Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Нарын: Бакиевди колдогон кол тамгалар


Нарында мамлекеттик мекеме-уюмдарга таратылган Бакиев үчүн добуш берүүгө милдеттендирген шайлоочулар тизмеси
Нарында мамлекеттик мекеме-уюмдарга таратылган Бакиев үчүн добуш берүүгө милдеттендирген шайлоочулар тизмеси

16-июлдан тарта Нарында «Ак Жол» партиясынын үгүтчүлөрү тарабынан кол чогултуу баракчалары чыгарылып, анда үгүттөөчүнүн Нарын шаарында жашаган туугандык байланышы, жашаган жери, кайсы участокко салаары көрсөтүлгөн. Бирок бул партиянын жергиликтүү координатору береги кол тамга чогултууну жалган деп билдирүүдө.

«Ак Жол» партиясынын агитаторунун "23-июль Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүнө карата шайлоочулар ТИЗМЕСИ" деген барактарды толтуруу негизинен бюджетте иштеген, асырэсе мугалим жарандарга милдеттендирилген.

Нарын шаарынын тургуну Канайым Бердикожоева кол тамга баракчаны 17-июлда кезиктирген:

-Мына 17-июлда Кычан мектебинин беш мугалими барак көтөрүп алышып, "Ак Жол" партиясына, Бакиевге кол коюп койгула деп үймө-үй кыдырып жүрүшөт. Мен «Ак Жол» дегенди көргөндө эле кол койбойм дедим. Бул мыйзам бузуу деп саналат.


«Ак Жол» партиясынын Нарын шаары боюнча координатору Бакыт Усубалиев мындай нерсени жалган деп санап, шайлоодо бол берчү көрүнүш катары баа берди.

-Бизде агитаторлордо мугалими, да башка адамдар да бар. Алар биздин партиянын мүчөлөрү. Эми шайлоодо ар кандай нерселер боло берет да. Бул жалган. Фактысы бар бекен.


"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Динара Ырыскулова муну жасап жаткан Бакиев деп билдирип, ар бир адам укугун билиши зарылдыгын белгилейт:

-Мамлекеттик кызматтагыларды кыйнаган бул Бакиевдин кылганы.Адамдар бийликтен коркуп, өздөрүнүн ой-туюмдарын айта алышпай жатышпайбы. Алар өздөрүнүн укуктарын билбей, укуктарын коргой албай жаткандыктан ушундай болуп жатпайбы.

Нарын шаарынын тургуну Асыл Жаманова көчүп кеткен адамдарга чакыруу келип жаткандыгына тынчсызданат:

-Мисалы менин үйүмө 7 чакыруу баракча барды. Анан мен участкага барсам көчүп кеткен балдарымдын тизмеси жазылып турат.

Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева тизме тактоо кыйынчылыкка түшүп жаткандыгын айтат.

-Бизде элде көчүү абдан көп. Мисалы эсеби Нарында, бирок бир нече жыл мурда Бишкекке, Казакстанга, Орусияга кетип калгандар бар. Бирок алар каттоосу боюнча негизги тизмеге кирет да.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын Нарын өкүлчүлүгүнүн деректири Эркин Асаналиев алдыдагы шайлоонун таза өтүшүнө ишеним артпайт:

-Мурунку шайлоодо Нарын шаардык шайлоо комиссиясы көптөгөн мыйзам бузууларды кетирген. Биз сотко берип, Жогорку Кеңешке чейин барганбыз. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Ошол нерсе мында да кайталанат болуш керек. Себеби азыр ошол эле бийлик, ошол эле адамдар.

XS
SM
MD
LG