Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

А.Бекназаров: “Президент менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт”


БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров саясий куугунтукту токтотуу талабын президентке билдирип, аны талап кылууну кажети жок, элдин бийликти кетирүү талабын аткаруу керек деген ойдо. Ал мындай пикирин “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди.


- Азимбек мырза, шейшемби күнү кечинде “Репортер-Бишкек” гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин бычакталышы Кыргызстан гана эмес эл аралык медиа коомчулукта тынчсызданууну пайда кылды. Бир катар саясий партиялар жана уюмдар муну көз карандысыз журналисттер менен маалымат каражаттарын коркутуу деп баалашты. Сиз ага негиз бар деген ойдосузбу жана экс-башкы прокурор катары бул иштин бети ачылат деген ишеним барбы?

- Бул иштин бети ачылат деген ишеним бар. Бийлик мунун бетин жасалма болсо да ачат. Коомчулуктун кыжырдануусун азайтыш үчүн туура эмес болсо да кылмышты бирөөнүн мойнуна илип, бийликтен кинени алыстатууга сөзсүз аракет кылат. Бирок бул негизинен саясий куугунтук. Анткени акыркы кезде саясий куугунтук өзүнчө эле бир массалык репрессияга айланып баратат. Мындай куугунтук айрыкча журналисттерге, оппозициялык маанайдагы партияларга, алардын лидерлерине, балдарына, урук-тууган, дос, айылдаштарына чейин жасалып, массалык түрдөгү репрессияга айланып баратат.

Сыргак Абдылдаевге карата жасалган мурда күнү жасалган мыкаачылык иш бийлик тарабынан атайын жүргүзүлгөн саясий буйрук деп эсептейбиз. Ошондуктан саясий куугунтуктар боюнча БЭКтин президентке талап коюу чечимин бүгүн жокко чыгаруу маселесин күн тартибине коюп жатам. Мисалы мен БЭКтин Саясий бюросунун башка мүчөлөрүнө президентке бул талапты койбой эле коелу, себеби ишеним жок деген оюмду айттым.

- Демек бул маселе бийликке айтылбайт турбайбы...

- Саясий куугунтук маселесин президентке айтуунун кажети такыр эле жок. Анткени ал сүйлөшөбүз, токтотобуз деген менен кылган иши таптакыр башка болуп атпайбы. Ошон үчүн ага айтуунун кажети барбы деген маселе олуттуу болуп турат.

- Ал эми журналисттерге карата жасалып жаткан ушундай кол салуулар кимдин колунан келди жана эмне үчүн деген ойдосуз?

- Журналисттер бүгүн бийликтин кетирип жаткан кемчилигин, элге каршы жасап жаткан саясатынын бетин ачып, коомчулукка жеткирип жатышат. Бийлик саясатчыларга караганда журналисттерди коркунучтуу күч деп эсептеп жатат. Анткени бийликтин кемчилигин нак ачып жаткан журналисттер.

- Өткөн жылы бир топ журналисттер менен саясатчылар оозун жаап, чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болушту. Кырдаал ушинтип улана бере турган болсо жалпы коомчулуктун кыжырдануусун курчутушу мүмкүнбү? Сиз азыр түштүктө жүрөсүз, ушундай окуяларга жергиликтүү калктын көз карашы кандай экен?

- Жергиликтүү эл бул окуяны угуп, анан бир жылдан бери журналисттерге карата жасалып жаткан басымдардын баарын билишет да, бул бийлик болбой калды деп жатышат. Алар бийликти эмне үчүн карап отурасыңар, митинг болчу датаны айтпайсыңарбы, бир күнд белгилегиле, бул бийликти жок кылмайынча журналисттер болобу, ишкерлер болобу же жөнөкөй адам болобу эч кандай жакшылыкты күтүүгө болбойт деген талаптарды коюп жатышат.

-Демек мындай окуялар улана бере турган болсо коомчулуктун кыжырдануусун пайда кылып, чыдамсыздыкка алып барышы мүмкүнбү?

-Пайда кылмак турсун алардын чыдамы эбак кеткен. Эл бийлик менен эсептешүүнү эртерээк баштап, же ары же бери бололу деп жатышат. Алардын чыдамы түп-тамырынан бери эбак бүткөн.

- Бирок революциялык жол менен эмес, сүйлөшүу жолу менен ымалага келели деген саясатчылар деле арбын болуп жатат го...

-Эми сүйлөшүү жолу менен ымалага келели деген саясатчылар сүйлөшүүсүн жүргүзө беришсин. Бирок карапайым көпчүлүк эл бул бийлик алдап бүттү, айткан сөзү менен кылган иши таптакыр эки башка, ушуну көрүп туруп деле сүйлөшүүгө барабыз деген саясатчыларды түшүнбөйбүз деп, ушундай жолду тандап жаткан саясатчыларга кыжырданып жатышат.

- Анда эмесе, маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG