Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Энергетикалык кризисти этектеген өкмөт отчету


Парламенттеги «Ак Жол» жана социал-демократиялык фракция мүчөлөрү 22-апрелде өкмөттүн өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгын укту. Министрлер кабинетинин отчету күзгө чейин электр энергиясын өчүрүүлөр токтотулгандан кийин парламент сынына коюлду.

Өткөн жылы Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмү 7,6% чыгып, өлкөнүн өнөр жайы өзгөчө үмүт артып олтурган “Кумтөр” алтын кенинин өндүрүштүк көрсөткүчтөрү дурус дегидей болду. Ошол себептүү дүйнөнүн лөк мамлекеттеринин эсин эки кылып жаткан экономикалык кризистин каары Кыргызстанга катуу тийбешин айрым өкмөт мүчөлөрү озунуп айта башташкан. Быйыл болсо жарык маанай аз, министрлер кабинети ички дүң продукт көлөмү былтыркыга салыштырмалуу ашып барса 1% көтөрүлсө дурус болорун ырастап олтурушат.

Социал-демократиялык фракция жетекчиси Бакыт Бешимов өкмөттүн отчету тууралуу жылуу-жумшак сөздөр буга чейин дурус айтылганын белгилеп, И.Чудиновдун министрлер кабинети эске албай келаткан маселени козгоду. Социал-демократтардын ырасташынча, министрлик менен ведомстуктардын веб-сайттарынан жаңы маалымат алуу мүмкүн эмес. Электрондук өкмөт тууралу кез-кез кеп кылып келаткан аткаруу бийлиги үчүн алдагыдай абал инвестициялык климатты жакшыртууга жакшы салым кошо албастыгы айтылды.

- Мактоо-колдоону башка жерден угасыздар. Танаписке чейин ошол жерде болуп келдиңер. Бул жерде калыс, ачык сынды угасыздар. Аны кабыл алыш-албаш сиздердин ишиңиздер,- деп эскертти социал-демократиялык фракция жетекчиси Б.Бешимов.

Фракция мүчөсү Ирина Карамушкина өкмөттүн бир жылдык ишинин жыйынтыгы чыга электен мурда эларалык уюмдар Кыргызстандын саясий-экономикалык абалы кандайлыгын жасап-түзөбөй эле таамай билдирип коюшканын маалымдады.

- Дүйнөлүк экономикалык форумда Кыргызстан артына кетип бараткан өлкө катары сыпатталды. Коррупциянын чайлап-коолап кетиши, жөнжай адамдардын турмуш деңгээлинин өтөле төмөндүгү боюнча. Инновация жагынан Кыргызстан тежемел калган он өлкөнүн бири катары эсептелет. Анткен менен техникалык гранттар такай, дурус дегидей өлчөмдө бөлүнүп келатат.

Депутаттын айрым сын пикирлери менен макул экендигин ырастаган өкмөт башчы И.Чудинов кабинет мүчөлөрүнүн ишине такай баа берип келатканын айтуу менен чектелди.

- Ар бир министр бир жылдык иши боюнча тигил же бул маселе боюнча отчетун берген. Көптөрү, айтып коюшум керек, жеме угушту. Проблема алардын кайсы бир тапшырманы аткарбай койгонунда эмес, көбүнчө тигил же бул ведомстукта реформанын жүрүшү кыйын. Андай болот. Жагдайга жараша тартипке чакыруу чаралары колдонулуп келатат.

Өкмөттүн өткөн жыл боюнча кенен-кесир жазылган отчету мурунку советтик доордогу коммунисттик жайдары документтерди эске саларын депутат Роза Отунбаева эскертти.

- Кандай милдеттер коюлду? Өкмөт тарабынан эмнелер жасалды? Эмнелер ишке ашпай калды, анын себеби эмнеге байланыштуу болду? Муну биз отчеттон көргөн жокпуз. Албетте, мындайда берилчү жооп деле даяр. Көлөмдүү отчеттон көп нерселерди көргүбүз келет. Албетте, жаңы кишилер, жаңыча иштер, аракеттер болушу керек эле. Андайлар жок.

И.Чудиновдун өкмөтү тушунда Кыргызстан башынан кечирген энергетикалык кризистин качан аягына чыгары белгисиз. Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Илияс Давыдов эки күндөн бери электр энергиясын өчүрүү токтолгонун маалымдаганы менен парламент мүчөлөрүнүн биртобу дагыле жер-жерлерде жарыксыз отургандар көп экенин толгон-токой мисалдар менен ырастап беришти. Өкмөттүн эки жылдан бери аягына чыгаралбай келаткан “Кумтөр” алтын кени боюнча канадалыктар менен кезектеги келишими даярдалып, ал жакын арада парламент кароосуна коюлары маалымдалды.

Социал-демократтардан айырмаланып, парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Ак Жол” фракциясынын өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрүнө көбүнесе социалдык көйгөйлөрдү козгошту. Тамтыгы чыккан жолдордун, каралбай калган клубдардын, эскилиги жеткен мектептердин, тазаланбай калган арык-каналдардын кайгайын айтып, аларды иретке келтирүүгө канча каражат, канча убакыт кетерине кызыгышты.

XS
SM
MD
LG