Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Орусия Кыргызстандагы аскерин эмнеге көбөйтүүдө?


1-августта Чолпон-Атада кыргыз жана орус президенттери К. Бакиев менен Д. Медведев Кыргызстанга кошумча орус аскер контингентин киргизүү жөнүндө ниеттенген меморандумга кол коюшту.

Орусия жана Кыргызстан президенттери кол койгон меморандум боюнча Кыргызстанга кошумча аскер контингентин киргизүү жөнүндө келишим ноябрь айына чейин иштелип чыгып, кол коюлушу керек. Орусиянын жаңы аскердик контигенти Кыргызстандын түштүгүнө жайгашары айтылууда.

Жаңы аскердик бөлүктүн түздөн- түз Кремлге баш ийери же ЖККУ уюмуна баш ийери белгисиз. Эгерде ал ЖККУга баш ийсе анда ал жаатка кирген ар бир мамлекеттин ал аскер бөлүгүн ачууга уруксаты болууга тийиш.

Орусиялык аскерий контингенттин Кыргызстандын дагы бир өңүрүндө уюштурулушуна ЖККУга киришкен Өзбекстан менен Беларус каршы чыгары алдын ала айтылууда.

«Өзбекстан чек арасына чукул жерге орусиялык жаңы аскерий базанын курулушу ылайыксыз экендигин далилдеген мисалдары менен Каримов өзүнүн каршы кебин айтары турулуу», - дейт таанымал серепчи Аркадий Дубнов.

Дагы бир атын атагысы келбеген анализчинин пикири боюнча «Кыргызстанда аскерий база куруу ЖККУ үчүн да, Орусия үчүн да кажети жок. Канттагы эле аскерий базасын жакшылап өнүктүрүү Москва үчүн жетишерлик болмок. Бул кадам орусиялык аскерий төбөлдөрдүн түрткүлөөсүнөн улам Кошмо Штаттарына атаандашып жасалып атат. Бирок эки мамлекеттин аскерий чөйрөдө атаандашуулары бул аймакты согуш тартибине баш ийип жашоого кирептер кылышы ыктымал».

Жонс Хопкинс университетинин эксперти Дональд Женсен баамдашынча:

«Кыргызстанда америкалыктардын калып атышына Орусия абдан нааразы эле. Ошол себептен Москва дагы бир жүрүш жасады. Жаңы аскерий база ачуу менен ал өзүнүн аймактагы үстөмдүгүн мурунку калыбына жеткирүүгө далбаса кылууда”.

Ал эми орусиялык таанымал сеперчи Александр Гольц баамдашынча, эгерде Москва аскерлерин аймактык баңгизат ташып өтүү жана экстремизм менен күрөшүү максатында ал жерде туруктуу жайгаштырат экен, анда ал чечим - жеткен акылга сыйгыс жорук болот. "Андай болгондо орусиялык армия Кыргызстандын жеринде анын ички кагылышууларына аралашууга муктаж болуп калат».

Быйыл Кыргызстан Орусиядан эки миллиард доллар жардам алып, ошондон кийин АКШга «Манас» аскер базасын пайдаланууга тыюу салуу чечимин кабыл алган. Кийин Кыргызстандын өкмөтү ал чечимди кайра бузуп, АКШ менен тил табышкан. База ижара акысы үч эсеге көбөйтүлгөн.

Ооганстанда операцияларды жүргүзүү үчүн америкалык аскерлерге «Манас» учактык майданын пайдалануу узартылган. Ал туурасында ырасмий Бишкек менен Вашингтон келишим түзүп кол коюшкан. Ошто орусиялык аскерий база ачуу кеби ошондон кийин пайда болгон жана ал демилгени Москва көтөргөн.

XS
SM
MD
LG