Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Т. Тургуналиев: Камагына карабайбыз, чыга беребиз


Айтылуу оппозициялык ишмер Топчубек Тургуналиев шайлоо жыйынтыгына каршы көчө акциясына чыкканы үчүн 15 күн камакта жатып чыкты.

- Cиз башында турган алтымыштан ашык адамдын жазага тартылышы сиздер тараптан кеткен мыйзам бузуунун тыянагыбы же оппозициянын мизин кайтаруу үчүн жазалган бийликтин катаал чарасыбы?

- Биздин жасаган аракеттерибизде мыйзам бузуу болгон эмес. Себеби Конституцияда жазылып турат, ар бир жарандын, ар бир адамдын укуктары, анын ичинде саясий жана жарандык укуктары жазылып турат. Ошондуктан саясий бир катар түрлөрүнө алдын ала уруксат алуу, же алдын ала маалымат берүүнүн да кажети жок, эгер пикет, саясий ачкачылык, жүрүш эгерде коомдук тартипке шек келтирбесе. Ал эми биз болсо 29-июлда чыкканда 300дөй адам болдук, ал адамдардын бири дагы коомдук тартипти бузган жери жок да. Тескерисинче, мамлекеттик укук коргоочулар келип, Ленин райондук милициянын орунбасары Алиев келип кыянаттык кылып, атайын чыр чыгарганга аракет жасады.

- Андай болгондо сиздер өзүңүздөрдүн күнөөлүү эмес экендигиңерди далилдөө аракетин жасадыңарбы, мисалы апелляциялык арыздардын каралган, каралбаганы коомчулукка белгисиз бойдон калып атат?

- Тилекке каршы камакта көп нерсени жасоого болбойт. Бирок ошондой аракеттер болду, бирок бийликтегилер бизде, Алиевде күнөө жок деп эле жооп берип коюшту.

- Мисалы, сиз өзүңүз сыяктуу эле калган оппозициянын тарапкерлерин шайлоочуларды бейкүнөө отурдук, бейкүнөө жаза алдык деп эсептеп жатасыздар. Аны далилдөөнүн мындан аркы аракеттери кандай болот?

- Биз баардыгыбыз чогулуп Алиевди сотко беребиз деп чечкенбиз. Жакында сотко беребиз го. Андан башка далилдөөнүн эң бир нерсеси мындан кийин да кыргыздын камагына, сотуна карабастан туруп чыгабыз. Себеби деген биз өзүбүздүн конституциялык укуктарыбызды коргоо үчүн сактап калуу үчүн күрөшөбүз да.

- Сиздин административдик жазага тартылып, 15 күн камакка алынышыңыз боюнча БЭКдагы тилектештериңиз, кыймылдын өзү кандайдыр бир жолугушуп талкуу өткөрдүбү, алар кандай баалап атышат?

- Алар башынан эле бул мыйзамсыз нерсе, бул жөнөкөй эле бир жүрүштүн катышуучуларын кармоо, камоо мыйзамсыз деп башында эле баа беришкен.

- Маселенин экинчи өңүтү, Топчубек мырза, сиз административдик жаза мөөнөтүн өтөгөн жайда болдуңуз. Ал жерде жалпы адамдар, саясатчы, саясатчы эмес, жөнөкөй адамдар баардыгы күнөөлүү деп эсептелгендер отуруп атышат. Ал жерде жагдай кандай экен?


- Ал жерде жагдай бул бийликтин мыйзамсыз күч аракеттерин күнүгө саат сайын, мүнөт сайын көрө турган жер. Мисалы, ал жерде бизге окшогон күнөөсүздөрдү алып келди, андан башка эгерде 100 кишини кармаса, 90 кыргыз балдар, паспортуң жок деп эле кармап алып келип аларды кыйнап атпайбы.

Ал эми Кыргызстанга Өзбекстандан, Кытайдан ж.б. мамлекеттерден эбак эле келип, мөөнөтү бүткөндөр ээн эркин эле жүрөт. Кээ бир маалыматтарга караганда Кыргызстанда 100 миңге жакын башка өлкөлөрдүн адамдары бар дешет, анын ичинде кытайлыктар дагы.

Аларды эмнегедир жазалабайт бизге окшоп. Ал эми бул мамлекет, бул бийлик өзүнүн жарандарын ошондой мыкаачылык менен жазалап атпайбы. Мына Кытайдан келген далай-далай адамдар 2-3 айга келип, жылдап калып калып, үйлөнүп-жайланып сайраңдап жүрүшөт. Аларды кармабайт, алар менен күрөшпөйт, Өзбекстандан 10 миң деген адамдар келип, атүгүл жер алып атат. Кыргыздарга жер жок, же аз. Ал эми өзбекстандыктарга жер берип, акчага сатылып жүргөн - бийликтегилер.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG