Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Бишкек күчөтүлгөн режимге өттү


Бишкекте 17-мартта Элдик курултайга катышчу делегаттарга жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салынды. ИИМ жетекчилери жөө жүрүшкө чыккандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Алдыдагы Нооруз, Ыңкылап күнү жана Ынтымак курултайы болгон күндөрү шаарда милиция күчтөрү күчөтүлгөн режимде иштемекчи.

Эртең Бириккен оппозиция Элдик курултайдын катышуучуларын Алматы көчөсүнөн борбордук “Спартак” стадионуна чейин жөө жүрүш менен алып барууну пландап жаткан. Шаар көчөлөрүн аралап жөө жүрүш менен барууга уруксат берилбегендигин ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мындай акция жолдо коомдук кыймылга, автоунааларга, жүргүнчүлөргө жолтоо болот.

Ал арада Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева шаар бийлигинин жөө жүрүшкө тыюу салып, курултайга келгендерди автобус менен ташууга көмөктөшүүгө даяр деп билдиришин эки жүздүү аракет деп баалады.

-Бийлик элге кам көрбөй эле коркконунан ушундай иш-аракеттерге барып жатат, -деп сындады Роза Отунбаева.

Бишкек шаардык мэриясы оппозициянын курултайына келгендердин жөө жүрүшүнө тыюу салууну өтүнүп сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту бул маселени карап, өтүнүчтү канааттандырган чечим чыгарды. Бирок соттун чечими 10 күндөн кийин гана күчүнө кирмекчи.

21-марттагы Нооруз, 24 - март Ыңкылап күнү жана 23-марттагы Ынтымак курултай болгон күндөрү коомдук тартипти сактоо үчүн баш калаада жети жарым миң милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахматулла Ахмедов милиция кызматкерлерине эл менен сылык-сыпаа мамиле кылуу боюнча көрсөтмө берилгенин “Азаттыкка” билдирди.

-Майрам алдында жана майрам күндөрү ички иштер органынын өздүк курамы күчөтүлгөн түрдө кызмат өтөө режимине өтөт. Борбордук аппараттын кызматкерлери да көчөгө көзөмөлдөөгө чыгарылат. Ички иштер органынын өздүк курамына жарандарга сый жана этият мамиле кылуу боюнча инструкция берилген. Милиция кызматкерлеринин саны жана колдогу техникалык каражаттар майрам күндөрүндө бүтүндөй республика боюнча тийиштүү тартип жана коопсуздук камсыздалаары жөнүндө ишенимдүү билдирүүгө мүмкүндүк берет.

Ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов 17-март оппозициянын курултайы алдында жер-жерлерде орун алган уруп сабоолор, “Форум”гезитинин күчтөп тартып алынышы, курултайга чакырып маалымат таратып жүргөндөрдүн кармалышы боюнча маалымат кийинчерек берилерин айтып жооп берүүдөн баш тартты.

15-мартта кечки саат сегизде милиция кызматкерлери “Форум” гезитинин басмаканадан чыккан жаңы санын бир нускасын калтырбай тартып алышкан. Алар буга эмне негиз болгонун айтышкан эмес. Өздөрүн тааныштырбаган, куралданган милиция кызматкерлери гезиттин жаңы эле басмаканадан чыккан 7 миң нускасын ташып келе жаткан редакциянын үч машинасын кызматкерлер менен кошо камакка алган.

Аларды алгач Бишкек шаардык милиция башкармасына, андан кийин Октябрь райондук милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерден журналисттерди түшүнүк кат жаздыргандан кийин социал-демократтар фракциясынын өкүлдөрү жана укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен чыгарышкан. Бирок “Форум” гезитинин жаңы басылган нускасын бүт алып калышкан.

“Форум” гезитинин редакторунун орун басары Жылдыз Мусабекова гезиттин нускасы бүт тартып алынышын бийлик тарап Элдик курултайга арналып чыгарылды деп шектенип, кооптонуп жаткандыктан ушундай ишке барды деп билдирди.

XS
SM
MD
LG