Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

“Форум” гезитин сот жапты, Стан ТВнын жабдыктары камоого алынды


Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен “Форум” басылмасы жабылды. Гезитти райондук прокуратура Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырган макала жарыялады деген доо менен сотко берген эле.

Ошондой эле бүгүн кечке жуук Каржы полициясы көз карандысыз СтанТВ телекомпаниясынын жабдыктарын иштетүүгө тыюу салды. Сөз эркиндигинин жактоочулары муну эркин маалымат каражаттарына көрсөтүлүп жаткан кысымдын күчөшү катары кабылдашууда.

“Форум” гезитинин сотко берилишине басылманын 30-марттагы санына “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” деген аталыштагы макала негиз болгон. Бул макала мамлекеттик түзүлүштү конституциялык эмес жол менен алмаштырууга чакырат деп негиздеген Октябрь райондук сотунун прокурору Гүлнара Суталинова “Форум” басылмасын биротоло жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот гезиттин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чечимин 31-мартта чыгарды.

Кыргызстандагы медиа өкүл Акмат Алагушовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча медиа өкүлчүлүк басылмалардын укугун коргоо иштерин жүргүзө баштайт:

- Сот чечимин гезиттин редакциясы бүгүн алышыптыр. Мындан ары биз “Форум” жана башка басылмалардын укугун сотто коргоого даярдык көрө баштайбыз.

Өткөн жумада Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон. Башкы көзөмөл органы аталган гезиттерге басылган Р. Жээнбековдун Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуусун президенттин беделине шек келтирген деп тапкан эле.

1-апрель күнү Бишкекте Каржы полициясы Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен Борбор Азиядагы эркин телекомпания "СтанТВ" телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотту. Аталган телекомпанияга “компьютердеги программаларды лицензиясыз колдонгон” жана “салык төлөбөгөн” деген айыптар тагылууда.

Бул тууралуу Каржы полициясынын кызматкери Алмазбек Муйжуров “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- Эч кандай саясий өңүтү жок. Бизге "СтанТВ" телекомпаниясы салык төлөбөгөнү, компьютерлеринде лицензиясыз программаларды иштетип жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Атайын эксперттин катышуусу менен текшерүү жүргүзгөн учурда булар уруксат берилбеген программа менен иштеп жатканы аныкталды. Компаниянын жетекчилиги жабдыктар тууралуу эч кандай документ көрсөтө алган жок, ошондуктан тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөнгө чейин компьютерлерди иштетүүгө укугу жок.

Ал эми "СтанТВ" телекомпаниясынын жетекчиси Илья Сивохин керектүү жабдыктардын жоктугунан улам телепрограммалар эфирге чыкпай каларын эскертти:

- Мен расмий түрдө билдирем: "СтанТВ" телекомпаниясы телематериалдарын эфирге чыгара албай калды, муну менен башка телекомпаниялар менен түзгөн келишимге ылайык ишин аткара албайт. Бирок биз колдон келишинче программаларды үзгүлтүккө учуратпай, үйдөн болсо да иштөөгө аракет кылабыз.

Илья Сивохин телекомпаниянын ишин токтотуу себебине түшүнбөгөнүн айтты.

"СтанТВ" телекомпаниясынын айланасындагы окуя, “Форум” басылмасынын сот аркылуу жабылышы коомчулук тарабынан бийликтин сөз эркиндигин кысуу аракети катары бааланууда. Президенттин катчылыгынын жооптуу кызматкери Илим Карыпбеков маалымат каражаттарынын айланасында болуп жаткан маселелердин баарына бийликти күнөөлөө туура эмес деген пикирин “Азаттыкка” билдирген эле:

- Кайсы бир маалымат каражатына бир нерсе болсо эле ага бийликти күнөөлөй берүү туура болбойт деп айтар элем. Ошондуктан ага алдын ала божомолдоо менен бийликтин күнөөсү бар деп айткандарга да эч кандай далили жок туруп, мындай сөздөрдү айтуудан карманышса деген өтүнүчүм бар.

Ал эми “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бийлик чындыкты жашырууга түрдүү жолдорду издеп жатат деп эсептейт:

- Элдин бүгүнкү бийликке болгон нааразычылыгы күчөп, чегинен ашып баратат. Бийлик өз каршылык чарасын көрүп, элди чындыктан чектегенге, алардын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн жоготууга аракет кылып жатат. Бул биринчи кезекте массалык маалымат каражаттарына жасаган чабуулунан көрүнүп турат.

Өткөн жылдары бир катар басылмаларга сот аркылуу чоң өлчөмдөгү жазана салынып, аны төлөй албай жабылууга дуушар болушкан. Быйыл март айынын ичинде эле бир нече басылманын ишмердүүлүгүнө сот аркылуу тыюу салынды. “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн жана теледолбоорлорун жеке менчик телерадиолор аркылуу кыргызстандыктарга жеткирүүгө да бут тосуулар болуп келе жатат.

Каржы полициясы "Стан" компаниясын текшерүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG