Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Оппозиция биригүүгө бет алды


Оппозициялык бир катар партиялар өткөн айдын башында Биригүү меморандумуна кол коюшкан
Оппозициялык бир катар партиялар өткөн айдын башында Биригүү меморандумуна кол коюшкан

Өлкөдөгү оппозициялык кыймылдар биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Биригүү тууралуу документке оппозициянын учурда АКШда иш сапары менен жүргөн лидерлери келгенден кийин кол коюлуусу күтүлүүдө.

Буга чейин идея максаттары ар башка багытта жүргөн оппозициялык күчтөр биригүүнү чечишти. Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, буга чейин оппозицияык кыймылдар “Өкмөт кетсин, Жогорку Кеңеш кетсин, Бакиевге концепцияны сунуш кылып, реформа күтөбүз”деген ар тараптуу көз караштарын айтып келишкен.

Эми оппозиция бир ойго келип, Бакиевди кызматынан кетирүү максатына биригип, бул багытта ишке ашырылуучу бир катар документтер даярдалып жаткандыгын айтат Азимбек Бекназаров:

- Мисалы программа минимум деген бар. Бул Бакиевди кетиргенде кандай чаралар колдонулат. Экинчиси - программа максимум, Бакиев кеткенден кийин Кыргызстанда кандай бийлик орнотобуз. 100 пайыз баарын бириктирип алабыз дегенден алыспыз, канчалык деңгээлде бириксек ошону менен токтойт. Жаңы жылда Кыргызстанда эки топ - Бакиевчилер жана ага каршылар болуп эки гана саясий топ калышын максат кылып жатабыз.

Азыр жети партия, төрт бирикме биригип жатат жана ал “Бириккен элдик кыймыл” деп аталууда. Оппозициялык лидерлер азыркы бийлик системасын кантип реформалоонун жолун талкуулап жатышат.

Элдик революциялык кыймылдын башында турган дагы бир саясатчы Топчубек Тургуналиевдин көз карашында, Кыргызстанда бийликти эволюциялык жол менен эмес революциялык жол менен гана кулатууга болот. Азыр эң күчтүү оппозиция бул - эл. Анын айтуусунда, учурда элдин 95 пайызы бийликти жек көрөт.

Ал эми уюшкан саясий оппозиция болсо эл толкуган учурда алардын астында болуучу күч болуп саналат. Бийликти революциянын тынчтык жолу менен кетириш керек, дейт Топчубек Тургуналиев:

- Революция эки түрдө болот. Куралды колго алып, кан төгүү жолу бар. Биз бул жолун колдобойбуз. Биз тынчтык жолу менен барабыз. Элдин кажыбас кайраты, рухунан ашкан бул дүйнөдө курал жок. 2005-жылы тынчтык жолу менен эле бийликти кулатканбыз. Тынчтык эле жолу менен дагы оодарабыз.

Ал эми Жогорку Кеңештин "Ак жол" фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков оппозицияны алсыз жана ынтымагы жок деп эсептейт. Анткени алардын арасындагы башы бирикпеген ар түрдүү азаматтар эл кызыкчылыгын ойлобой эле, бийлик, папканын аркасынан түшкөндөр. Митинг, пикеттерден тажаган эл алардын сырын билип калды, дейт ал:

-Булардын жалпы максаты - бийлик. Анан бул жерде 50 оппозиция лидери болсо, баары президент болом дешет. Булар эч убакта бириге албайт, бийликке да жете албайт, президент да боло алышпайт.

Депутат Улукбек Ормонов эгер оппозиция чын эле элдин камын ойлоп, чогулуп бир бүтүмгө келсе бул жакшы нерсе деп ойлойт. Ошентсе да депутаттын алардын биригип кетүүсүнө көзү жетпейт:

- Мен алардын биригип кетишине ишене албайм. Оппозиция конструктивдүү позицияга өтүшү керек. Жалпы баарыбыз чогулуп, бүгүнкү дүйнөлүк кризис жакындап, элдин турмушу оорлоп баратканда, кантип аны оңдойбуз деген маселенин тегерегинде биригүүбүз керек.

Оппозициячыл күчтөр биригүү тууралуу даярдаган документтерге АКШда иш сапар менен жүргөн оппозициянын лидерлери келгенден кийин, 27-декабрда кол коюлушу мүмкүн. АКШга алар бириккен оппозиция жактырган Кыргызстандын келечектеги саясий системасынын концепциясынын бет ачарын өткөрүп, америкалык демократиялык коомчулукка тааныштыруу максатында жөнөп кетишкен.

Бул арада оппозиция лидерлерине карата кылмыш иштери козголуп жатканы белгилүү. Бүгүн (19-декабрда) “Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты бийликтин оппозицияга, маалымат каражаттарына карата куугунтук аракеттерин токтотуу талабы менен кол топтой баштаган. Бирок Ош базардын оозунда кол топтоп жатканда кармалган “Ата Мекен” партиясынын жаш мүчөлөрү Ленин райондук cотуна алынып келди.

Партиянын жаш лидери Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, аларга “милиция кызматкерлерине баш ийген жок, нааразылык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежесин бузду” деген айып тагылууда:

- Кол топтоо деген акция дагы, митинг да эмес. Коммунисттер партиясы АКШнын Бишкектеги авиабазасына каршы кол топтогондо аларга эч ким тийишкен эмес. Эмнегедир эле саясий маселеге келгенде кол топтомок түгүл бир ой айтсаң эле камай башташты.

Ал эми кечээ “Лица” гезитинин редактору Бермет Букашева “Азаттыкка” өзүнө карата куугунтукту сезип жатканын билдирген. Ага аталган гезитке өзбекстандык оппозиционер Мухаммад Салихтин өзбек президенти Ислам Каримовго ачык каты жарыялангандан кийин эл аралык байланыштагы коркуткан телефон чалуулар болгон. Бермет Букашева телефон чалып коркуткандарды өзбек бийлиги уюштурушу ыктымыл деген ойдо.

- Мен Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы журналист болуп эсептелем. Эгер кокус кандайдыр бир окуя болуп кетсе кыргыз бийлигин эмес, Өзбекстандын атайын кызматтарын айыптайм.

Журналист бул окуя тууралуу укук коргоочуларга билдирүү тараткан. Биринчилерден болуп, Акыйкатчы Турсунбек Акун үн катып, Бермет Букашеваны коргоп калуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG