Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

4-ноябрь: Тарых барактары


Бул күнү "Ала Тоо» аянтында «Реформа үчүн» кыймыл конституциялык реформаны талап кылып митинг өткөргөн.
Бул күнү "Ала Тоо» аянтында «Реформа үчүн» кыймыл конституциялык реформаны талап кылып митинг өткөргөн.

«Манас» авиабазасында 2004-жылдын 4-ноябрында аскердик самолет кырсыкка учураган. Бу күнү ЕврАзЭС өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин үчүнчү жыйыны Бишкекте башталган.

Борбордук Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга арналган Бишкектеги эларалык конференциянын иштөө күн тартиби 2003-жылдын 4-ноябрында башталган.

Эларалык кызматташтык маселелерине арналган конференцияда региондогу суу-энергетика ресурстарын биргелешип пайдалануунун стратегиясын белгилөө багыты боюнча пикир алмашуулар жүргөн. Суу стратегиясына арналган атайын программа Борбордук Азиянын адистери тарабынан даяралып, андан соң ал эларалык эксперттердин иликтөөсүнөн өткөн.

Евразия Экономикалык Биримдигине кирген (ЕврАзЭС) өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин үчүнчү жыйыны 2003-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында ишин баштаган. Кыргызстан, Белоруссия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн юстиция министрлерин бул күнү премьер-министр Николай Танаев кабыл алган. Жолугушууда уюмга кирген мамлекеттердин мыйзамдарын интеграциялоо багытында кыргыз өкмөтү болгон аракетти жасап жаткандыгы билдирилген. Кыргыз өкмөт башчысы кийинки 2 жыл аралыгында 4500 мыйзам актылары интеграциялоо максатында кайра каралып, 300дөн ашуун мыйзам оңдоп-түзөтүш үчүн парламентке жөнөтүлгөн. Юстиция министрлер кеңешинин үчүнчү жыйында ЕврАзЭСтин укуктук системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү, уюмдун укуктук актыларын ишке ашырууну ыкчамдатуу маселелери талкууга алынган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Кытай Элдик Республикасына жасаган иш сапары 2003-жылдын 4-ноябрында соңуна чыккан. Тышкы иштер министри Боао шаарында өткөн эларалык конференцияга катышып, Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүү жүргүзгөн.

«Манас» аба майданында орун алган америкалык «Ганси» авиабазасында 2004-жылдын 4-ноябрында аскердик самолет кырсыкка учураган. «Манас» аба майданына конгон F-16-үлгүсүндөгү голландиялык аскердик самолдеттун алдыңкы дөңгөлөгү чыгып, самолет жеңил кырсыкка учураган. Самолеттун учкучу жеңил жаракат алып, ал Бишкектеги ооруканага жеткирилген.

Кыргыз өкмөтү менен четөлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин катчылыгы 2004-жылдын 4-ноябрында «Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнүн келечеги» аттуу конференция өткөргөн. Конференция Бишкек шаарында уюшулуп, анда Кыргызстандын экономикасынын келечегине жана проблемалары тегерегинде президент Аскар Акаев менен Дүйнөлүк банктын башкы экономисти Прадип Митра кеңири баяндама жасашкан

«Жаңы багыт» аталган коомдук-саясий кыймыл 2004-жылдын 4-ноябрында ушулган. Кыймылга Муратбек Иманалиев, Болот Байкожоев, Ташболот Балтабаев, Искак Масалиев, Султан Медеров, Муратбек Мукашев, Ишенбай Абдыразаков, Салижан Жигитов өңдүү коомдук жана саясий ишмерлер баш кошуп, алар «Демократиялык кубаттуу Кыргызстан» деген идеяны жактай тургандыгын билдиришкен. Коомдук-саясий кыймыл улуттук экономика менен маданиятты калыбына келтирип, коопсуз жашоону камсыздаш үчүн коррупцияны ооздуктап, мамлекеттик кесипкөй ишмерлердин курамын даярдоо багытында ишитей тургандыгы кабарланган.

«Ала Тоо» аянтында «Реформа үчүн» кыймыл уюштурган митинг 2006-жылдын 4-ноябрь күнү да улантылган. Митингге миңдеген адам катышып, кыймылдын жетекчилери азыркы бийлик жасап жаткан ички саясаткы каршы экендигин билдиришкен.

«Реформа үчүн» кыймылдын жетекчилеринин бири - Алмаз Атамбаев «2005-жылы Жалалабат менен Оштогу областтык мамлекеттик администрация имараттарын басып алууну уюштурган азыркы бийлик кылмыш жообуна тартылыш керек», - деп билдирген.

XS
SM
MD
LG