Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

А.Атамбаев: "Эмнеге элден жашынабыз, бүт ачык болсун"


Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев
Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев

25-майда Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев маалымат жыйынын чакырып, өлкөдөгү абалды турукташтырууга 1 миллион эмес, 2 миллион доллар бөлүү жөнүндө 13-майда чечим кабыл алганын ырастады. Өкмөт иши жарандык коомдун бекем көзөмөлүндө болуп, кимдир бирөөлөрдүн өз көмөчүнө күл тартуусуна жол берилбестигин белгиледи.

Улам-улам козголонгон додо акчалардын доосу

Убакты-саатынын чектүүлүгүнө карабай дагы бир маалымат жыйынын чакырыштын себеп-жөнүн А.Атамбаев талаштуу ишке дагы тактык киргизүү зарылдыгына байланыштуу түшүндүрдү. Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев маалымдоо каражаттарына жарыя айткан жыйын 13-майда өткөнүн, анда өлкөдөгү абалды турукташтырууга 1 миллион эмес, 2 миллион доллар бөлүү чечими кабыл алынып, ага кол койгонун билдирди. А.Атамбаев чоң чатакка кабылган 1 миллион доллар боюнча чечим кабыл алынбаганын белгиледи.

- Барган сайын Кудая тобо деп баратасың да. Бу эмне кылып атабыз деп. Кечээ күнү Жаныш Бакиев каалаганына кылмыш иш ачса, бүгүн Азимбек каалаганына ачып атса. Акча турса да жолду оңдобой жатсак. Өй, биз эл билбей эле койсун деп атсак. Эл, эмне, маңкуртпу?

А.Атамбаев Интернет аркылуу жаңы эле жарыя кылынган А.Бекназаровдун Жалал-Абад облус губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов экөөнүн сүйлөшүүсүнүн чын-бышыгын тактап чыкканын маалымдап, минтип купуя сырлар бир четтен жайылып атканын көрүп-билип Башкы прокуратура эмнеликтен кылмыш иштерин козгобой жатышына түшүнбөстүгүн жашырган жок. Ал ошондой эле чатакка айланып бараткан маселени өкмөттүк жыйындарда көтөргөнүн ырастады.

- А.Атамбаев эл чындыкты билсин деп атат. А.Атамбаев ошол “кипишти” уюштургандардын түбүнө жетет жакында Кудай буюрса. Кудай колдосо. Биринчиден, президенттик шайлоо бир жарым жылдан кийин болот. Мен ойлоп турам референдумда Роза Исаковнаны шайлабасак ит эле болобуз. Баарыбыз чуркап беребиз. Жана Роза Исаковнаны шайлайбыз. Үчүнчүсүнөн парламенттик шайлоого, албетте, партия катышат. Мен катышпайм. Анткени жок дегенде жаңы өкмөт келгенче 5 ай болсо да иштеп берип, тажрыйбамды көрсөтүп, Кыргызстанды бат эле көтөрүп кетсе болорун көрсөтүп коеюн деп жатам. Мүмкүн парламенттеги көпчүлүктү башка партия алар. Башка бирөөнү шайлайт. Бирок менден кийин келген деле көрсүн да.

Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура кызматтарын тескөө милдетин өзүнө алган А.Бекназаров А.Атамбаевдин ушуну менен экинчи ирет козголоп жаткан 400 миң доллар пара жана жең ичинен бөлүнүп кетти делген 1 миллион доллар боюнча билдирүүлөрүнө 27-майга белгиленип жаткан маалымат жыйынында токтолорун айтуу менен чектелди.

- Бүрсүгүнү 10 күндүк отчетто баарын жалпылап берем ошондо. 27-майда.

Кайсы акча, кандай чечим, табышмак жандырмагы табыла элек

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев жаңы бийлик жетекчилеринин ортосундагы алдагыдай ачык сөздөрдүн болуп туруш зарылдыгын белгилеп, кабыл алынган чечимде1 миллион доллар көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

- Бу коопсуздук маселени чечүүгө биз өкмөттүн чечими менен 2 миллион деп азыр айтылып калыптыр. Буга чейин бул сан айтылган эмес. Биз акча каражат бөлдүк деп айтып атканбыз. Ал эми жанагы телефон сөз сүйлөшүүдө ар кандай сумма айтылышы мүмкүн.

Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаевдин улам-улам козгологон 400 миң менен 1 миллион доллар боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы азырынча кылмыш ишин ача элек. Анын себебин мыйзам сакталышына көзөмөл жүргүзчү кызмат А.Атамбаевден арыз түшө электигине байланыштуу түшүндүрүүдө.

“Келечек долбоору” коомдук корунун жетекчиси Ишенбай Абдыразаков өлкө тагдыры калтыс турган чакта көпчүлүк ишеним арткан Убактылуу өкмөттүн ичинен чыгып жаткан чатак саясий тирешти күчөткөндөн башкага жарабайт, деген пикирде.

- Көр пенделик өздөрүнүн кызыкчылыгын унутуп, биримдикте болуп, ушул легитимдештирүүгө баары биригип аракет кылса болор эле. Болбой жатат. Элди ойлогон киши жок болуп жатат.

А.Атамбаев жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн арасында өз көмөчүнө күл тарткандар, кайсы бир жакындарын жооптуу кызматка коюуну демитип талап кылгандар, атүгүл кыйчалыш кезде жалпы ишке кадимкидей жолтоо кылгандар бардыгын эскертип, ушу кезде министр милдетин аткарып аткандардын бирөө сурак берип жатканын кабарлады. Ал ошондой эле көпчүлүк эл башкаруучулардын кимдигин ачык билип, аларды такай көзөмөлдөп турушу керектигин, муну мыйзамдуу негизге өткөрүү керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG