөөдө. Антип сүр көрсөтпөсө көпчүлүк токтом, тапшырмалар кагазда эле калып, өкмөт мүчөлөрү экономикага караганда шайлоо даярдыгы менен көбүрөөк алектенип калышы деле мүмкүн.

XS
SM
MD
LG