Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

7-июнь: Тарых барактары


Алексий II
Алексий II

Токмок уезд жетекчиси майор Загряжский 1869-жылдын бул күнү облустун аскер губернаторуна аймакта орун алган тартипсиздикке кабатырланган рапортун жолдогон. Майор Загряжскийдин рапортунда Верный уездинде жашаган казактар Пишпек уездинин кыргыздарынын малын уурдап, жерин басып алып кыянатчылык жасап жаткандыгы айтылат.

Мындан тышкары коңулаш казактар Кичи Кеминге келип жер талашкандыгы жана алардын айрымдарын орус аскерлер жазалагандан кийин барып тартипсиздик токтотулгандыгы, мындан ары алардын каракчылык аракетин токтотуу зарылчылыгы баса белгиленген.

Жети-Суу облусундагы Пишпек уездинин жакшылары 1896-жылдын бул күнү Москва шаарында Николай II менен анын жубайы Александранын такка отургандыгына байланыштуу өткөрүлгөн салтанатына катышып келишкен. Империянын булуң-бурчтарынан келген ардактуу коноктордун айрымдарына, алардын арасында Шабдан Баатырга көкүрөккө тагылчу күмүш медаль тапшырылган.

Пишпек жергиликтүү бийлиги 1906-жылдын 6-июнь күнү шаардын түштүгүндө орун алган ичээр суунун запасы түгөнүп бараткандыгына байланыштуу кабатырланган билдирүү тараткан. Пишпектеги суунун азайышы биринчи кезекте, укуктук башаламандыктан келип чыккан. Шаарга берилчү суу участкасы жергиликтүү кыргыздардын колунда болуп, алар жерди бакчылык жана багбанчылык үчүн пайдаланган. Мындан улам суу булактарын тазалоого тоскоолдук жасалып, шаар тургундары болсо суу тартыштыгын туя башташкан.

Чоң Чүй каналынын казылыш маалында 1941-жылдын 7-июнь күнү маанилүү археологиялык ачылыштар жасалган. Айрыкча V-X кылымдарга таандык Византия жана Кытайдын шам чырактары, коло күзгүлөр менен бирге Орто Азиядагы эң ири нумизматикалык казынанын табылышы Кыргызстан аймагы Чыгыш менен Батыш маданияттарын бириктирүүдө олуттуу роль ойногондугун айгинелеген.

Кыргызстандын борбор шаарында 1990-жылдын бул күнү миңдеген адам катышкан митинг жана жаштардын жүрүшү өткөн. Митингге чыккан жаштар ушул жылдын 5-7-июнунда Ошто чыккан улут аралык кагылышка нааразылык билдиришип, бейкүнөө өлгөн адамдардын өмүрү үчүн партиялык бийликти күнөөлөп, ага жол берген адамдардын жазаланышын талап кылышкан. Курчуган кырдаалды жолго салуу максатында Кыргызстандын ошол кездеги партиялык жетекчилиги борбор шаарда коменданттык саат киргизген.

Испания менен Португалия ортосундагы колониалдык басып алуу ээлигин аныктаган Тордесильяс келишими 1494-жылдын 7-июнь күнү түзүлгөн. Келишимге ылайык, Жер шаарынын Батыш бөлүгү испандыктарга тийип, анын чыгыш тарабына португалдыктар ээликке кирген.

Англия королу Генрих VIII менен Франция монархы Франциск I 1520-жылдын 7-июнь күнү Кале жергесинде 10 миң сарай кызматкерлери үчүн үч күндүк майрам уюштурушкан. Майрам «Алтын парча талаасы» аталып, ал Франциянын казынасын 10 жылга бош калтырган.

Людовик XIV 1654-жылдын 7-июнь күнү Франция мамлекетинин тагына отурган.

Императрица Анна Иоанновна үчүн салынган Санкт-Петербургдагы Кышкы сарайдын пайдубалы 1732-жылдын 7-июнь күнү түптөлгөн.

Бириккен Колониялар аталышы 1775-жылдын 7-июнь күнү Бириккен Штаттар болуп өзгөртүлгөн.

Француз илимпозу, Пьер Кюри 1903-жылдын 7-июнь күнү Берлин шаарында билдирүү жасап, полоний аталган жаңы химиялык элементтин ачылгандыгын жарыя кылган.

Орусиядагы эсерлер партиясы 1917-жылдын 7-июнь күнү оң жана сол болуп экиге бөлүнгөн.

Латеран келишимине жараша 1929-жылдын 7-июнь күнү Ватикан мамлекети уюшулган.

Абрам Матвеевич Роммдун «№ 5 Эскадрилья» («Согуш башталат») аттуу тасмасы 1939-жылдын 7-июнь күнү экранга чыгарылган. Тасмада Советтер Союзу менен фашисттик Германия ортосунда күтүлгөн согуш тартылган. Фильм эки өлкө ортосунда мамиле турукташканга чейин бир канча күн көрсөтүлүп, андан кийин экрандан алынып салынган.

Саясий жана илимий билимди таратуу максатында 1947-жылдын 7-июнь күнү Бүткүл союздук коом уюшулган. Кийин ал «Знание» коому аталып, советтик саясат үлгүсүн жер-жерлерге жеткирип турган.

Чехословакия президенти Едвард Бенеш 1948-жылдын 7-июнь күнү кызматтан четтетилип, өлкөдө коммунисттик бийлик орногон.

Сауд Аравиясы 1960-жылдын 7-июнь күнү аялдарга билим алууга уруксат берген.

Израилдик аскер аба күчтөрү 1981-жылдын 7-июнь күнү Ирак мамлекетинин Осирактагы өзөктүк реакторуна абадан сокку уруп талкалашкан.

Алексий II 1990-жылдын 7-июнь күнү Москва жана Бүткүл Рустун Патриархы болуп шайланган.
XS
SM
MD
LG