“Манас” абамайданындагы аскерий база жөнүндөгү кыргыз-америкалык өкмөттөр ортолук келишимден чыгуу маселесинин 5-февралда парламентте талкууланбай калышынын себеп-жөнүн вице-спикер Кубанычбек Исабеков азырынча тиешелүү комитет корутундусу жоктугу менен түшүндүрдү. А бирок өкмөт бул күнү пленардык жыйынды эртерээк бүтүрүп, орусиялык 2 миллиард доллар кредит келишимдерин комитет кароосунан өткөрүп берүү өтүнүчүн жолдоду.
- Анан жанагы “Ганси” боюнча да биздин өкмөттүн чечими кечээ жөнөтүлдү. Муну эми профилдик комитеттер караса. Өзүңөр билесиңер, коомчулукта бул жөнүндө абдан көп сөздөр. Анан кийин жанагы үч фракция караса. Мындай шашылбай талкуулап, ушу февраль айынын күн тартибине киргизип, муну жана сунуштар болбодубу эртең эле карайлы деп, эртеңкиге, мен дагы баса айткым келет, Россия Федерациясы менен Кыргызстандын үч ратификациясы абдан орчундуу маселе болуп турат, - деп айтты өкмөттүн парламенттеги өкүлү Мурза Кулматов.
Парламенттин пленардык жыйынында “Манас” абамайданындагы террорчулукка каршы эларалык күчтөрдү чыгаруу маселесин “Акжол” фракциясынын өкүлү З.Жамалдинов козгоп, антиштин жөн-жайын мындайча түшүндүрдү.
- Көптөгөн телефон чалуулар болуп жатат. Шайлоочулар да ушул базанын жабылышын абдан колдоп жатат. Ушуну билдирип коеюн дедим эле.
Анын кесиптеши Т. Орозалиев базанын чыгарылышы орусиялык 2 миллиард доллар кредитке эч кандай байланышы жоктугун белгилеп, Кыргызстанга мынчалык өлчөмдө ири акча буга чейин келбегенин маалымдады.
- Азыр 2 миллиард доллар. Жана 150 миллион доллар боюнча да келишим келди. Бул жагын да ойлошубуз керек.
Кыргызстан өкмөтүнүн «Манас» абамайданындагы террорчулукка каршы күчтөрдү чыгаруу чечими азыркы бийликтин терең ойлонулбай жасаган кадамы экенин белгилүү коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов белгиледи.
- Баары киришип аткан маселеден кошулбайбыз, деп чыгып кете берсек болот. Бирок ал үчүн эч ким бизди сыйлап же бизге деген урматы өспөйт. Тескерисинче бизди карап турган дүйнө башкача ойго кетет. Террорчулукка каршы турабыз, деген биздин мандатыбыз, мыйзамдарыбыз дайыма болчу нерсе. Андан четке чыга албайбыз. Наркотиктен азап тарткан элдердин катарында биз да барбыз. Террорчулук бизде да болгон. Ошондуктан бул маселени ойлонуп туруп чечиш керек эле. Ал эми бизде ойлоно турган кишилер аз калды окшойт. Тигилер бир нерсе десе тиякка, булар бирдеме десе бул жакка ооп кетебиз. Анын баарын эл, дүйнө карап турат. Чынында кыйын эле ахывалда калдык.
Орусиялык 2 миллиард доллар кредитти ээрчий келген өкмөттүн “Манас” абамайданындагы террорчулукка каршы күчтөрдү чыгарып жиберүү чечими саясий талдоочулар арасында аркыл пикирлерди жаратууда. Айрым талдоочулар ушу тапта кыргыз бийлиги жасап жаткан тышкы саясий кадамдары кандай натыйжага алып барарын болжош кыйын экенин белгилешсе, башкалары стратегиялык өнөктөш бирөө гана болгону дурус, деген пикирлерин алдыга жаюуда.