Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Ынтымак курултайы Эл өкүлдөр жыйынын алмаштырабы?


Ынтымак курултайы 23-24-мартта Бишкекте өткөн
Ынтымак курултайы 23-24-мартта Бишкекте өткөн

Ынтымак курултайынын Төркеңеши өткөн аптада Ынтымак курултайын Эл өкүлдөр жайынына теңөө, ыйгарым-укуктарын Конституцияда белгилөө сунушу менен чыкты. Оппозиция өкүлдөрү муну бийликтин элди алаксытуу амалы катары баалап жатышат.

Ынтымак курултайдын төр кеңеши курултайдын статусун тактоо, аныктоо максатында делегаттардан жана элден бир топ сунуштар түшүп жатканын айтып жатышат. Мурдараак төр кеңештин орун басары Түгөлбай Казаков курултайды Эл өкүлдөр жыйынына теңөө сунуштары айтылып жаткандыгын билдирген эле. Ал эми төркеңештин төрагасы Садыкбек Аблесовдун айтымында, айрымдар курултайга Жогорку Кеңештен да жогору статус берүүнү сурап жатышат.

- Сунуштар абдан көп, эми аларды карап, талдап анан жобосун жазып жатабыз. Ар кандай кыйын жерлер көп болуп жатат. Аны келишип, сүйлөшүп чечпесек болбойт. Аны чынын айтсам өзүм да айта албайм.

Айрым саясат талдоочулар Ынтымак курултайын Эл өкүлдөр жыйынына теңөөдөн мурда аны Конституцияга киргизүү зарылдыгын белгилеп жатышат. Алардын бири Орозбек Молдалиев делегаттарды чындап эле эл шайлап, борбордук шайлоо комиссиясы мунун баарын уюштурганда гана легитимдүү болот деген пикирде:

- Конституцияда жок нерсеге эле укук бере бергенде легитимдүү болбойт да. Аны Баш мыйзамга киргизип, аларга акча төлөп, акча кетириштин кажети барбы? Аны да ойлонуш керек.

Орозбек Молдалиев Ынтымак курултайын бийликтин Жогорку Кеңешти таратуу аракети катары баалайт. Ал эми Элдик кеңеш кыймылынын саясий кеңеш мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев бул иш-чаранын өзүн мыйзамсыз деп эсептейт:

- Бийлик СССРдин съезди сыяктуу нерсени чакырганга аракет кылды. Бирок Конституцияда бекимейинче көрсөтүлгөн кандай орган болсо да, мыйзамсыз болот. Мыйзамда жок нерсени мамлекеттик органга теңештирүүнүн өзү туура эмес нерсе.

Ал эми Президенттик катчылыктын эксперттик-аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Ынтымак курултайынын жоболорун иштеп чыккандардын бири Султан Жумагулов Ынтымак курултай – элдин эски, акылмандардын жыйынын кайра жаратуу аракети гана экенин айтат. Анын айтымында, Ынтымак курултайынын жобосунда саясий жана шайлоо маселелери каралган эмес жана кандайдыр бир органды түзүү же башка ниетте түзүлгөн жок.

- Курултайдын статусун, ыйгарым-укутарын күчөтөлү деген сөздөр төркеңештин өткөн жыйынында болду. Жогорку Кеңештин Жогорку палатасы, Эл өкүлдөрүнө айланып калса деген да сунуштар бар. Бирок бул сунуш биротоло өттү, ал Жогорку Кеңешти жоюга барабар дегенге такыр туура келбейт. Азыр талкуу гана жүрүп жатат. Курултай өзүнүн биринчи жыйынында жашай ала турганын көрсөттү. Бийликтер дагы бул курултай менен эсептешип, элдин кеңири катмары менен, бардык топторунун үнүн кенен берет экен деген пикирге келди. Ошол себептен мындан ары бийлик курултай менен тикелей, кеңири иштешкенге даяр,-деди Султан Жумагулов.

Султан Жумагуловдун айтымында, бир жылдын арасында төр кеңеш, делегаттар өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтүп, чын эле элдин үнүн бийликке жеткирип, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, ошондой эле мамлекеттик маанилүү, улуттук, тагдыр чече турган маселелерди кабыл алууга чын эле жардамдаш боло ала турган болсо Ынтымак курултайын Конституцияга киргизүү маселеси козголушу мүмкүн. Ынтымак курултайынын жобосуна ылайык курултай жылына бир, зарыл учурда андан да тез чакырылат. Ал эми оппозиция өкүлдөрү муну мыйзамсыз, элди алаксыткан гана иш-чара катары кабылдап келишет.

XS
SM
MD
LG