Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Алатоолуктар орус жарандыгына жапырт өтүп жатат


Кыргызстандык мигранттар Россияда жыл сайын көбөйүп жатат
Кыргызстандык мигранттар Россияда жыл сайын көбөйүп жатат

Соңку он жыл ичинде 200 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын Орусиянын Федералдык миграция кызматы маалымдады. Ошол эле учурда Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын эсебинде орус жарандыгын алган алатоолуктардын саны жарым миллиондон ашты.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жарандык маселеси боюнча башкармалыгынын жетекчиси Михаил Утяцкий Орусия учурда Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарына жеңилдетилген тартипте жарандыкты берүү боюнча үч тараптуу эл аралык макулдашууда тургандыгын Орусиянын “Новости” маалымат агенттигине маалымдаган. Анын айтымында, 1998-жылдан бери аталган үч өлкөдөн 784 миң адам Орусиянын жараны болуп калган. Мында Беларустан 3 миң, Казакстандан 545 миң жана Кыргызстандан 200 миң адам бар.

Ошол эле учурда Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын эсеби боюнча орус жарандыгына өткөн алатоолуктар жарым миллиондон ашты.

-Расмий маалыматтарда 200 миң кыргызстандык Орусия жарандыгын алган деп айтылса, биздин Орусиядагы кыргыз диспораларынын билдиргенине караганда 500 миңден ашуун кыргызстандыктар бул өлкөнүн жараны болуп саналат. Мисалы, Москвада эле 70-80 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алышкан. Казан шаарында эле үч жарым миң кыргыз жашаса, анын 90 пайызы Орусиянын жараны. Ал эми Новосибирск шаарында бардыгы 11 миң 700 кыргызстандык ушул өлкөнүн жараны болуп саналат. Алардын ичинен 8 миңи кыргыздар экен. Биздин диаспоралардын маалыматтары боюнча Орусияда 700 миңден ашуун кыргызстандыктар отурукташып жашап калса, анын 500 миңден ашууну кыргызстандык Орусия жарандыгын алышкан, -деп билдирди "Азаттыкка" аталган ассоциациянын координатору Айсулуу Алымбек кызы.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын билдирген маалыматы боюнча, ар жылы чет өлкөлүк 360 миңге жакын адам Орусиянын жарандыгын алышат. Бул тууралуу өзбекстандык Vesti.uz порталы «Интерфакс» маалымат агентигине шилтеме жасап билдирген. Акыркы беш жыл аралыгында Орусия жарандыгын 2 миллион адам алган.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусиянын жарандыгына өткөндөрдүн алдыңкы сабында Казакстандын жарандары турат, экинчи – Украина, үчүнчү - Өзбекстан, төртүнчү – Армения, бешинчи – Кыргызстан. Алтынчы жана жетинчи орунда Армения жана Грузиянын жарандары. "Ал түгүл Орусия жарандыгын алышкандардын 60 пайызы өздөрүн орус деп жарыялашууда”, - деп билдирген Орусиянын федералдык миграция кызматынын басма сөз катчысы Константин Полторанин.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов жумушка жөндөмдүү, илим- билимдүү жаштар Орусияга кетип жатышканын белгилеп, өлкөдөгү жалпы система оңолмоюнча мындай процесстер токтолбостугун “Азаттыкка” билдирди.

-Биздин өлкөнүн бир миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде жүрүшөт. Алардын ичинен басымдуу көпчүлүгү Орусияда жашап, иштеп жүрүп жатат. Менин пикирим боюнча жарым миллион кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алышкан. Эми эң ишке жөндөмдүү жаштар кетип жатат. Кыргыз мамлекетине иштеп бере турган, экономиканы көтөрүүгө салым кошууга жарамдуу жаштар кетип калды да. Жалпы системабыз, өлкө оңолмоюн мындай процесстер токтолбойт.

Кыргызстандын миграция боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Венера Жунусова канча кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганы боюнча так маалымат алардын колунда жоктугун белгилеп, учурда 300 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты катары Орусияда иштеп жатышканын билдирди.

Жакында эле өлкөдө жүргүзүлгөн эл жана турак-жай каттоонун алгачкы жыйынтыктарында убактылуу чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардын саны 200 миң деп көрсөтүлгөн.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын пикиринде президенттик шайлоонун алдында расмий бийлик четте жүргөн кыргызстандыктардын санын азайып көрсөтүүгө аракет кылууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG