Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

6-июнь: Тарых барактары


Израилдик армия 1982-жылдын 6-июнь күнү Ливанга кирген.
Израилдик армия 1982-жылдын 6-июнь күнү Ливанга кирген.

Копал уездинин жетекчисинин жардамчысы, капитан Вирский 1905-жылдын бул күнү Пишпек уездинен келген кыргыздардын арызы боюнча уезд жетекчисине рапорт жолдогон. Анда кыргыздар менен казактардын Министрлер Комитетинин төрагасына жазган петициясы туурасында сөз жүрөт.

Кыргыздар менен казактар бул жылы биргелешип, айтылган тармактар боюнча алардын укуктары басмырланып жаткандыгына кабатырланып петиция кабыл алышкан. Уезд жетекчисинин жардамчысынын рапортунда алардын петициясы Шабдан Жантаев аркылуу падышалык бийликке жеткириле тургандыгы белгиленет.

Убагында Синьцзянга качкан ак гвардиячыл казак-орустар 1918-жылдын бул күнү Пржевальск жана Жаркен уездерине каптап киришкен. Буга чейин жергиликтүү бийлик тарабынан улуттук саясат, дин иштери жана тамак-аш маселесин чечүүдө каталык кетирилип, ал большевиктердин саясатына залакасын тийгизген жана контрреволюциячыл күчтөргө көмөк көрсөткөн. Клецко баштаган кызыл аскерлер отряды аларга каршы коюлуп, анда кызмат өтөгөн М. Сүйүнбаевге окшогон кыргыз жоокерлери душманга каршы күрөшүүдө каармандык көрсөтүшкөн.

Кыргыз улуттук агартуу комитетине караштуу Академиялык борбор 1928-жылдын бул күнү Ленинград чыгыш таануу институтунун кызматчысы Константин Юдахин менен ошол эле институттун студенти Кусеин Карасаевге кыргызча-орусча сөздүктү түзүү туурасында тапшырма берген. Башында аларга сөздүктү түзүү үчүн бир жыл мөөнөт берилген. Бирок жаш изилдөөчүлөрдүн изденүүсү он жылдарга уланып, акыры алардын эмгек үзүрүнүн акыбети фундаменталдык эмгек менен жыйынтыкталган.

Кыргыз АССРинин чөлкөм таануу боюнча мамлекеттик музейинин жетекчиси С. М. Абрамзон 1928-жылдын бул күнү маалымдоо каражаты аркылуу Фрунзе шаардык кеңешине акаарат айткан. Макалада окумуштуу борбордо орун алган «жападан жалгыз тарыхый эстелик эсептелген кокон хандыгынын чебин» коргой албагандыгын үчүн шаардык бийликти айыптаган.

Густав Васа 1523-жылдын 6-июнунда Швециянын королу аталып, ушул эле күнү ал Дания менен биримдикти бузган.

Наполеон I бир тууганы Иосиф Бонапарт 1808-жылдын 6-июнь күнү Испания тагына отурган.

Словениянын чыгышындагы Прекмурье Республикасы 1919-жылдын 6-июнь күнү жоюлган.

Элдик Комиссарлар кеңешинин 1922-жылдын 6-июнь күнкү декретине жараша адабият жана басылма иши боюнча Башкы башкармачылык (Главлит) уюшулган.

Аскердик хунта 1932-жылдын 6-июнь күнү Чили Социалистик республикасынын курулгандыгын жар салган.

Советтер Союзунун Министрлер Кеңеши 1956-жылдын 6-июнь күнү «Орто мектептердин жогорку класстагы окуучуларынан, атайын адистешкен орто жана жогорку окуу жайлардан окуу үчүн акы алууну токтотуу туурасында» токтом кабыл алган.

Москва шаарында 1957-жылдын 6-июнь күнү «Детский мир» дүкөнү ачылган. Кийин мындай аталыштагы адистешкен дүкөндөр Своеттер Союзунун бардык республикаларында ишке киргизилген.

КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Кеңеши 1966-жылдын 6-июнь күнү «Жаштарды маанилүү беш жылдыктардын курулушуна тартуу туурасында» токтом чыгарган.

Израилдик армия 1982-жылдын 6-июнь күнү «Галилей дүйнөсү» аталган операция алкагында Ливанга басып кирген.

Орусиянын президенти Борис Ельциндин 1992-жылдын 6-июнь күнкү жардыгына жараша отставкага кеткен Москва мэри Гавриил Поповдун ордуна Юрий Лужков дайындалган.
XS
SM
MD
LG