Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 17:48

Кыргызстан

Б.Бешимов:“ЖК добуш берүүчү машинадай бийликке керек жакка ооп кетет”

Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов жана фракция мүчөсү Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов “Азаттыктын” түз маегинде УТРКнын байкоочулар кеңешин шайлоодо ЖК президенттин буйругун аткарды деп билдирди.

-Бакыт мырза, кечээ Жогорку Кеңеш Улуттук телерадиокорпорациянын байкоочулар кеңешине мүчөлүккө президент сунуш кылган 11 адамды тең жактырып, добуш берди. Улуттук телеканалдын ушул тапта нааразылык акциясын өткөрүп жаткан кызматкерлери ал кеңешке кайрылуунун зарылдыгы жок, себеби баары бийликке көз каранды адамдар деп жатышат. Байкоочулар кеңеши калыс иш алып бара алат деген ишеним барбы?

-Кечээ менин кесиптештерим Байкоочу кеңеш боюнча көп күмөн ойлорун айтышты. Себеби, байкоочулар кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн президент тарабынан көрсөтүлүшү туура эмес принцип. УТРКнын Башкы директоруна каршы чыккан кызматкерлеринин да ишеним көрсөтпөй жаткандарынын себеби ошол. Бийлик эптеп эле өзүнө жагымдуу адамдарды кеңешке кошууга аракет жасаптыр. Бирок, чынын айтканда алардын арасында Кыргызстанга аты белгилүү инсандар бар экен.Ошону эске алып туруп кечээ мен аларга өзгөчө кайрылуу жасап, Кыргызстанда тазалыктын идеологиясын Улуттук телеканал аркылуу чагылдырып берсеңер жакшы болот эле деп сунуштап, ага негиз берчү бир топ ойлорумду айттым.

-Улуттук телеканалды демократиялаштыруу жана бейтарап маалымат каражатына айландыруунун бир куралы ушул көз карандысыз байкоочулар кеңешин түзүү эле. Эми ал аракет ишке ашпай калгандан кийин журналисттер, укук коргоочулар, жарандык коом башка кандай аракеттерди көрүүсү зарыл деген ойдосуз?

-Президент Курманбек Бакиевдин учурунда демократия деген түшүнүктү унутуп эле коюш керек болуп калды. Ал президент катары мындай баалуулуктарга таптакыр көңүл бурбайт экен. Эптеп эле жасалма иштерди жасап, бийлик менен элдин ортосундагы байланыш механизмдерин толук иштетпей турган Коомдук палата сыяктуу уюмдарды түзөйүн деп жатат. Ошондуктан Байкоочулар кеңеши, жалпы шайлоолор, Жогорку Кеңештин ичиндеги аракеттерге келгенде деле бардык бийликти колуна алып, бирок эч нерсеге жооп бербейин деген саясат жүргүзүлүп жатат. Албетте, ушундан улам саясатты туура жакка багытташ азыркы учурда өтө кыйын.

-“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” ушул жылы кабыл алынган мыйзамга президент кол коердо жарандык коомдун сунуштары эске алынсын деп эскертти эле. Эскертүүдөн кийин түзүлгөн жумушчу топ өзгөртүүлөрдүн долбоорун даярдап, мыйзамдын кеминде 40 пайызы жаңыртылышы керек деди эле. Ошол жумушчу топ сунуш кылган өзгөртүүлөрдү мыйзамга киргизүүгө Жогорку Кеңештин кудурети жетеби?

-Эгерде азыркы бийликтин саясатына туура келген мыйзам болобу, өзгөртүү, толуктоолор болобу аны кабыл алууга Жогорку Кеңештин кудурети жетет.Туура келбесе добуш берүүчү машина сыяктуу эле көпчүлүк депутаттар башка жакка бурулуп кетет. Жалпысынан Жогорку Кеңеште бийликке кандай маселе керек болсо ошол аткарылып, бийликке керектүү чечим кабыл алынат. Кээ бир маселелер ачык талкууланган менен чечим кабыл алганга келгенде таптакыр башкача болуп калат. Маселен, мен бир мисалды келтирейин. Мен энергетикадагы кризис боюнча комиссия түзүп, иликтөөнү сунуш кылганда “Ак жол” фракциясы четке каккандан кийин комиссияга мүчөлөрүңөрдү бергиле деп кат жүзүндө кайрылгам. Жакында “Ак жол” фракциясынан ошого жооп кат алдым. Анда “биз ушундай комиссиянын түзүлүшүнө каршыбыз” деп жооп беришиптир. Алар буга чейин энергетикадагы абалга өкмөт жооп берсин, керек болсо өкмөттү толугу менен таратууга чейин барабыз деп фракциясында жыйын курушкан да! Мына ушундан эле жыйынтык чыгара берсек болот.




Жаңылыктардын толук тизмеси

Ачылышы кечеңдеген оорукана

Марттын этегинде Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу» ооруканасын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү тууралуу чечимин жарыялады.

Ага чейин социалдык тармактарда жана парламентте курулушу 2017-жылы эле бүткөн бул жай эмнеге жабык турганын сурап чыккандар көбөйгөн. Жаңы оорукана эмнеге ачылбай турду? Аны башкарууга Кыргызстанда татыктуу адистер жокпу?

Түркия элчилиги 2017-жылы 25-мартта салынып бүтүп, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин билдирген. Мындай чечим COVID-19 оорусуна каршы күрөшүү максатында кабыл алынганы айтылган. 3-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жакынкы күндөрү бул оорукана ачыларын билдирди:

«Штатын, акча каражатын жана башкаруусун чечип, даярдап турушубуз керек. Эгер көп киши түшө баштаса ошол оорукананы тез арада колдонгонго киришүүбүз керек. Бир-эки күндө чечилет».

«Оор дарттарды дарыласа болот»

Оорукананын ички мүмкүнчүлүктөрүн активист Гүлмира Абдразакова онкологиялык ооруларды жана орган алмаштырууда кеңири колдонсо болмок деген ойдо. Ошол эле маалда COVID-19 менен күрөшүүдө ооруканадагы заманбап жабдууларды пайдаланууга мүмкүн деген пикирин айтты:​

«Азыр күчөп жаткан коронавируска чалдыккан эң оор абалдагы бейтаптарды ошол жакка жиберсе болот. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуулар бизде жетишсиз эмеспи. Ошол аппараттар жаңы ооруканада бар экен. Коронавирус менен күрөшүүдө реанимациялык оорукана кылып колдонсок болот. Бирок анын статусун, багытын аныктоо азыр аябай кыйын болуп жатпайбы».

«Байлар гана дарыланабы?»

Оорукананын ачылбай турганын парламентте сөз болуп, депутат Элвира Сурабалдиева бул маселени козгогон. ​Бирок депутат Сурабалдиева эки тараптуу келишимде «​бул ооруканада жалаң колунда бар адамдар гана дарыланат» деген пункттан улам парламенттин сынына кабылып, ооруканада иштөөгө түрк, англис тилин билген дарыгерлерге конкурс жарыяланганы менен эшигин кара кулпу кайтарганын белгилейт. Ал ооруканага байланыштуу келишимде көмүскө сыр бардай деген оюн айтты:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Бул оорукана эми бизге кандай шарттарда берилди? Жөн эле бере салыштыбы? Ушул маселе да түпөйүл кылбай койбойт. Жанагы «Газпром» салган мектеп бар го, алгач «мэрияга бекер беребиз» деп, анан акы төлөгөн окуу жайына айланып калбадыбы. Ошол сыяктуу бул ооруканага байланышкан келишимде да биз билбеген көмүскө жагдайлар бардай болуп жатат. Анын баарын изилдеп чыгыш керек».

Атайын билимдүү адистер керек

Алты кабаттуу имараттын ички башкаруу системасы толугу менен электрондошкон. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева түрктөр берген белекти эми кыргыз тарап татыктуу иштете аларынан күмөн санап, бул үчүн сөзсүз атайын билими бар адистер керек деп жаткан учуру:

Нурхан Жумабаева.
Нурхан Жумабаева.

«Азыр бизде иштеп жаткан ар бир оорукананын багыты бар. Жугуштуу оорулардын ооруканасы болобу же хирургиябы, айтор жаңы жайдын багыты кандай болушу керек деген суроого биринчи жооп табышыбыз керек. Биринчи ушул маселени чечкенден кийин гана ал оорукананын деңгээлине шайкеш келген башкаруучуну коюш керек. Бул үчүн биринчи кезекте түркиялык менежерлерден башкаруу системасын үйрөнүп алганыбыз дурус».

Эки тараптуу келишимдеги негизги шарттар, оорукананын ичиндеги жабдуулардын тизмеси, бейтаптарды дарылай турган багыты боюнча азырынча так маалыматтар бериле элек.

«Дипломатиялык жолду тандагыла»

Бирок Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинде бир топ жыл иштеп, азыр ардактуу эс алууда жүргөн Севал Дүндар дипломатиялык жол менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинен адистерди убактылуу ишке тартып, бул оорукананы кыргыз элинин пайдасына иштетүүнү сунуш кылды:

«Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу» ооруканасы курулуп бүткөндө эле ачылышы керек эле да. Бирок бюрократиялык ар түрдүү себептерден улам тилекке каршы ачылбай турду. Эми мындан ары да аны иштетүү жаатында эки тараптуу макулдашуулар керек. Дипломатиялык жол менен маселени чечсе болот».

Бишкекте Түркия куруп берген ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат бар. Бул тууралуу 27-мартта Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Элчилик билдиргендей, мындан тышкары эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Коронавирус миллиондон ашуун кишиге жукту

Актёр Брюс Линин Босния жана Герцеговинанын Мостар шаарындагы эстелиги, 2-апрель 2020-жыл.

Дүйнөдө COVID-19 вирусун жугузгандардын саны 1 миллиондон ашты. Алардын дээрлик төрттөн бир бөлүгү Кошмо Штаттарга туура келет. АКШда соңку бир суткада бул илдеттен миңден ашык адам каза тапты. Испания менен Италияда да өлгөндөрдүн саны азайбай жатат.

Нью-Йорк шаарында коронавирус жугузгандардын санынын көбөйүшү дарыгерлерди жана медициналык кызматкерлерди кабатыр кыла баштады. Алардын айрымдары 2-апрелде Монтефиоре медициналык борборунун алдына топтолушуп, респиратор сыяктуу коргонуу каражаттары жетишпей жатканына нааразылыгын билдиришти.

"Ооруган адамдардын саны көбөйдү. Баарында эле коронавирус болбошу мүмкүн. Бирок биз экстремалдуу шартта иштеп жатабыз. Өзүбүздү коргой алгандай болушубуз керек. Бул кооптуу. Азырынча колубуздан эч нерсе келбей жатат", - деди Монтефиоре медициналык борборунун медайымы Виктория Ланкуа.

АКШда коронавирусту жугузгандардын саны 250 миңге чукулдады. Алардын дээрлик бештен бир бөлүгү Нью-Йорк шаарына туура келет. Андыктан шаар бийлиги жарандарды көчөдө жүргөндө бетин жоолук же колго тигилген беткаптар менен жаап жүрүүнү сунуштады. Бирок медициналык беткаптарды же респираторлорду дарыгерлерге калтырууга чакырды. Ал эми Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо илдетке чалдыккандардын саны көбөйө берсе, жасалма дем алдыруучу аппараттардын запасы алты күндө түгөнөрүн билдирди.

Нью-Йорктогу медкызматкерлер, 1-апрель 2020-жыл.
Нью-Йорктогу медкызматкерлер, 1-апрель 2020-жыл.

Кошмо Штаттар дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны боюнча гана эмес, соңку бир сутка ичинде коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча да сап башына чыкты. Акыркы 24 саатта Америкада 1169 киши илдеттен көз жумду. Натыйжада өлгөндөрдүн жалпы саны 6 миңден ашты. 9 миңдей киши айыгып чыкты.

"Мен кечээ айткандай, элибиздин алдында оор күндөр турат. Алдыдагы бир нече апта, өзгөчө бир нече күн абдан коркунучтуу болот. Бирок эң оор учурларда деле америкалыктар чөккөн эмес. Коркууга алдырбайлы. Биримдикте бололу. Биз жеңип чыгабыз", - деп билдирди 2-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп.

3-мартка карата коронавирус 181 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, бейтаптардын 53 миңден көбү көз жумду. 212 миң киши айыгып чыкты.

Илдетке чалдыккандардын саны боюнча АКШдан кийин эле Италия (115 миң) менен Испания (112 миң) турат. Германия (84 миң) вирус адеп катталган Кытайдан ашып өтүп, төртүнчү сапка чыкты.

Франциянын чыгышындагы Мюлуз ооруканасы, 23-март 2020-жыл.
Франциянын чыгышындагы Мюлуз ооруканасы, 23-март 2020-жыл.

Пандемия башталгандан бери Италияда эң көп адам өлдү. Өлкөдө соңку бир сутка ичинде дагы 760 адам каза таап, алардын жалпы саны 14 миңге чукулдады. Испанияда да акыркы 24 саат ичинде 950 бейтап жашоо менен кош айтышып, өлгөндөрдүн саны 10 миңден ашты.

"Испания илдетти жугузгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү сапта турат. Тилекке каршы, өлгөндөрдүн саны көбөйүп жатат. Мындай жагдайды болушунча чукул арада жөнгө салууну максат кылып жатабыз. Бирок кырдаал турукташып баратат. Вируска чалдыккандар азайгандан бир топ убакыттан кийин өлгөндөрдүн саны азая баштайт", - деди Испаниянын Тез жардам кызматынын башчысы Фернандо Симон.

Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 130 адамга жетип, бир адам каза тапты. Алдын ала маалыматка караганда, маркум Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну болгон. Ал 2-апрелде каза таап, ошол эле күнү жерге берилген.

Өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусу үч ай мурда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги өз аймагында илдет басаңдаганын билдирип, катаал чараларды жумшарта баштады. Ал эми дүйнөнүн калган аймактарында пандемия качан аяктары бүдөмүк бойдон турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жолон акын, Рыспай жана ашыктык

Акын Жолон Мамытовдун жубайы Меңди Мамазаирова.

Кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытовдун музасы, жубайы, Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова менен маек.

48 жашында айыкпас илдетке чалдыгып дүйнөдөн өткөн таланттуу акын Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо 1-апрелде 80 жашка чыкмак. Акын «Отту сүйөм» баштаган ондон ашык ыр китеп жазды. Сүйүүнүн акыны атыкты. Обонго салынган «Издейм сени», «Кусалык» өңдүү ашыктык ырлары классикага айланды. Акындын жубайы Меңди Мамазаирова менен маектешип, анын басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу пикир алыштык.

Кайрыгы татаал «Издейм сени»

- Меңди эже, Жолон агайдын кеткенине 30 жылдан ашты. Өмүрлөш, калемдеш болдуңуз. Сүйүү ырларынын күчтүү чыкканына караганда чыныгы музасы болдуңуз. Ошол сүйүү ырларынын ичинен эң даңазалуусу «Издейм сени» болду го. Бул ырдын таржымалы кандай?

- Бул ыр экөөбүз үйлөнө электе жазылган. «Ленин жолу» гезитине чыгып эле калып калган экен. «Кусалык» (обону Асанкалый Керимбаевдики - ред.) деле ошондой. Абдылда Капаров деген журналист бар эле. Өтүп кетти. Ал Рыспай Абдыкадыров болуп чогуу жүргөн Жолондун досторунун бири болчу. Рыспай ошол кезде биринчи аялы менен да, экинчиси менен да ажырашып, Давлетти сүйүп жүргөн кези экен. Давлеттин ата-энеси «эки аял алган киши кандай» деп каршы чыгып, ошондон экөө кыйналып жүргөн кези болот. Анан Абдылда гезитке чыккан баягы ырды сактап жүргөн экен, «ай Рыспай, мынабу ырдын сөзүн карачы. Обон жазып көрбөйсүңбү» дейт. Бул анан Рыспайдын ошол кездеги маанайына, жан дүйнөсүнө, тагдырына төп келип калат да, обон жазат.

Акын Жолон Мамытов жана анын жубайы, акын Меңди Мамазаирова. (Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт)
Акын Жолон Мамытов жана анын жубайы, акын Меңди Мамазаирова. (Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт)

Ал кезде биз үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калганбыз. 1967-жылы мен университетти бүткөнүмө үч жыл болгон. Айылда жашап атканбыз. Ал кезде диплом үч жыл иштегенден кийин берилчү. Дипломумду алайын деп, чоң балам Маякты ээрчитип алып Сооронбай Жусуевдикине бир тууган агамдыкына келгендей эле келдим. Ал кезде Жусуевдикине, Жунай Мавляновдукуна, Камбараалы Бобуловдукуна каттап турчубуз. Булар ушундай бир мээрман, жаштарды колдогон адамдар эле да. Ошол күндөрдүн биринде Сооронбай аке «Ай Шакин, Меңди, саат баланчада менин иш бөлмөмө киргиле» деп калды. Эжем экөөбүз кирсек «жаңы ырдын премьерасы» деп ушул ырды угузду. «Жактыбы?» деп сурады. Жеткен жок, чындыгында мага. «Кайрыктары татаал го» дедим. Ал кезде Атай Огомбаевдин классикалары сүрүлүп, анча-мынча эстрада кебетеленген ырлар чыга баштаган. «Татаалдыктын артында татаалдык бар» деп Жолон айткандай бул ыр Рыспайдын тагдырындагы эң жогорку бийиктик болуптур. Канча жыл өттү. Өлбөстүккө айланды. Эки таланттын жүрөктөрүнүн үнү болуп калды.

Олоң чачты кырктырган арзуу

- «Сүйүү, кусалык ырлары үйлөнгүчө жазылган» деп жатпайсызбы? Андан кийин сизге арналган ырлары жазылдыбы?

- Жаады да ырлары. Мурда жеке сезимдер бизде кандай гана купуя эле... Уялып, сыртка чыгара албай жүргөн ырларын үйлөнгөндөн кийин жазды. Мисалы:

Көңүл чөктү, же бир жазган катың жок,

Көңүлүмдөн чыксаң катуу кыйналам.

Ай талаада таянаары такыр жок,

Жаш баладай үйүн эңсеп ыйлаган...

- Көп эле айтып келатасыз. Баш кошконуңардын таржымалы да кызык. Сиз 8-класста кезден кат алышуу башталган экен. Ата-энеңиздер каршы болгон деп жүрөсүз. Бирок себептерин уга элекмин. Эмне тоскоол болгон?

- Бул жерде терең-терең сырлар бар. Аны дагы айта турган маал келет. Биз жалпы Муңгуш уруусунанбыз. Анын ичинен Жолон Алеке, мен Майна уулунан болом. Туугандык катыштагы уруулар болот экен, булар. Менин апам катуу, катаал, беттегенин бербеген адам эле. Ошол кезде кайненемден сөз укканбы, кыскасы экөө келише албай коюшат. Алар «албайбыз», менин апам «бербейбиз» дешет. Анан мени апам «Жолон менен жолукпайм деп убадаңды бергиниң» деп жарга такап убадамды алган. Убаданы бердим, бирок таң аткыча ыйлап чыктым. Эртең менен апам эжеме айтып атат, «таң аткыча ыйлап чыкты, стипендиясына жетпей калган окшойт, сурачы» деп. Анда биринчи курста элем.

- «Кызыбыз бактысын табыш керек» дегенге кандай карашкан, анда?

- Ал өзүнчө баян. Атам оозунан ыр куюлган лирикалуу, жакшы киши эле. Чынын айтыш керек, бардыгын апам бийлечү. Апам мени эки жолу бирөөлөргө кудалады. «Сенин Жолонуң эмне, болгону Прунзеде (Фрунзе -ред.) окуйт. Менин бөлөмдүн кайниси Ленинградда чоң институтту окуп атат. Жолонуңдан өөдө турат, ошого турмушка чыгасың» деп кудалап койду. Ага чейин дагы бирөөнө кудалаган.

Ошондон кийин каяша иретинде айтпай билет алып, 1963-жылы 3-курс болуп калгам, Фрунзеге кетип калдым. Келдим да жер чийген чачты кырктым. Чач тарачка барсам «иди, с мамой приходи» деп кубалап чыкты. Чачтарач аял деле чачымды аяса керек. Гуля деген курбум чүпүрөк менен байлап туруп кыркып салды. Ызамды ушинтип чыгардым. Бирок апам мени жакшы көрчү. Кийин үйгө барганда «жатаканадагы газга чачымды күйгүзүп алдым» десем ишенди, кечирди.

«Жолондон кийин колумду сурагандар көп болду»

3-курсту бүткөндө токтолуп калдым. «Апа, мени Жолонго бербесең күйөөгө тийбейм. Сизди Фрунзеге алып кетем. Үй сатып алып экөөбүз жашайбыз» дедим. «Атаң кантет?» деди. «А, атам сиздин күйөөңүз да, ээ?» десем унчукпай калды, түшүндү. Чынында эле «жалгыз өтөм» дечүмүн.

4-курстун башында бизди Ош шаарынын четиндеги Калинин деген колхозго пахта теримге алып кетишти. Жолон күнүгө келет, башкы ветеринар дарыгерч, машинеси бар. Эми кызык эле сезим экен, ойлосом. Колубузду да кармашпайбыз. Жолукканда, калп айткан кишиге 5-10 мүнөт эчтеке сүйлөй албай эле бири-бирибизди тиктеп калтырап турчубуз.

- Ошентип жүрүп өзүңөр баш кошуп алдыңар?

- Эң башкысы - бир тууган агам менен жеңем уруксат берди. Жолон агам менен чогуу окуган. Анан жанагы пахтага келген учурда баш коштук, ээн баштык кылып. Мугалимдерден мени бир жумага уруксат сурап алды.

- Анан кантип ата-энелериңердин көңүлүн таптыңар?

- Жолондун Токтогон деген досу бар эле. «Мен жайгарам» деп Жолондун агасына бир бөтөлкө менен барып, машинесине отуруп бөлө тарта ичип, анан «Жолон Мамазаир акенин кызына үйлөндү» деп айтып кетет. Кайненем «Алмакан сулуу» атыккан (кудай кечирсин атын айтканым үчүн) билерман, эл баккан киши болгон. «Күркүрөгөн агалары турса жетим баладай болуп талаада үйлөнөт деген эмне?» деп бизди издеп таап, үйгө алып барышкан. Эртеси эле кайненемдин Дубана деген элге алынган агасын Абдылда деген кишини кошуп менин ата-энеме барышкан.

- Кызыктуу сүйүү баяны... Жолон агайсыз азыр жашооңуз кандай? 44 жашыңызда калыптырсыз. Колуңузду сурагандар болдубу?

- Абдан көп болду. Ыза болуп ыйлаган күндөрүм болду. «Кош ак куу болсок, бирөө өлсө, анан кантип булар мени талашат» деп шылдыңдай кабыл алып жүрдүм. Эми ойлосом жаш эле калган экемин... Бирок Жолондун ордун кимдир-бирөөнө алмаштырам деген санаама да келген жок. Эки жарым жылдай дарыгерден чыккан жокмун. Анан поэзия сактап калды. Жолонго арнап ырларды тынбай жазып, ошондон каниет алдым. Чоң балам Маяк аябай колдоду. Ыраазымын. Анан колдогон, жөлөгөн жакшы адамдарга ыраазымын. Сага да ыраазымын, башатыма кайрып, өрөпкүтүп, эргитип койдуң...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Карантинде мектептер кантип окуйт?

Карантинде мектептер кантип окуйт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:15 0:00

Карантинде сарымсак эккен дыйкандар

Карантинде сарымсак эккен дыйкандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

Комендатуранын иши сындан арылбады

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат берген өткөрмө кагазды сатуу үчүн шектүү катары кармалды.

Бул ансыз да уюштуруу иштериндеги башаламандык үчүн сындан башы чыга элек комендатурага арыз-дооматты ого бетер күчөттү. Буга кошул-ташыл эле укук коргоо органдарынын карапайым элге кылган орой мамилеси да талкуунун чордонунда турат.

Милиция кызматкерлери ур-токмокко алган, көчөдөн эле адамдарды машинеге салып кеткени тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап кетти.

Пара талап кылган милиция

Өткөрмө кагазды сатууга байланыштуу шек саналып жаткан милиционер - Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалымат боюнча, ал санитардык бекеттерден жана блокпосттордон өтүүгө уруксат берүүчү документ үчүн жеке компаниялардын биринен пара талап кылган.

Шектүү акчаны алып жатканда кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды. Сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен башталды. Ал канча акча талап кылганы расмий айтылган жок. Айрым сайттар милиция кызматкери 200 доллар сураганын жазышты.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бул факт боюнча Октябрь райондук милициясынын кызматкеринин жетекчилигине карата кызматтык иликтөө башталганын айтты.

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Мыйзам бузууга жол берген жетекчилердин үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Бишкек шаарынын комендатурасы бардык күч кызматкерлерин мыйзамды бузбоого чакырат. Биз өз ичибизден тазалануу менен тартипти орнотобуз», - деди Орозалиев.

Өткөрмө кагаз эми онлайн берилет

Ушуга окшогон терс көрүнүштөрдөн жана өткөрмө кагазды алыш үчүн узун кезектерден улам 2-апрелден тартып жолдо жүрүүгө кагаз жүзүндө уруксат берүү токтотулду. Мындан ары өзгөчө абал шартында машинелердин шаарда жүрүшүнө уруксат электрондук түрдө гана берилет.

Аны алыш үчүн арыз берүүчү https://1312.tunduk.kg/ сайтына кирип тийиштүү документтерди тиркеп, уруксат кагазды эмне максатта алып жатканы, аты-жөнү, автоунаасы тууралуу электрондук арызды толтуруш керек.

Эгерде ишкерлик же кызмат көрсөтүү айдоочудан сырткары кошумча жүргүнчүсү менен дайыма жүрүүнү талап кылса, жүргүнчүнүн маалыматтарын да жүктөө зарыл. Арыздар 24 сааттын ичинде каралат. Ал канааттандырылганы же четке кагылганы боюнча маалымат толтурулган баракчага чыгат.

Өткөрмө кагаздар сатылып, өң тааныштарга жең ичинен берилип жатканы жана деги эле бул ишти уюштуруудагы башаламандыкты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү деле моюнга алды:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Коменданттын жумушунда кемчиликтер бар. Мындай кырдаал мамлекетте биринчи жолу болуп жаткандыктан мамлекеттик органдар мурда башынан өткөрбөгөнүн көрсөтүүдө. Биринчи күндөгү иштерге салыштырмалуу азыр алда канча жакшы. Көп маселелер чечилип калды. Бирок баарын эске алыш кыйын экен. Тамак-аш, дары-дармек ташыгандарга жана дарыгерлерге тоскоолдук болбосун деген чечим кабыл алдык. «Өткөрмө кагаздары сатылууда, айрымдарга жөн эле берилип жатат» дегенди угуп жатабыз. Бир аз убакыт берсеңер муну тартипке салабыз».

2-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев азык-түлүк жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700, ал эми медициналык кызматтарды көрсөткөн жана дары-дармектер менен камсыздаган фирмаларга 700дөн ашык өткөрмө кагаз берилгенин кабарлады. Комендант мынча санда документ жазылып берилишин «жетиштүүдөн да көп» деп баалаган.

Орозалиев айтып оозун жыя электе Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары 2-апрелден баштап аргасыз жабылганын билдиришти. Муну ишканалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлери жумушка келе албай жатканы менен түшүндүрдү.

Алмазбек Орозалиев бул боюнча «Бишкектеги «Акун» ишканасынын жумушчулары ишке келе албай жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

«Окуяны төгүндөйбүз. Жалпыңыздарды маалыматтарга өзгөчө көңүл бурууңуздарды суранам! Компаниянын жетекчилеринен өзүнүн кызматкерлерине жоопкерчиликтүү болууну, түшүндүрүүнү сурайм. Биздин кызматтар дайым ар бирине ачык», - деп жазды Орозалиев «Фейсбуктагы» баракчасына.

Орозалиев маселелерди конструктивдүү чечүүгө чакырып, Бишкек комендатурасынын 1312, 0770 89 55 56 (WhatsApp) деген телефон номурларын калтырган.

Комендатуранын камчысы

Эми өзгөчө абал режими кирген аймакта иштеп жаткан укук коргоо органдарынын ишине келсек. Бул маселе шаршемби күнү Жогорку Кеңеште көтөрүлүп депутат Садык Шер Нияз күч органдарынын жүрүм-турумуна мындай баа берген.

«Төрт-беш депутат жолдон токтотулуп жумушка келе албай айланып келишти. Бул – мыйзамды билбөө, игнор, өзүн-өзүн көтөрмөлөө же коменданттын мурдун балта кеспей калган. Эгерде депутаттар өзүнүн укугун коргой албай жатса карапайым эл эмне болду? Эркин журналисттерди болсо тыйып салыптырсыңар. Биз мамлекеттик маалымат каражаттарына ишенгенде эле бир нерсе болчу эле?»

Карапайым эл демекчи, социалдык тармактарда «милиция адамдарды сабап, орой мамиле кылды» деген тасмалар тарап жатат. 30-мартта Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында тартылганы айтылган видеодо милиция кызматкерлеринин формасына окшош кийимчен адамдар бир кишини ур-токмокко алып жатканы тартылган. ИИМ окуя териштирилип прокуратурага өткөрүлүнө убада берген.

Интернетке чыккан дагы бир тасма Ошто тартылганы айтылган. Анда милициянын автоунаасы менен бараткан укук коргоо кызматкерлери үн күчөткүч менен элди тышка чыкпоого чакырып жатканын көрүүгө болот. Көчөдө жүргөн бир нече эркек кишилерди кармап келип алардан маршруттук баракчаларды талап кылышкан.

Бул коменданттык саатта эмес, күндүзгү убакытта болгон. Укук коргоочу Динара Ошурахунова милициянын бул аракетин мыйзам бузуу катары сындады:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Интернетке чыккан виделордо укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарга орой мамиле кылып жатканы көрүнүп турат. Аларга кылмышкер катары мамиле жасалууда. Кылмышкер болгон күндө да адамдарды түртүп, чаап, сабаганы мыйзамсыз. Муну прокуратура иликтеп, баа берип өзүн орой алып жүргөн кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы керек. Өзгөчө абал, карантин алардын жоопкерчиликтен кутулушуна себеп эмес. Эл күч кызматкерлерине душман эмес да. Ушундай кырдаалга шылтоолоп кишилерге кол көтөрүү мыйзамга да, адамгерчиликке да жатпайт».

Ал эми жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ошол эле учурда жарандарды укугун билгенден тышкары милдетин да аткарышы керек экенин эске салды. Себеби, жакында эле Ошто жол тосуп турган милиция кызматкерлерине «күйөөм УКМКда иштейт» деп, жолдон өткөрүшүн талап кылган аялдын окуясы талкуу жараткан. Көп өтпөй дагы бир аял киши милициянын талабына көнбөй кол көтөргөн видео тарады.

«Өзгөчө абал учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жөнөкөй жарандарга орой мамиле кылып жатканы өкүнүчтүү. Бирок элдин өзүндө да маселе бар. «Укугубуз бар» деп эле милиция кызматкерлерине туура эмес мамиле кылган учурлар да кездешет. Күч кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей койгон да жарандарыбыз бар», - деди Токтонасыров.

«Комендант кыраакы болушу керек»

Күч органдарына айтылган сын ушуну менен эле токтобойт. Бир катар сайттар «Бишкекте милиция кызматкери түн ичинде өзүнүн жеке машинеси менен сойкуларды ташып жүргөн жеринен кармалганын» жазышкан.

ИИМ Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн машинеси менен кармалганын ырастады. Анын үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтып, бирок «сойкуларды ташып жүргөн» деген маалыматты четке какты.

Күч түзүмдөрүндө бир нече жыл иштеген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбеков ушуга окшогон күмөндүү иштер, комендатуранын ишиндеги кемчиликтер үчүн комендант менен ИИМдин жетекчилери жоопкерчилик алыш керек деп эсептейт.

«Өзгөчө абал режиминде иштөө боюнча Алмазбек Орозалиевдин тажрыйбасы жок да. Анткени буга чейин Кыргызстанда тополоңдорго байланыштуу коменданттык саат киргизилген учурлар болгон. Бул жолкусу пандемияга байланыштуу. Ал эми экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Өзгөчө абал учурунда коменданттын иши маанилүү. Ошондуктан комендант тажрыйбалуу, мындай окуяны башынан өткөргөн, ар кандай кырдаалда алдын-ала чара көрө билген адам болушу керек. Азыркы окуяларга ИИМдин жетекчилери да жооп бериши керек», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал тартиби киргизилген. Ал 15-апрелге чейин күчүндө болот.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын, ал эми ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын коменданты болуп дайындалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Илдеттин айынан ишкерлик жабыркады

«Акун» ишканасынын кире бериши.

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандар 116 кишиге жетти. Өзгөчө абал киргизилгенине 15 күн, өзгөчө абал киргизилгенине бир жума болду.

Бул аралыкта элдин күнүмдүк акча таап оокат кылган катмары кыйналып жатканын белгилеген айрым депутаттар өзгөчө абалды 15-апрелден ары узартууга болбой турганын айтып чыгышты. Ишкерлер болсо өкмөт өзгөчө абалды толук жокко чыгарбаса да, жумушсуздук күч алып кетпеши үчүн ийкемдүү жолдорду карап чыгууну сунуш кылышууда.

Күнүмдүк тапканына жашагандар кыйналып турат

43 жаштагы Кубат «Дордой» базарында араба түртүп үй-бүлөсүн багат. Өзгөчө абал жарыяланып, базар жабылгандан бери ишсиз отурган Кубат элчилеп дүңүнөн ун-май алууга да чолоосу болбогонун, эгерде 15-апрелден баштап базар кайра ишке кирбесе, балдарын багуу оор болорун «Азаттыкка» айтып берди:

«Бар үмүтүбүз - 15инде ачылат деп эле ишенип турабыз. Мен күн сайын тапкан акчама күнүмдүк тамак-аш алып, бир аз ашырып, батирдин ижара акысын төлөп жашап келгем. Эми болгон акчаны ижара акысына берип койдук. Тамак-аш күн өткөн сайын азаюуда. 15инде ачылбаса, бала-чакамды алып, айылга кеткенден башка аргам калбайт».

Айылында деле Кубат бала-чакасы менен бир туугандарынын үйүнө барат, алар азык-түлүк жагынан каралашат деген ишеничте.

Расмий эмес маалыматтар боюнча күнүмдүк тапкан акчасына жашаган адамдар Кыргызстанда элдин дээрлик тең жарымын түзөт. Адистер бул катмардагы элге жалпы тейлөө тармагында иштегендерди ккошкондо бул көрсөткүч ого бетер көбөйөрүн айтышууда.

Кыргызстанда 15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт деп маселе көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бул элдин жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына чоң зыянын тийгизерин «Азаттыктагы» маегинде айтты:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Күнүнө 300-500 сом, миң сом таап, үй-бүлөсүн баккан жарандарыбыз бүт жумушсуз калышты. Алар үйүндө отуруп, бала-чакасын бага албайт. Мамлекет да аларга компенсация төлөп бере албайт. Ошондуктан өкмөт алардын жок дегенде андан ары кыбырап, тиричилигин кылышына шарт түзүп берүүгө тийиш».

«Бир Бол» фракциясынын лидери 15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды карантинге алып, калган жарандардын иштешине шарт түзүлүшү керек деген оюн айтты.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам өлкөнүн экономикасы кыйла жабыркап жатканын өкмөт өзү да мойнуна алууда. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында быйыл бюджетке 30 млрд. сомго жакын акча түшпөй калганы жатканын билдирди. Мындан тышкары АКШ долларынын куну кымбаттаганы да өлкө экономикасын 15% өлчөмүндө жоготууга учуратууда.

Өзгөчө абал ишканалардын жабылышына алып келди

Бул аралыкта 2-апрель күнү Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» аргасыз жабылганын маалымдашты. Алар буга өзгөчө абалдан улам кызматкерлери жумушка келе албай жатканы негизги себеп болгонун белгилешүүдө.

«Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү» ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов өзгөчө абал учурунда ишканалардын иштеши жөнгө салынбагандыктан, бүгүнкү күндө көп эле ишканалар ишин токтотууга аргасыз болуп жатышканын билдирди:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

«Эгерде «Акун» менен «Бишкек ун комбинаты» ишин токтотсо жакында дүкөндөрдө ун калбайт, тартыштык башталат деген сөз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мындай абал көпчүлүк ишканаларыбызда болуп жатат. Мага аймактардан да чалып атышат, кызматкерлердин ары-бери жүрүшүнө чектөө коюу, өткөрмө кагаз алуудагы бюрократия көп ишканалардын токтоп калышына алып келип жатат. Ошто жем өндүргөн ишканадан чалышты, жумушчулары ишке келе албаганына байланыштуу иш жүрбөй калганын айтышты. Бишкектин ичинде азык-түлүк ташууга кыйла тоскоолдук жаралып жатканы ансыз деле белгилүү. Мындан тышкары жер-жерлерде айылдар өз алдынча блокпостторду коюп алып, элдин, машинелердин ары-бери жүрүшүнө тоскоолдук кылып жатышат. Бул да элди жумуш менен, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттар менен камсыз кылууга чоң кедергисин тийгизүүдө. Өкмөт бул маселени да тез арада чечпесе болбойт».

Ал эми Бишкек шаарынын комендатурасы баш калаада азык-түлүк жана коомдук тамактануу тармагында иштеген ишканаларга жалпысынан 2700 өткөрмө кагазы жазылып берилгенин билдирип, муну «жетиштүүдөн да көп» деп баалады.​

Учурда өкмөт эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, ишканалардын, кээ бир меценаттардын жардамы менен калктын аялуу катмарына азык-түлүк жагынан жардам берилип жатканын маалымдоодо.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги түрдүү социалдык төлөм, жардам алган 500 миңден ашуун адамга зарыл болгон азык-түлүк: ун, май таратылып жатканын маалымдаган. Ага ылайык, өзгөчө абал жарыялангандан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тонна ун таратылууда. Мындан сырткары Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 536 тонна ун жана 40 тонна өсүмдүк майы берилмекчи. Министрликтин маалыматы боюнча бул жардам жөлөкпулдан тышкары, аз камсыз болгон жарандарга тизме менен таркатылат.

2-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынын өткөрүп, «бардык муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылабыз» деп айтты.

Өкмөт башчы коменданттык саат киргенине бир жума болгонун, көпчүлүк адамдарда тамак-аштын запасы бар экенин, бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүк түгөнүп баратканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Биз мындай кыйынчылыкка кабылган ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жеткирүү иши башталды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге тез арада бардык тизмени кайра карап чыгып, кылдат жана терең талдоо жүргүзүүгө тийиш», - деди ал.

Ошентсе да соцтармактарда өзгөчө абалдан улам жумушсуз, күнүмдүк кирешесиз калган тургундардын акчасы жана азык-түлүгү түгөнүп, жардам сурагандар көбөйүп жатканы байма-бай айтыла баштады.

Өкмөттөгү алмашуу 13 күндө кырдаалды жөнгө сала алабы?

1-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр жана саламаттык сактоо министри алмашты. Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, ал эми саламаттык сактоо министри болуп эпидемиолог адис Сабиржан Абдыкеримов дайындалган. Эки жумага жетпеген убакытта өлкөдө эпидемиологиялык абалды жөнгө салып, өзгөчө абалды токтотууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетеби деген суроо туулбай койбойт. Белгилүү дарыгер Калдарбек Абдрамановдун пикиринде, өзгөчө абалды токтотууну тездетиш үчүн бир гана жол - элдин баарын жапырт текшерүүдөн өткөрүү жарайт.

Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

«Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар табылганда эле ошол очогу деп саналган аймактар толук карантинге алынды, - деди ал. - Бирок андагы элдин баары жапырт текшерилген жок. Бул биздин бир кемчилигибиз болуп калды. Ошондуктан азыр өкмөт болгон мүмкүнчүлүгүн колдонуп, керек болсо жеке менчик лабораториялардан суранып, элдин баарын жапырт текшерүүгө тийиш. Ошондо гана ооруга чалдыккандар жана соо адамдар так аныкталып, бир жагын толук карантинге алып, калгандарына иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө болот. Андай кадамдарды кылбай туруп, элди кайра эркин коё берсе, 15 күндөн берки карантиндин бир тыйынчалык пайдасы жок болуп калат».

2-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы беш кишиден табылды. Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын жалпы саны 116 адамга жетти. Жалпысынан беш киши оорудан айыкканы кабарланды.

Коронавирус алгачкы жолу өткөн жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги акыркы жумаларда өлкөдө бул илдет жуккан адамдар кыйла азайганын билдирди. 1-апрелде Бээжин бир сутканын ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө вирус жуккан 36 жаңы киши катталганын, алардын 35и чет өлкөдөн келген адамдар экенин кабарлады.

3-апрелдин таңындагы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус илдети жуккандар миллион адамдан ашып, анын айынан көз жумгандар 53 миң киши болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Депутат башкаруу формасын тандоону сунуш кылды

Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүнү караган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун сынына кабылды.

Анын негиздемесинде парламенттик демократияга караганда президенттик башкаруунун артыкчылыгына басым жасаган жагдай президенттик бийликти күчөтүү демилгеси катары бааланып жатат.

Депутат дооматты четке кагып, бул элдин тандоо эркиндигин камсыздоону көздөгөн анын жеке демилгеси экенин айтып, мыйзам долбоору карантинден мурда эле иштелип чыкканын түшүндүрдү.

Президенттик башкарууга ыктаган негиздеме

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору 1-апрелде коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинген.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде башкаруунун парламенттик жана президенттик эки формасын референдум аркылуу аныктоо көрсөтүлгөн. Анда парламенттик системанын бир топ кемчиликтери саналып, ал эми президенттик башкаруунун артыкчылыгы катары анын туруктуулугу жана натыйжалуулугу аталган.

Социалдык тармактарда депутат Курманкул Зулушевдин референдум өткөрүү демилгеси өзгөчө абал учурунда коомдук талкууга чыкканы өзгөчө сынга алынууда.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

Блогер жана журналист Шайырбек Маматокторов бир кезде жеке басар бийликтен запкы тарткан депутаттын азыр президенттик бийликти күчтөнтүүгө бел байлап жатканы түшүнүксүз дейт:

«Башка бирөө эмес, дал Курманкул Зулушев өзү ушундай демилге менен чыкканы мени аябай таң калтырды. Кезинде президенттин жеке бийлигинен куугунтук жеп, запкы тарткан судья бүгүн эми парламенттик демократиянын шарапаты менен депутат болуп келип, анан кайра президенттик бийликти күчтөндүрүү демилгесин көтөрүп жатканы өкүнүчтүү. Бул жөндөн-жөн эле чыга калган жери жок. Бүгүнкү бийликти азыркы абал жана жарандардын саламаттыгы кызыктырбайт окшойт. Эгерде эл бул илдеттен катуу жабыркап калса, референдумга ким барат деген суроону бийлик өзүнө бериши керек болчу. Ооба, парламенттик система бизде актаган жок деп жатабыз. Бирок ага ким күнөөлүү? Парламенттик система эмес да. Буга өз укугунан пайдалана албаган сабатсыз жана принциби жок депутаттардын парламентте отурушу себеп болуп жатпайбы. Болбосо, бардык эле парламенттик республикаларда ал натыйжалуу эле иштеп жатпайбы. Бизде эле эмнеге иштебеши керек? Эгерде иштете алышса иштейт!».

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

Парламент депутаты Абдувахап Нурбаев бул демилгенин артында мыйзам долбоорун иштеп чыккан анын кесиптеши жалгыз эле Курманкул Зулушев эмес, башка дагы ички-тышкы күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдойт:

«Мен буга таптакыр каршымын. Соңку мезгилде кайсы бир саясий күчтөрдүн аракети менен «парламенттик демократия деген жарабайт экен, 35 депутат эле иштесе болот» деген сыяктуу ойлорду коомго байма-бай таңуулап, биздеги парламентаризмди биротоло жок кылууну көздөгөн маалымат өнөктүгү жүрүп жатат. Ошонун фонунда кесиптешибиздин мындай демилге менен чыгып жатышы бул иштин артында чоң бир ички-тышкы күчтөр турганынан кабар берет. Биздин коомчулук, аң-сезимдүү катмар буга каршы туруп, парламенттик демократияны сактап калышыбыз зарыл. Анткени азыркы парламенттин сапаттык курамына берилген сын аркылуу эле жалпы парламенттик демократия идеясына көө сүрттүрүп, аны биротоло жок кылууга жол бербешибиз керек. Менимче, президент деле буга каршы. Анткени ал инаугурация учурунда парламенттик башкарууну колдой турганын расмий жарыялаган. Бирок бизге экономикалык өнөктөш мамлекеттер президенттик башкарууда болуп жатышпайбы. Алар буга каршы болуп, анын өз өлкөлөрүнө жайылып кетишинен чочулап турушат. Ошондуктан биздеги жаш жана алсыз парламенттик демократияны болушунча каралап, алар бизди кайра президенттик башкарууга кайтарууга кызыкдар».

Зулушев: Бул менин жеке демилгем

Мыйзам долбоорунда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо мөөнөтү да көрсөтүлгөн. Талдоочулардын баамында, бул дата болжол менен парламенттик шайлоону өткөрө турган күнгө туура келет. Анын мыйзам долбоору өзгөчө абал учурунда коомдук талкууга чыгып калганын депутат анчейин деле өөн көрбөйт.

Депутат Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке какты:

«Бул мыйзам долбоору башка мыйзам долбоорлору сыяктуу эле бир ай коомдук талкууда турат. Анан коомчулуктун пикирин угабыз. Анын негизинде комитеттин кароосуна алып чыгабыз. Ал жактан комитет колдойбу, же колдобойбу, азырынча белгисиз. Андан өтсө, парламенттин палатасы колдойбу же колдобойбу, азырынча эч ким билбейт. Буга карата өкмөттүн, БШКнын жана президенттик аппараттын ою кандай экени эми билинет. Бул менин жеке демилгем. Мени президенттик аппараттын буюртмасын аткарып жатат деген туура эмес. Мен президенттик башкарууну колдоп, ошого барууну көздөп жаткан жокмун. Бардыгын эл тандасын, эл өзүнүн эрки менен президенттик башкарууда болгусу келеби же парламенттикпи? Болгону бул жерден элдин каалоосун аныктайлы деп жатам».

Депутат Исхак Масалиев бул мыйзам долбооруна авторлош болуу сунушталганын айтып, бирок ал андан баш тартканын белгиледи:​

Президенттик башкарууга ыктайлы десем, мурунку үч президенттин тагдырын көрүп коркуп калдым. Парламенттик башкаруу дейин десем, азыркыдай парламенттин эч кимге кереги жок. Мандаттарды сатып алып, анан парламенттик башкаруу кылабыз деген акылга сыйбаган нерсе.
Исхак Масалиев.


«Курманкул Зулушев президенттик башкарууга көңүлү бурулуп турган экен. Ал мага «сиз да кошуласызбы» дегенинен баш тарткам. Мен ага эгерде сен муну эки ай мурда сунуш кылсаң, анда «муну тандайсыңбы же аны тандайсыңбы?» деген сунуш аркылуу гана калыстык менен мыйзам демилгесин алып чыгышың зарыл. Эгерде сен мыйзам долбоорунун автору болуп туруп, президенттик башкарууга ыктаганыңды көргөзүп турсаң, анда башкача болуп калат» дегем. Ошондуктан бул жерде талкуулап, талашып-тартышып, ой жүгүртүү үчүн мындай мыйзам долбоорун жарыялоого эмнеге болбосун? Азыр бизге кайсы башкаруу натыйжалуу экенин билбейм. Президенттик башкарууга ыктайлы десем, мурунку үч президенттин тагдырын көрүп коркуп калдым. Парламенттик башкаруу дейин десем, азыркыдай парламенттин эч кимге кереги жок. Мандаттарды сатып алып, анан парламенттик башкаруу кылабыз деген акылга сыйбаган нерсе. Бизде азыр формалдуу түрдө парламенттик башкаруу. Бирок биздин депутаттар аны колдонгусу келбейт. Анткени биздин депутаттар көнүп калган. Аларга «шеф» болушу керек. Бүгүн баарыбыз парламенттик башкарууда туруп алып, анан «президент чечсин» деп кыйкырып жатабыз. Баш мыйзамда анын андай ыйгарым укугу жок. Бирок иш жүзүндө ошондой болуп жатат».

Кыргызстанда президенттик башкаруудан парламенттик демократияга өтүүнү караган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 2010-жылы өткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Медиа чектелгенде ушактын күнү тууду

Жалган маалымат таркатты деп кармалгандардын бир бөлүгү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет берген сүрөттөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө абал убагында жалган маалымат тараткан 20дан ашык кишини кармады. Алардын көбү коронавирус жөнүндө туура эмес нерселерди жазган деп шек саналууда.

Бирок адистер мындай чара азыраак натыйжа берерин, тескерисинче расмий кабарларды көбөйтүш керек экенин белгилешүүдө. Бирок ошол эле кезде Бишкек комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбүнө чектөө койгон.

Жалган маалымат тараткандар парады

Өзгөчө абал киргизилген 25-марттан бери дээрлик күн сайын «жалган маалымат таратты» дегендерден бир-экөө кармалып жатты. Алардын көбү ар кайсы аймактардан коронавирус жуккандар жөнүндө такталбаган кабарларды социалдык түйүндөрдөн, мессенжерлерден ар кимге жөнөткөн. Арасында санитардык посттордогу жана ооруканалардагы жагдайлар тууралуу жазгандары болгон.

Атайын кызмат тараткан видеодо алардын баары кармалгандан кийин өз аракеттерине өкүнгөнүн моюнга алып, коомчулуктан кечирим сурашты.

«Мен дүкөндө азык-түлүк алып жатып, биздин Сокулук районунда да адамдардан коронавирус табылганын угуп калып, таратып жиберипмин. Бул туура эмес маалымат экен. Жалган маалымат таратканым үчүн элден кечирим сурайм. Бүгүнкү күндө биздин райондон бул илдетти жугузгандар табыла элек экен», - деди кармалгандардын бири.

УКМК 18-мартта республика боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып эпидемияга байланыштуу жалган маалымат тараткандарды кармай баштаган. 25-мартта айрым шаарлар жана райондор өзгөчө абал тартибине өткөндөн бери бул чара дагы күчөтүлгөн.

Жалган маалымат таратты деп кармалгандардын экинчи бөлүгү. УКМК берген сүрөттөр.
Жалган маалымат таратты деп кармалгандардын экинчи бөлүгү. УКМК берген сүрөттөр.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы берген расмий пресс-релиздерди карап чыгып, бул мөөнөт ичинде мекеме 20дан ашык тургун кармалганын санап чыктык. Алардын ичинде ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, түрдүү курактагы жана ар башка социалдык катмарлардагы жарандар бар экени көрүнөт.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул аракеттер улантыларын билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Учурда жалган маалымат тараткандардын аракеттерине юридикалык баа берилип жатат. УКМК коронавирустун жайылышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук саясий абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди улантып жатат. Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат».

«Расмий маалыматтын аздыгы ушуга алып келет»

Жалган маалымат тараткандардын кармалышын коомчулукта, анын ичинде социалдык тармактарда колдогондор көп. Кубаттагандар аларга чара көрүлсө, калкты дүрбөлөңгө түшүргөндөр азаят эле деп эсептешет.

Ошол эле кезде эпидемиялык кырдаал тууралуу расмий маалыматтардын аздыгы, ачык-айкындыктын жок болуп жатканы ушуга алып келип жатканын айткандар да бар. Ошондуктан айрымдар бул чаралар тескерисинче кымгуут маалда жарандардын үшүн аларын белгилешет.

1-апрелдеги парламент жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева да ушул темага кайрылып, атайын кызматты сындап өттү:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Урматтуу УКМКнын өкүлдөрү, маселен «Сокулукта 1987-жылкы бала райондо коронавирус табылганын айтып алдап жатат, айыбын мойнуна алды» деп, кечирим суроого мажбурлап жатасыңар. Силер кимди алдап жатасыңар? Сокулукта 40 киши чын эле карантинде жатат. Муну эмне, калп деп айтасыңарбы? Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басарын баягүнү кечирим сураттыңар. Ашыкча кетпегиле. Алар айтып жаткан нерселер чын болуп жатпайбы! Чыгары менен биринчи айтып чыккандарды коркутуу туура эмес. Болгон нерсени болгондой айтыш керек. Сокулук районунда ошондой болуп жатканын мен депутат катары ырастайм».

Журналист Тынчтык Алтымышев да жалган маалымат таратуу туура эмес экенин белгилеп, бирок айрым жарандар жакындарынын коопсуздугу үчүн билген нерселери менен бөлүшөбүз деп жатып ушундай жагдайга кабылып жатканын эске салды. Ал муну коронавируска байланыштуу штабдын, шаар, аймактардын комендатураларынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жеткиликтүү кабар бере албай жатканынан көрөт.

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

«Расмий маалыматтар чектелүү болуп жаткандыктан, жаап-жашыруудан улам болуп жатат. Маселен, Көлдөгү фактылар боюнча мага эки күн мурун эле кабар келген. Маалымат колумда турган, чыгарайын десем, тигилер мени жалганчы кылып салышы мүмкүн эле. Бирок алар эмне үчүн аны эки күн бою кармап, анан беришти? Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат. Убагында айтып, «бул айылдан чыкты, бул жакка жаткырылды, мындай дарыланып жатат» деши керек эле да. Антпегенден кийин фактыны көрүп-билгендер жакындарын сактыкка чакырып, «тиги жерде чыгыптыр, этият болгула» деп айтып жатышат да. Ошентсе эле анан жалган маалымат таратты деп баса калышканы туура эмес го дейм», - деди ал.

Мындан тышкары эркин басылмалардын ишине чектөө коюлуп жатканы да бир топ маалыматтык боштукту жаратып жаткандай. Өзгөчө абал киргенден бери мамлекеттик айрым телеканалдардан сырткары көпчүлүк медиалар үйдөн гана иштөөгө өтүштү. Алардын жок дегенде төрт-беш кабарчысына кеңсеге барып келүүгө уруксат алуу, өткөрмө алуу тууралуу өтүнүчтөрү каралбай келет.

Журналисттерди тыйгандын ордуна керек болсо калыс журналисттерди комиссияларга кошуш керек болчу.

«Менимче медианы чектөө комендатуранын эле эмес, жогору жактын буйругу менен болду окшойт. «Биз эмнени берсек, ошону гана жазгыла» деген мамиле туура эмес. Маалыматты кыскан сайын ал ошончолук кесепетке алып келет. Журналисттерди антип тыйгандын ордуна керек болсо калыс журналисттерди комиссияларга кошуш керек болчу. Маселен, коронавируска каршы ачылган атайын эсепке жалаң өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды кошуп алышыптыр. Жарандык коомдун эки өкүлүн кошкон экен, алар да чыгып кетиптир. Ошол жакта журналисттер болсо элге ачык-айкын маалымат берип турмакпыз», - дейт журналист Тынчтык Алтымышев.

Бир катар шаарлар менен райондорго өзгөчө абал режими киргизилген 25-март күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев «журналисттер топтошуп иштебей турганын, андыктан аларга чектөө коюлбай турганын» билдирген. Беш күндөн кийин, 30-мартта өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып, кабарчыларга кайра чектөө коюларын айткан.

Ошол эле күнү бул жагдай бир катар уюмдардын жана укук коргоочулардын сынына түрткү болгон. 30-мартта билдирүү тараткан «Медиа Полиси Институту» уюму Бишкек комендатурасынын журналисттерди чектөө тууралуу чечими Конституцияга каршы келерин эскерткен. Уюм чектөө «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна туура келбей турганын белгилеген.

1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жанарбек Акаев менен Садык Шер-Нияз өзгөчө абал учурунда эркин маалымдоо каражаттарын чектөө коюлганын сынга алып, чектелүү кабарчыларга өткөрмө берүүгө чакырган. Кийин Бишкек шаардык комендатурасы билдирүү таратып, өз позициясында каларын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Атайын эсеп: өкмөттү колдобогон байлар

Сокулук, Чүй.

Коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн элден топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамынан анын бир мүчөсү чыгып кетти. Бул окуя атайын эсепке түшкөн акчаны бөлүштүрүүдөгү ачыктык маселесин козгоду.

«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова 1-апрелде комиссиянын курамынан чыгуу чечимин кабыл алганын, буга комиссияда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн аздыгы себеп болгонун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Анда Турдубекова элден түшкөн каражатты көзөмөлдөөгө жарандык коомдон көбүрөөк адам тартылбаганын белгилеген.

Укук коргоочу өз чечими тууралуу ЖМКга комментарий берүүнү каалаган жок.

Буга чейин комиссияга парламенттен үч, өкмөттөн жети, президенттик администрациядан бир жана өкмөттүк эмес уюмдардан эки өкүл кирген. Аны өкмөттүн аппарат башчысы Самат Кылжыев жетектейт.

Жарандык коомдон комиссияга Назгүл Турдубекова жана «Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фондунун» башчысы Бурулсун Сүйүналиева мүчө болгон.

Аталган комиссиянын дагы бир мүчөсү, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева комиссиянын курамына жарандык коомдон көбүрөөк адам кошуу тууралуу өкмөт башчыга кайрылганын билдирди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

"Комиссия түзүлүп жатканда эле Назгул Турдубекова менен бирге анын курамына жарандык коомдун башка мүчөлөрү да кошулушу керектигин айтканбыз. Бирок курамы түптөлүп калды. Мен бул тууралуу премьер-министрге айткам. Себеби, ачыктык жана элде ишеним болушу керек. Негизи бул комиссия байкоочулук милдетти аткарат. Акчанын кайда, кантип бөлүштүрүлүп жатканын көзөмөлдөп, карап турушу керек".

31-мартта аталган каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия коронавируска каршы чогултулган каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге кошумча акы катары төлөнөрүн билдирген. Ошондо 38,5 миллион сомду коронавирус табылган аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге которуу тууралуу чечим кабыл алынган. Алар бул каражатты кошумча акы катары колдонмокчу.

Атайын эсепке түшүп жаткан каражатты бөлүштүрүү иши башталбай жатып, аны көзөмөлдөгөн комиссиянын курамынан мүчөсү чыгып кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Активист Марат Тагаев ушундай оор кырдаалда эл акчанын кайда жумшалып жатканы тууралуу маалыматты билүүгө акылуу деп эсептейт:

Марат Тагаев.
Марат Тагаев.

"Эл өкмөткө ишенбейт. 2017-жылы Дача-СУ кырсыгында карапайым эл жапа тырмак чогултуп, 100 млн. сомду өкмөттүн колуна карматкан. Ошондогу биринчи вице-премьер-министр, азыркы өкмөт башчы Абылгазиев, ошондогу өзгөчө кырдаалдар министри, азыркы вице-премьер Кубатбек Боронов элге отчет берген эмес. Бул жолу акча так бөлүштүрүлсүн деп комиссия түзүлдү эле, ишин баштабай жатып, бир мүчөсү курамынан чыгып кеткенин уктук. Эгер өкмөт эл чогулткан акча боюнча отчет бере албаса, анда эл аралык уюмдардын акчасын кантип бөлүштүрүп берет деген суроо туулат".

1-апрелге карата ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегериш үчүн ачылган атайын эсепке жалпысынан 80 миллион сомго жакын каражат чогулду. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин сайтында жарыяланган.

Ошол эле учурда коңшу өлкө Казакстанда атайын түзүлгөн "Биргебиз" фондуна 30 млн. доллардын тегерегинде акча чогулган.

Саясат талдоочу Марс Сариев өкмөт акча чогултуу ишинде элдин ишенимине кире алган жок деген ойдо:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

"Менин пикиримде 80 миллион сом Кыргызстан үчүн аз. Демек, бул коомчулук, бай адамдардын көбү жардам берүүгө ниеттенген жок дегенди билдирет. Коңшу Өзбекстанда 1 миллиарддан көп акчалай жардам чогултулду. Президент Мирзиёевдин кайрылуусу элге, ишкерлерге жетти жана өзбек өкмөтү иш жүзүндө ал акчаны эффективдүү колдонорун далилдей алды. Дарыгерлер миң доллардын тегерегинде айлык алып, аларга бардык шарттар түзүлдү. Казакстанда ага караганда азыраак, бирок алар деле бир нече миллион доллар чогултушту. Кыргызстанды алар менен салыштыра албасак да, акчалай көрсөткүч аз экени көрүнүп турат. 100 байдын тизмеси деген бар эле, демек алардын көбү өкмөттүн чакырыгын колдоп, жардам берүүнү каалашкан жок".

Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсепке колунда бар адамдар, мамлекеттик жана жеке компаниялардын кызматкерлери өз айлыгынан которуп жатышат. Буга чейин пандемиядан улам өлкө экономикасына тие турган терс таасирди азайтуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков бир нече эл аралык каржы институтуна жардам сурап кайрылган. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фонду 120 миллион доллар насыя берүүгө макул болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Баткен: демөөрчү ооруканага "Тез жардам" сатып берди

COVID-19: социалдык колдоонун түйшүгү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу элди социалдык колдоо боюнча чара көрүлөрүн билдирүүдө.

Убада берилген социалдык жардамдар жетиштүү болуп жатабы? Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кандай колдоо көрсөтүлүүдө? Ал дарегине жетип жатабы? Элди социалдык колдоодо коомдук уюмдар жана ыктыярчылар менен кантип иштеш керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев, экономика боюнча эксперт Элдар Абакиров жана Эл аралык кызыл жарым ай коомунун өкүлү Бегимай Асанова катышты.

«Азаттык»: - Каныбек мырза, кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланыштуу бүгүнкү кырдаалда элди социалдык жактан колдоо максатында кошумча иш жүргүзүлөрүн билдирди эле. Кимге, кандай жардам көрсөтүлүүдө?

Каныбек Адиев: - Учурда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу 517 миң адам ар кандай социалдык төлөм, жардам алат. Биздин министрликке караштуу райондук жана шаардык башкармалыктар бул боюнча иш алып барышууда.

Биринчиден, эгерде бүгүнкү кырдаалга байланыштуу, биздин жарандар берилип жаткан социалдык төлөмдөрдү убагында ала албай калса, алардын мөөнөттөрүн 1-майга чейин узартабыз.

Экинчиден, азыркы күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тонна ун таратылып жатат, тизмелери түзүлгөн, ага жергиликтүү бийлик жардам берип жатышат. Мындан сырткары Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 536 тонна ун жана 40 тонна өсүмдүк майы бериле турган болду. Эртеңден баштап жер-жерлерге жеткириле баштайт. Бул жардам буга чейин төлөнүп келген жөлөкпулдан, башка жардамдан сырткары берилет. Бул да аз камсыз болгон жарандарга тизме менен таркатылат.

Ар бир үй-бүлөгө 3 каптан ун, 15 литрден май туура келүүдө. Ошондой эле дагы 1 миң тоннадан ашык унду май айында жардам катары беребиз деп турабыз.

«Азаттык»: - Жардам көрсөтүлүп жаткан жарандарды кантип тандайсыздар?

Каныбек Адиев: - Бизде ар бир башкармалыкта жардамга муктаж адамдардын тизмеси бар. Ар бир үй-бүлө, жеке жаранга чейин билебиз. Азыркы жардам бизден жөлөкпул алгандардын баарына эмес, коомдун өтө аялуу катмарына гана берилет. Ошол аз камсыз болгон жарандарды акы төлөнгөн коомдук иштерге да тартабыз, атайын окутуу жүргүзөбүз.

«Азаттык»: - Элдар мырза, бүгүнкү абалга байланыштуу өкмөттүн көрүп жаткан чаралары жетиштүүбү? Ал өз убагында болуп жатабы? Бул ишти алып барууда эмнеге биринчи көңүл бурулушу керек эле?

Элдар Абакиров: - Мен ушундай оор кырдаалда башка өлкөлөр эмне кылып жатышканын карап чыктым. Бери дегенде ондон ашык мамлекеттин тажрыйбасын окудум: ошол эле Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Чехия, Германия, Улуу Британия, Жапония ж.б. Азыркы оор күндөрдө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бүгүнкү жасап жаткан иштери канчалык маанилүү экенин билбейм. Министрликтин аракеттери коронавирус илдетине байланыштуу кырдаалды өзгөртө алабы деген суроо туулат. Жооп мындай: учурда миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз калды. Орусиянын өкмөт башчысы 22 миллион адам жумушун жоготконун моюнга алды.

Өзгөчө тейлөө тармагындагы адамдар катуу жапа чегишүүдө. Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен ушул убакка чейин тиешелүү сандагы жарандар социалдык жардам алып келишкен, дагы эле ала беришет, абал өзгөрбөйт, кеп анда эмес. Маселе азыр каптап жаткан илдеттин айынан 100 миңдеген адамдардын жумушсуз калышында. Биз аларга кандай социалдык колдоо көрсөтө алабыз? Алар эми үй-бүлөлөрүн кантип багат деген чоң суроо турат.

Бул маселенин үстүнөн жалаң эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эмес, Экономика министрлиги да катуу ойлонушу керек. Мисалы, Казакстан менен Өзбекстан илдеттин айынан канча адам жумушсуз каларын, аларга карата кандай чаралар көрүлөрүн аныктап, так маалыматтарды айтып жатышат. Казакстан ошондой жардамга муктаж боло турган 1,5 миллиондон ашык адамга 42 миң теңгеден (8 миң сом) төлөөгө даяр экенин так планын жарыялап жатат. Демек, биздин өкмөт жасай турган так кадамдарын билдириши керек.

«Азаттык»: - Бегимай айым, Кызыл жарым ай коому элге жардам көрсөтүп жатканы айтылууда. Сиздердин уюм кимге, кандай формада, канча суммада көмөк көрсөтүп жатасыздар?

Бегимай Асанова: - Дүйнөдө COVID-19 илдетинин жайылып жатканына байланыштуу Кыргызстандагы социалдык колдоо програмасынын алкагында 263 ашык ыктыярчылар тартылып, иш алып баруудабыз. Ыктырчылардын жардамы менен маалыматтарды топтоо иштери жүрдү. 1-марттан 31-мартка чейин жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага 1300 үй-бүлөгө жардам таратылды.

«Азаттык»: - Сиздер жардам кылган 1300 үй-бүлөнүн жардамга муктаж экенин кандай критерийлер менен аныктадыңыздар?

Бегимай Асанова: - Ким кандай жардамга муктаж экендиги боюнча тизмени бизге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги берет. Биз ошол боюнча элге жеткирип беребиз. Биз мындай жардамды министрлик менен бирге дагы улантмакчыбыз.

"Кызыл Ай" муктаждарга кол сунду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ошто азык-түлүктөн жардам сурагандар көбөйдү

Карантиндеги Ош шаары. 30-март, 2020-жыл.

Ош шаарында коронавирустан улам 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилип, шаардыктардын сыртка чыгышына күндөн-күнгө көзөмөл күчөтүлүп жатат.

Мындай кырдаалда жумушсуз, күнүмдүк кирешесиз калган тургундардын азык-түлүгү түгөнүп, элдик штабдарга кайрылгандар көбөйүүдө.

Ош шаарында коронавирустан улам 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилип, шаардыктардын сыртка чыгышына күндөн-күнгө көзөмөл күчөтүлүп жатат. Мындай абалда жумушсуз, күнүмдүк кирешесиз калган тургундардын азык-түлүгү түгөнүп, элдик штабдарга кайрылгандар көбөйүүдө.

Түгөнүп калып, жалдырап отурабыз. Биз акча топтогудай болгон жокпуз.

Шаардык мэриянын маалыматында калаада азык-түлүккө муктаждардын саны 700 кишиден ашат. Бирок бул расмий тизмеге киргендер гана. Өзгөчө абалга байланыштуу Ошто миңдеген адам жумушсуз калып, жүздөгөн адам азык-түлүк сурап кайрылууда.

«Азык-түлүктөн кыйналып жатабыз. Даяр эмес болчу. Мен аз-аздан гана алып келет элем. Түгөнүп калып, жалдырап отурабыз. Биз акча топтогудай болгон жокпуз. Эч жакка деле жетише албай калдык, катаал режим кирип калбадыбы. Унубуз жок, үч небере карайм, чалым оорукчан болуп калды, өзүбүз бирөөнүн үйүндө убактылуу турабыз».

Бул 63 жаштагы үч небереси жана оорукчан жолдошу менен отурган Оштун тургуну Майрамкан Абдылдаева. Ал жергиликтүү бийликке жана элдик штабга жардам сурап кайрылган.

Ош шаарында элдик штаб түзүлүп, иштей баштаганына бир жуманын жүзү болду. Анын мүчөлөрү буга чейин 300дөн ашуун кишиге азык-түлүк жана медициналык каражат таратышкан. Элдик штабды уюштургандардын бири Бексултан Абдисаламов жардам күткөндөрдүн басымдуу бөлүгү азык-түлүк сурап жатканын айтты:

Бексултан Абдисаламов.
Бексултан Абдисаламов.

«Азыр «Вотсапта» элдик штабдын атайын тайпасы бар. Ошол жакка кайрылгандар көп. Бирок тилекке каршы биз кайрылгандардын баарына жардам бере албай жатабыз. Он киши кайрылса, анын сегизи азык-түлүк сурайт. Калган экөө беткап, антисептик, мээлей сыяктуу жеке коргонуу каражаттарын сурайт. Көпчүлүгү азык-түлүк маселеси. Анткени көпчүлүгү күнүмдүк каражатына курсагын тойгузуп жүргөн кишилер эле да. Тилекке каршы азыр карантинде эч ким эч жакка чыкпай, акча таппай жатат. Ошол кишилер кайрылып жатат. Биз аларды болжол менен бир жума, он күнгө жете тургандай азык-түлүк менен камсыз кылганга аракет кылып жатабыз».

Элдик штаб тургундардан сырткары медицина жана милиция кызматкерлерин түшкү тамак менен камсыз кылууда. Штабга топтолгон акчалай жана материалдык жардамды негизинен жеке ишкерлер жана коомдук уюмдар бөлүп берүүдө.

Мындан башка дагы бир нече штабдар жана жеке уюмдар өз алдынча ар кандай жардам берүүгө киришти. Маселен, 30-мартта дагы бир штаб элден топтолгон жардамды координациялоо максатында түзүлгөн.

Ош мэриясынын кызматкери Максат Орозалиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда бүгүнкү күнгө карата алардын тизмеси боюнча 700дөн ашуун шаардык азык-түлүккө муктаж.

«Мүмкүнчүлүккө жараша болот, - деди ал. - Бардыгын жакынкы күндөрү камтыйбыз дегенден алысмын. Бул жерден категорияга бөлөбүз. Биринчи кезекте жалгыз бой, кароосу жок, улгайган жарандарга жардам жеткирилди. Мындан сырткары ыкчам иштегенге аракет кылып жатабыз, кайсы аймакта, канча муктаж адамдар бар, аларга жардам жеткирүү боюнча».

Мэрия Ошто өзгөчө абал киргенден кийин азык-түлүккө муктаж болгондор үчүн атайын каражат бөлө элек. Буга чейин берилген жардам жылына бөлүнгөн бюджеттен берилип жаткан. Орозалиевдин айтымында, бул маселе эми каралууда.

Ал арада эксперттер мамлекет тарабынан кичи жана орто бизнес өкүлдөрү менен иштешип, элди жумуш, азык-түлүк менен камсыз кылуунун камын көрбөсө кооптуу абал жаралып жатканын айтышкан.

Ошол эле учурда түштүк аймагындагы өзгөчө абалдан улам үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алганы байкалганын, анын негизги себеби азык-түлүктүн жетишпестиги экенин «Ак-Жүрөк» кризистик борбору билдирген.

Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Ашырбаев абалды мындайча сүрөттөдү:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Күнүмдүк 100-200 сомдон ак тапкан, анан «акчабыз түгөнүп калды» деп кайрылып жаткан жарандарыбыз да жок эмес. Андайлар көп кайрылып жатат, бул боюнча бийликке тапшырдык. «Жергиликтүү социалдык бөлүмдүн тизмесинде тургандарды, андан сырткары майыптарды үймө-үй кыдырып тактагыла» деп атайын бир топко тапшырма берилди. Эки күндүн ичинде тактап берсе, ошого карап, план кылып буйрук чыгарабыз. Колунда бар ишкерлерге өкмөттүк деңгээлде ишкерлерди бөлөлү деп жатабыз. Азыр бизге карантин канчага чейин созулушу белгисиз».

Коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош шаарларында, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген. Ош шаарындагы дарыкана жана азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка базарлардан тартып күркөлөргө чейин белгисиз мөөнөткө чейин ишин токтоткон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Базар-Коргонду дарылаган чакан учактар

Базар-Коргонду дарылаган чакан учактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Кыргызстан: COVID-19 дагы беш адамдан табылды

Ошентип, Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 116 киши болду.

2-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы беш кишиден табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Алардын экөө Ноокат районунда, бирөө Ош шаарында, экөө Баткендин Кызыл-Кыя шаарында катталган.

Ал арада Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам айыкканын 2-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын билдирүүсүндө "Ала-Бука районунда эки адам COVID-19тан айыкты. Бир аял жана бир эркек ооруканадан чыгарылды" деп айтылат.

25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган.


Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны бир миллионго жакындады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус акыркы бир жуманын ичинде бул илдеттен өлгөндөр эки эсе көбөйгөнүн билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 932 миңден ашып, 47 миңге жакын киши каза болду. Дагы 194 миңге жакын адам айыкты.

1-апрелде Британияда бир сутканын ичинде 4 300 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, 563 бейтап каза болгону кабарланды. Өлкө боюнча жалпысынан 29 миңден ашык адам илдетти жуктурса, алардын 2 300дөн көбү каза болду.

Италияда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктуруп алган 4 800 адам аныкталып, 727 киши өлдү. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 110 миңден ашты, каза болгондор 13 155.

АКШда акыркы үч күндүн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсе көбөйүп, жалпы саны 4 800гө жакындады. Илдетти жуктуруп алгандар 212 миңден ашты. Кошмо Штаттардагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши каза тапты.

Коронавирус алгачкы жолу өткөн жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги акыркы жумаларда өлкөдө бул илдетти жуктурган адамдардын саны кыйла азайганын билдирди. 1-апрелде Бээжин бир сутканын ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө вирус жуктурган 36 жаңы киши катталганын, алардын 35и чет өлкөдөн келген адамдар экенин кабарлады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өкмөт ишкерлерди салыктан бошотмой болду

Медициналык маска тиккен аялдар. Бишкек.

Жогорку Кеңеш ишкерлерге салык жеңилдиктерин берүү жана сырттан ташылган буудайды, өлкөдө өндүрүлгөн унду кошумча нарк салыгынан бошотуу сыяктуу укуктарды өкмөткө берди.

Айрым депутаттар кымбатчылыкка жол бербеш максатында үчүнчү тараптан ташыла турган товарлардын бажы төлөмүн убактылуу алып салуу өтүнүчү менен ЕАЭБ уюмуна кайрылууну сунуштап чыгышты.

Өзгөртүүлөрдү караган мыйзам долбоорлору

Жогорку Кеңеш "Социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу максатында айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карады.

Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорунун негизинде өкмөткө антикризисттик чараларды көрүү укугу берилгенин белгиледи:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Өкмөт азыркы кырдаалга жараша бул мыйзамдын негизинде салыктарды төлөөнү артка жылдырып же болбосо алдын ала төлөтүп алуу сыяктуу чечимдерди кабыл ала алат. Ошондой эле ал салыктардын чендерин түшүрүү жана туумдарды жоюу боюнча маселелерди чечип, кырдаалга карата чараларды көрө алат".

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кризис учурунда өкмөт анын кесепеттеринен ишкерлерди каражат жагынан колдой албасын ачык айткан. Бирок экономиканы сактап калуу үчүн ишкерлерге салыктан жеңилдиктер бериле турганын белгилеген.

Бажы тарифин түшүрүү сунушу

Депутат Абдувахаб Нурбаев өлкөдөгү пандемия коркунучунан келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыкты ооздуктоо үчүн күндөлүк зарыл товарларды үчүнчү өлкөлөрдөн кенен ташып келүүгө ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүп берүү маселесин айтып чыкты.

Ал бул үчүн өкмөткө ЕАЭБ уюмуна кайрылып, бажы төлөмдөрүнөн бошотуу демилгесин көтөрүү керектигин сунуштады:

"Сүйлөшүп, бизге үчүнчү өлкөлөрдөн кирип жаткан товарлардын бажы тарифтерин түшүрө алабызбы? Анткени бул абдан маанилүү. Муну кыла албасак, анда экономиканы отургузуп, ишкердикти биротоло өлтүрүп алабыз. Биз буга абдан катуу турушубуз керек. Эгерде ага каршы болсо, ушундай кыйын маалда жардамы тийбесе, анда “бизге мындай уюмдун кереги жок” дегенге чейин баруу зарыл".

Экономика министри Санжар Муканбетов мындай сунуш Евразия экономикалык комиссиясынын күн тартибине киргенин жана жакынкы коллегияда караларын айтты.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев комиссиянын коллегиясында андай жеңилдиктер каралып жатканын билдирди:

"Өткөн жумада Евразия экономикалык комиссиясы COVID-19 илдетине каршы күрөшүүнүн чаралары боюнча видео-конференция өткөргөн. Анда уюмга мүчө беш мамлекеттин өкмөттөрүнүн өкүлдөрү тарабынан эки чечим кабыл алынды. Биринчиси - ЕАЭБ уюмуна тыштан кире турган медициналык каражаттарга жана дары-дармектерге бажы тарифтери алынып салынды. Экинчиси - биримдиктин аймагында азык-түлүктү жана дары-дармектерди эч кандай тоскоолдуксуз алып өтүүнү макулдаштык".

Биримдиктин кереги барбы?

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов ЕАЭБ уюмунун талаптары ансыз деле бузулуп жатканын айтып, Казакстан жакында дан жана дан азыктарын сатууга чектөө койгонун мисал келтирди.

Алтынбек Сулайманов уюмга мүчө өлкөлөр убактылуу өз арабасын өз алдынча тартканы оң деген пикирде:

"Азыр ЕАЭБ иштеп жатабы? Иш жүзүндө ал бүгүнкү күндө иштеген жок да. Ошондуктан сиздер маселе коюшуңуздар керек. Ал же иштеш керек, же ушул кырдаалдан чыкканга чейин аны токтото туруп, ар кимибиз өз алдыбызча оокат кылышыбыз зарыл. Буудайды, унду казак туугандар бербесе, анда аны башка жактан алуунун жолун ойлоп таап, өз тиричилигибизди өзүбүз кылалы да".

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Анткен менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Казакстан Кыргызстанга карата кандайдыр бир товарларга расмий чектөө киргизбегенин айтты.

Бирок анын айтымында, коңшу мамлекет буудайды тышка чыгарууга лимит киргизип, өзүндөгү коронавирус илдетине байланышкан кырдаалга байланыштуу жүк ташууга убактылуу чектөө коюп жатканын белгиледи:

"Ушул убакытка чейин Казакстандан ун жана буудай ээн-эркин эле ташылып келип жаткан. Бирок өткөн бейшемби күнү буудай менен унду сыртка чыгарууга чектөө киргизип, Кыргызстанга сатканга айына 30 миң тоннага квота берген. Өзгөчө кырдаалдын шартына байланыштуу жүк ташуучуларга белгилүү бир убакытта өтүүгө чектөө коюлган. Бул маселе боюнча биздин премьер-министр менен Казакстандын премьери сүйлөшкөн".

Ишкер чөйрөнү гана коргогон чаралар

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөө мөөнөтүн үч айга чейин жылдырып, туумдарды жоюуга өкмөткө укук берди. Анан сырттан буудай ташып, өлкөнүн ичинде ун чыгарган ишканалар кошумча нарк салыгынан бошотула турган болду.

Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн антикризисттик деп аталган бул чараларын ишкерлердин гана кызыкчылыгын коргогон иш-аракеттер катары кабыл алды:

"Мунун карапайым калкка кандай тиешеси бар? Биз азыр байлардын салыктарын 1-октябрга чейинкиге жылдырдык. Бирок азыр жумушу жок, акчасы жок, үйүндө отуруп калган карапайым адамдардын маселесин чечкен жокпуз. Аларга кандай жеңилдик болот? Мыйзамга өзгөртүүлөр мына ошондой миллиондогон биздин жарандарга жеңилдиктерди карашы керек эле да".

Баш-аягы байкалбаган антикризисттик план

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков ишкерлерге берилген жеңилдиктер калкты каатчылыктан коргоп, жалпы элге таасири тийет ишендирди.

Бирок депутат Акылбек Жапаров өкмөттүн антикризистик чараларына ичи чыкпай турганын жашырган жок:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Азыр биз күнүнө 200-300 млн. сомдук ички дүң өнүмдү жоготуп жатабыз. Коронавирус деген экономиканы корона кризиске алып келе жатат. Ал эми сиздер чалажан жана так эсептери жок антикризистик планды иштеп чыгып коюпсуздар. Биз элге жакшылап түшүндүрүп бере ала турган антикризистик план качан пайда болот?".

Ал эми экономика министри Санжар Муканбетов бул антикризистик чаралар жасала турган иштердин биринчи гана топтому экенин айтты. Ал экономикалык көрсөткүчтөр чукулунан өзгөргөнүн белгиледи:

"Биз жыл башында экономикада 5 пайыз өсүү боло турганын болжолдоп жатканбыз. Анан февраль айында аны кайра караганда 3 пайызга чейин ылдыйлоо күтүлүп жаткан. Март айынын башында 2,8 пайызды түзүп, валюта рыногундагы абалдан улам 1,8 пайызга түшүү болду. Азыркы биздин божомол боюнча өзгөчө абал улана берсе, анда 6,8 пайыз минуска кетебиз. Ошондуктан ишкерлерди колдоо боюнча азыр каралып жаткан экономиканы жандандыруучу чаралардын биринчи топтому. Мыйзам долбоорлорунун экинчи жана үчүнчү топтомдорунда антикризистик фонддорду түзүү сыяктуу экономикага реалдуу түрдө таасир эте турган чараларды көрөбүз".

Пандемияга байланыштуу ички дүң өнүм азайып, бюджетке 28 миллиард сом түшпөй калышы буга чейин болжолдонгон. Бирок көз карандысыз эксперттер чыгым андан бир топ эсе жогору экенин айтышууда. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков жакында бир нече эл аралык каржы институтуна жардам сурап, кайрылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Түптөгү эл эмнеге нааразы?

Түптөгү эл эмнеге нааразы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Оренбургда ара жолдо калгандар

Оренбургда ара жолдо калгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Коронавирус өкмөттү ордунан козгоду

Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин сынынан кийин коронавируска каршы күрөшкө жооптуу болгон вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алынды.

Ушул эле күнү Аида Исмаилова вице-премьер, Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Кыйчалыш учурдагы мындай кадрдык жүрүштү коомчулук ар кандай кабыл алды. Бир даары муну өлкөдөгү социалдык, экономикалык абалга байланыштуу элдин нааразылыгын басаңдатуу аракети катары баалап жатат. Ошол эле учурда вирустун алдын алуудагы жетишсиз чаралар боюнча президенттин жоопкерчилигин көтөргөндөр да бар.

Өкмөт ашуудан ат алмаштырды

Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевди кызматтан алуу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койду. Буга алардын өздөрү берген арызы негиз болду. Мунун алдында Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылган.

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында «коронавирус жуккандарды жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери начар» деп, саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтер үчүн ошол кездеги министр Чолпонбаев менен вице-премьер-министр Өмүрбекованы сындаган:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Январда сиз (ред: Космосбек Чолпонбаев) «лабораториялар даяр» деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чара көрүшү зарыл болчу. Коопсуздук кеңешинин чечимин аткармак тургай, силер аны окуп да койбоптурсуңар. Космосбек Сариевич, муну саботаж деп коёт. Адамдын ден соолугун коргоп, ага күйө турган министрликтин башчысы болуп туруп аракет кылбасаңар, башкалар күйөт дейсиңерби? Лаборатория иштебей, баары күтүп жатат. Алтынай Сейитбековна, штабдын жетекчиси катары сизге да айттым эле. Урматтуу премьер-министр, орун басарыңыздан баштап министрге чейин чара көрүп, баа бериңиз».

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, Коопсуздук кеңеши коронавируска байланыштуу төрт жолу жыйынга чогулуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Бирок алар толук аткарылган эмес. Кеңештин сунушунан кийин өкмөт ашуудан ат алмаштырып, Аида Исмаилованы вице-премьер-министрдин, Сабиржан Абдикаримовду саламаттык сактоо министри кызматына сунуш кылып, аны коалициялык көпчүлүк колдоп берди. Ушул эле күнү алар сөз болуп жаткан кызматтарга дайындалды.

Исмаилова - парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты. Ал эми Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. 2010-жылдан соң кыска убакыт саламаттык сактоо министри болуп турган.

Өкмөттү өкчөгөн вирус

Коронавируска каршы өкмөттүн иши Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Исхак Масалиев ​өкмөттү ишти жөндөй албаса кызматтан кетүүгө чакырды:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Кыргызстанда болуп жаткан кемчиликтерге депутаттар жооп берип калды. Бирок бул туура эмес. Өкмөт, айлык алып отурасыңар, силер жооп бербейсиңерби? Болбосо кызматыңардан кетпейсиңерби?! Эки жыл мурун биз бекиткен өкмөттүн курамынан премьер-министрден башка эч ким калган жок. Парламент өкмөттү бекиткенде өкмөт башчы «ушул команда менен ийгиликтүү иштейм» деген. Ошол курамдын акыркылары бүгүн кетти. Кээ бир кызматтарда жетекчи эки жолу алмашты. Алыңар жетпесе кызматыңарды тапшырып кеткиле!».

Чын эле эки жыл мурун дайындалган, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүн курамынан Абылгазиев өзү, биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев гана калды. Калган үч вице-премьер-министр, министрлер жана комитеттер менен агенттиктердин жетекчилери дээрлик толугу менен алмашты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов аткаруу бийлигиндеги акыркы кадрдык өзгөртүүлөр менен вируска каршы туруу боюнча өкмөттүн аракетине мындай баа берди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Коронавирус илдети Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин өкмөттөрүнүн чабал жактарын чыгарып койду. Бизде өкмөт вирусту кой, жөнөкөй гана чакырыктарга даяр эмес экени көрүнүп турбайбы. Бирок эмне үчүн вице-премьер-министр менен саламаттык сактоо министри кызматтан алынды? Медицина тармагы даяр эмес экен дейли, башка кызматтарчы, алар даярдыгын көрсөттүбү? Анткени коронавирустун кесепети ушул тармакка биринчи тийди. Бирок ушундай кырдаалга жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү - баары даяр эмес экен. Өкмөт куру сөз, убада менен эле куралганы жана кадрлар менен уюштуруу иштери кандай экени анык болду. Коронавирус декабрда эле башталып, «Кытайда адамдар өлүп жатат. Жакында башка өлкөлөргө да тарайт» деген маалыматтар байма-бай айтылган да. Даярдыкты ошондо эле башташ керек болчу».

Өкмөт Кыргызстанда вирус чыккан биринчи күндөн тартып илдеттин жайылышынын алдын алыш үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөнүн кайталап келет. Ал тургай премьер-министр вирустун өлкөгө киришине даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт болгонун жана бийлик эмне кылыш керек экенин жакшы билерин жарыялаган.

Коомчулукта дарыгерлерге коргонуу каражаттары, эң жөнөкөй медициналык беткаптар, мээлейлер жетишсиз экени, аларды ооруканага ташуу жолго коюлбагы тууралуу бир нече жолу айтылган. Өкмөт мындай сын-дооматтын баарын эле мойнуна алганы жок. Саясатчы Бектур Асанов аткаруу бийлигине коюлган дооматтарга макул эмес.

«Мен 10 күн мурун Орусиядан келдим, - деди ал. - Казакстанга, Орусияга салыштырмалуу бизде даярдык жакшы экен. Коңшу өлкөлөрдөгү тууган-урук, тааныштар менен сүйлөшсөм «медициналык беткап жок» деп айтышты. Мен күнүгө эле дүкөнгө, дарыканага чыгып жатам. Бизде керектүү деген беткаптар, антисептик каражаттары жетиштүү».

«Президент да жооптуу»

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-мартта басма сөз жыйынында коронавируска байланыштуу кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө экенин айтканы бар. Жарандык активист Гүлжигит Исаков ушундан улам өлкө башчынын жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Эки кишини кызматтан алып коюу - коомчулуктун көңүлүн, нааразылыгын башка тарапка буруп, кандайдыр бир деңгээлде анын талабын канааттандыруу. 2019-жылы парламент өкмөткө ишенбестик көрсөтөрдө президент Жогорку Кеңешке кайрылып, өкмөттүн отчётун кабыл алдырып койгон. Ошондо Мухаммедкалый Абылгазиев «мен азырынча көнүшө элекмин, эми жакшы иштейм» деген. Бирок Абылгазиев 2016-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген. Ал де-факто төрт жылдан бери өкмөттө иштеп келатат. Дагы эле көнө элекпи? Кубатбек Боронов көп жыл бою өзгөчө кырдаалдар министри болду. Канча өкмөт алмашты, бирок бул киши кеткен жок. Азыр биринчи вице-премьер-министр. Президент Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы премьер-министр, кийин президент болду. Ал да төрт жылдан бери бийликте. Жыйынтыктап айтканда бул бийлик «биз ишке эми көнүп жатабыз» деп айтканга моралдык укугу жок».

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев да президенттин жоопкерчилигине байланыштуу маселеге көңүл бурду:

«Чындап келсе учурдагы кырдаалга бийлик толук күнөөлүү. Президент январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тапшырма берди. Эми анын аткарылышын көзөмөлдөп алышпайбы? Маселенин баары ушул жакта болуп жатпайбы. Президент өзү да жооптуу болуп, көзөмөлдөсө болот эле да».

Коопсуздук кеңешинин баркы кеттиби?

Коопсуздук кеңеши демекчи, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт Коопсуздук кеңешинин чечимдерин толук аткарбай жатканын белгиледи. Өлкө башчы бул сөздү биринчи жолу айтып жаткан жери жок. Коррупция менен күрөш, тоо-кен тармагындагы маселелер жана санариптештирүү иштери боюнча кеңештин чечимдерин аткарбаганы үчүн жыл башында айрым кызматкерлер иштен алынып, 30 кызматкерге чара көрүү тапшырылган.

Алмамбет Шыкмаматов Коопсуздук кеңешинин чечимдерине кайдыгер мамиле улана берсе бул кеңештин таасири жоголорун эскертти:

Эгерде чара көрүлбөсө, мындай көрүнүш улана берет.

«Коопсуздук кеңешинин чечими кынтыксыз аткарылышы керек. Аны аткарбагандар тез арада жоопкерчиликке тартылыш керек. Эгерде чара көрүлбөсө, мындай көрүнүш улана берет. Ушинтип отуруп Коопсуздук кеңешинин баркы да, наркы да, таасири да, күчү да калбай калат. Коопсуздук кеңеши - конституциялык эң чоң орган. Анын статусу Баш мыйзамда бадырайып жазылган. Коопсуздук кеңешинин жыйыны - жөн эле чогулуш эмес. Ал өлкөдөгү бирден-бир маанилүү орган жана анын төрагасы - президент».

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы төрт учур катталды. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарында бир, Сузак районунда бир, Кара-Көл шаарында бир жана Чүй облусунда бир адам аныкталды. Ошентип, бул илдетке чалдыккандардын саны 111 болду. Алардын 11и балдар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Медианы чектеген комендатура сынга алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек комендатурасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын чектегени парламентте сынга кабылды.

Мурдараак борбордун коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын кабарлаган. Укук коргоочулар жана бир катар уюмдар бул чектөө Конституцияга каршы келерин белгилешүүдө.

«Журналисттер чектелсе фейк маалымат көбөйөт»

Өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлган чектөө боюнча парламенттин 1-апрелдеги жыйынында өзү мурда журналист болгон депутат Жанарбек Акаев маселе көтөрдү. Ал медицина, укук коргоо кызматкерлери жана азык-түлүк ташыган мекеме өкүлдөрү менен бирге кабарчылардын иштешине да уруксат берилиши керек деген оюн ортого салды:

«Азыр биринчи кезекте түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатат. Анткени элибиз фейк маалыматтарга ишенип атпайбы. Бирок өкмөт, комендант эркин маалымат каражаттарына өткөрмө бербей жатат. Рейтинги жогору 20дай медианын бири да өткөрмө албаптыр. Болгону мамлекеттик медиаларга гана берипсиңер, бирок аны окугандар аз. Менимче коомдо орду бар, өз алдынча массалык маалымат каражаттарына, жок дегенде үчтөн-төрттөн журналисттерине өткөрмө беришиңер керек. Ошол эле убакта көчөдө ар кайсы кызматтанмын деп, күбөлүгүн көрсөтүп посттон толтура киши өтүп жатат. Ошолордон көрө элге маалымат жеткире турган журналисттерге да бериш керек да. Антпесеңер коомчулук фейк маалыматтарга ишенип жатат берет, жалган кабарлар көбөйөт».

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз да журналисттерге коюлуп жаткан чектөө туура эмес экендигин, мамлекеттик медиаларга гана уруксат берүү ачык-айкындуулук принцибине каршы келерин сынга алды.

Ал коронавируска байланыштуу кымгуут учурда эл аралык жана менчик жалпыга маалымдоо каражаттарына дүйнөнүн бир да өлкөсүндө чектөө коюлбаганын белгилеп өттү.

Депутаттын суроосуна вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жооп берип, медиалардын өтүнүчү комендатура менен кошо каралып жатканын айтты. Мунун алдында өкмөттүн коомчулук менен байланыш бөлүмү да билдирүү таратып, маалыматтар мамлекеттик телеканалдар аркылуу берилип жатканын кабарлаган.

Бир катар шаарлар менен райондорго өзгөчө абал режими киргизилген 25-март күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев «журналисттер топтошуп иштебей турганын, андыктан аларга чектөө коюлбай турганын» билдирген. Беш күндөн кийин өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып, кайра чектөө коюларын айтты.

«Биз кырдаалды талдап чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. Бул, биринчи кезекте, сиздердин ден соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн керек», - деген Орозалиев.

«Медианы чектөө Конституцияга каршы келет»

Ошол эле күнү бул жагдай бир катар уюмдардын жана укук коргоочулардын сынына түрткү болгон. 30-мартта билдирүү тараткан «Медиа Полиси Институту» уюму Бишкек комендатурасынын журналисттерди чектөө тууралуу чечими Конституцияга каршы келерин эскерткен. Уюм чектөө «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна туура келбей турганын белгилеген.

Ушул эле жүйөгө экс-депутат, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да кошулат.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Ооба, мыйзам боюнча комендант өзү дайындалган аймакта тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ. Бирок ал аккредитация же ушуга окшогон башка аракеттерин кайсы бир пландын, нормативдин чегинде жүргүзүшү керек. Ушу кезге дейре комендант кол койгон бир да буйрукту көргөн жокпуз. Басма сөз жыйынында айтып койду, ошону менен болдубу? Ал ар бир айткан сөзүнө жоопкерчилик алышы керек, кол коюлган жазуу түрүндөгү документ болушу керек. «Мен кааласам аккредитация кылам, каалабасам аккредитация кылбайм» дей бергидей, ал эмне, оюнчукпу? Көрүп жатасыңарбы, бизде азыр укуктук башаламандык жүрүп жатат», - деди ал.

Укук коргоочу ошондой эле Бишкек шаарынын комендатурасы юридикалык түшүнүктөрдү чаташтырып жатканын, ошондон улам түшүнүксүз жагдай болуп жатканын кошумчалады:

«Негизи аккредитация дегендин өзү эмне? Маселен, «Азаттык» же кайсы бир медиа бүткүл өлкөгө чагылдырууга укугуңар бар, ал эми Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты, ал кантип силердин аккредитацияңарды алып сала алат? Билбейм, ал мисалы кайсы бир жерде жүрүүгө, кайсы бир иш-чарага катышууга же комендатурасына, штабына кирүүгө аккредитация бербей коюшу мүмкүн. Бирок ал жалпы республика боюнча аккредитациясын алып сала албайт. Эгер комендант аккредитация деп «өткөрмө берүүнү» айтып жатса, анда ал да кайсы бир жобонун негизинде жүрүшү керек. Ал эми ал жобо - документ коомдук талкуудан өтүп, парламент бекитиши керек эле. Ансыз «бүгүн сен мага жагып атасың, өткөрмө берем», «эртең жакпасаң бербейм» дегендей болуп жатат».

Арийне, журналисттер деле жугуштуу илдеттин коркунучун түшүнүп, өзгөчө абалдын эрежелерин толук сактоого аракет кылууда. Ошол себептүү көпчүлүк редакциялар жамаатынын дээрлик баарын үйдөн иштетүүгө өтүштү. Ошол эле кезде эфирди алып баруучулар, модератор-дикторлор, режиссёрлор жумушка келүүгө аргасыз болуп жатат. Анткени ал жумуштарды үйдөн аткарууга мүмкүн эмес жана ага керектүү техника кеңседе гана бар.

Ушундан улам медиа мекемелер комендатурадан чектелүү гана кызматкерлерге өткөрмө кагазын сурап, аларга жумушка келип-кетүүсүнө уруксат беришин өтүнүүдө. Мында да коменданттык саат учурунда эмес, күндүзгү убакыт үчүн гана. Бирок азырынча уруксат тургай комендатурадан маалымат да алуу кыйын болуп жатат.

«Кактус Медиа» басылмасынын ээси Дина Маслова буларга токтолду:

Дина Маслова.
Дина Маслова.

«Өзгөчө теле-радио тармагындагы медиа-мекемелер жок дегенде чектелүү кызматкерлерине аккредитация алышы керек деп эсептейм. Аларга жок дегенде жумушуна барып келгенге тыюу салынбашы керек. Журналисттер ооруканаларды, поликлиникаларды кыдырып жүрүп алат деген жаңылыштык. Бирок маселенин мындан да башка жагы бар. Азыр комендатура өзү коммуникациясын жолго коё албай жатат. Ал тургай басма сөз катчысы да телефонун албайт же катыбызга жооп бербейт. Басма сөз жыйынында болсо өздөрү каалаган нерсени гана айтат, кургак статистика эле келтирип жатат. Бизде башка жүздөгөн суроолор жоопсуз турат. Адатта укук коргоо органдары маалыматка жабык келет деңизчи, бирок бул жолу жогору жактан «маалымат бербегиле» деген көрсөтмө болуп жатат окшойт. Албетте, аны далилдей албайм, бирок ошондой сезилип жатат».

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.

1-апрелге карата коронавирус жуккандардын саны Кыргызстанда 111ге жеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Түптүн элин түпөйүл кылган обсервация

Обсервацияга бериле турган жатакананын имараты, 1-апрель, 2020-жыл.

Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары коронавируска шек саналгандарды жаткырчу обсервацияны жабууну талап кылышты.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда болгон окуяны милиция териштире баштады. 31-марттан 1-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) №2 Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасынын 1-кабатынын терезелерин толугу менен талкалап кетишкен.

Учурда иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү кодексине катталып, Түп райондук ишки иштер бөлүмү карай баштаганы маалым болду.

Муну менен катар 1-апрелде социалдык тармакта ат минген бир нече адам милиция кызматкерлери менен жөөлөшүп жаткан видео тарады.

Биз барган тушта айылда кырдаал тынчып калган экен. Терезелери талкаланган имаратты милиция кызматкерлери кайтарып турганын көрдүк.

УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн беш-алты адамды алып кетишкени кабарланды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ызы-чуу өкмөттүн бул айылдагы балдар лагерин жана лицейдин жатаканасын коронавируска шек саналгандар үчүн обсервация кылуу боюнча чечиминен кийин чыккан.

Буга чейин 30-мартта эки тургундан коронавирус аныкталгандан кийин райондук штаб алар менен байланышта болгон 27 кишини Ысык-Көл айылындагы лицейде ачылган обсервацияга жаткырууну чечкен.

Бирок жергиликтүү тургундар каршы чыгып, аларды киргизбей коюшкан. Мындан улам карантинге алынгандар Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген.

Жатакананын терезеси.
Жатакананын терезеси.

Республикалык штаб 1-апрелде Ысык-Көл айылында үй карантин эрежесин сактабаган сегиз адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынганын билдирген. Алар чет өлкөлөрдөн (Орусия, Түркия) кайтып келген жана үй карантининин шарттарын бузган.

Бирок бул адамдарды эртең менен лицейдин жатаканасына жаткырыш үчүн алып баратканда жергиликтүү эл дагы каршылык көрсөткөн. Учурда сегиз тургун дагы Караколдогу ооруканага жаткырылды.

Жергиликтүүлөр каршылык маанайын аталган эки жай тең обсервациянын талабына жооп бербей турганы менен түшүндүрүштү. Алар көлгө жакын, нымдуу жерде вирус тез таркап кетет деп чочулашууда.

Айыл аксакалы Турдубек Жүдөмүшов: «№2 лицейге тиешелүү жатакананын шарты обсервациянын талабына жооп бербейт. Бул имаратта мен 40 жылдан ашуун иштедим. Дааратканалары салынганы менен ишке берилген эмес. Буга айылда суу маселеси толук чечилбегени себеп болгон. Ал маселе азыр деле бар. Сегиз айылдашыбызды обсервацияга жаткырабыз деп чечишти. Бул туура эмес. Ичинде суу жок болсо, даараткана иштебесе, тегереги тосулбаса кантип жаткырышат? Көлдүн жээгинде шамал болсо, нымдуу абада инфекция тез жайылып кетпейби!» - деди.

Атын атагысы келбеген дагы бир тургун мамлекет обсервация кылардан мурда шарт түзүшү керек болчу деген ойду айтты:

«Союз убагында деле ушул жерде кыйратып суу чыккан эмес. Ичи суук. Тегерек-чети тосулган эмес. Мал-жан ачык эле оттоп жүрөт. Көлгө да жакын. Жаткырбай эле койсо жакшы болот эле. Мына көрдүңөр, үйлөр жакын турат. Изоляция жок да! Эл нааразы. Терезелерди ким сындырганын деле билбейбиз. Бирок бул нааразылык маанай да. Айылдын өзүндө суу эки саат эле чыгат. Ошол убакытта жетишип алып калабыз. Лагерде тамакты казанга бышырат. Ысык суу жок».

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев аталган жайларды обсервация кылуу райондук бийликтин чечимин болгонун айтууда:

«Түп району боюнча төрт обсервация имараты бар. Анын ичинен Талды-Суу айылынын ооруканасы, Түп аймактык ооруканасы, Ысык-Көл айылындагы №2 кесиптик лицейдин жатаканасы жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерь обсервация болмок. Бул район жетекчилигинин чечими менен аныкталган. Ал жерди керектүү, зарыл нерселер менен камсыз кылышмак».

Окуя тууралуу кабарчы менен маек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
Түз линк


31-мартка карата облус боюнча 96 адам обсервацияда экени кабарланган. 18-31-мартта Кыргызстанда коронавируска 107 адам чалдыкты, алардын үчөө айыгып кетти. 107 адамдын экөө Ысык-Көл облусунда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Абазбек уулу: IV чейрек аралыктан окутулат

Расул Абазбек уулу.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам мектеп окуучуларына жана окуу жайларынын студенттерине жарыяланган үч жумалык каникул аягына чыгып баратат.

Билим берүү жана илим министрлиги ушул тапта төртүнчү чейректи аралыктан окутуу ыкмасы менен улантууну көздөп турат. Муну ишке ашырыш үчүн учурда жасалып жаткан иштер тууралуу «Азаттыкка» билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу айтып берди.

- Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жарыяланган үч жумалык мажбур каникул 8-апрелде аяктайт. Бирок азырынча мектептер балдарга эшигин ача албай турганы анык болуп турат окшойт. Билим берүү министрлиги окуучуларды жана студенттерди окутуу иштерин кандай жүргүзөт?

- Учурдагы абалга жараша Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде жана окуу жайларында дистанттык же аралыктан окутуу системасын киргизүүнү чечтик. Аралыктан окутууда бир нече багыт боюнча иш жүргүзүлөт:

1. Телесабактар. Бишкек жана Ош шаарларындагы тандалып алынган мектеп мугалимдери орус жана кыргыз тилинде 4-чейректе өтүлө турган сабактардын видео версиясын тартышат. Видео сабактар телеканалдар аркылуу элге көрсөтүлөт. Анда башталгыч класстардын да, жогорку класстардын да программалары камтылган. Мындан тышкары мектепке чейинки «Наристе» программасы кошулат. ЭлТРдин «Илим-билим» каналы, КТРКнын «Баластан» каналы, «Пирамида», 5-канал аркылуу жалпы өлкөбүздөгү мектеп окуучуларына көрсөтүлөт. 8-апрелден тартып кадимкидей сабактардын базалык планына ылайык, атайын алдын-ала түзүлгөн жадыбал боюнча сабактар өтүлө баштайт. Андан сырткары ушул эле сабактар «YouTube» каналдарына жана атайын порталга жайгаштырылат.

2. Интернет-ресурстарга окуу материалдарын жайгаштыруу. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан oku.edu.gov.kg. билим берүү порталы түзүлүп, учурда анын контентин толтуруу иштери жүрүп жатат. Бул порталга 1-11-класстардын окуу материалдары, китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видео сабактар, өнүктүрүүчү оюндар жайгаштырылат. Буга кошумча «Кыргызстандын билим берүү ресурстары» деген «YouTube» канал ачылды.

3. Онлайн окутуу. Окуучулар менен мугалимдин ортосундагы түз байланыш абдан мааанилүү болгондуктан, учурдагы технологияларды («Zoom», «Google classroom», «Telegram», «WhatsApp») колдонуп, окутуу системасын да киргиздик. Бул тармактар аркылуу аралыктан сабак өтүп, тапшырмаларды берип, кайра аларды текшерип алууга мүмкүнчүлүк бар.

4. Окуучуларды тестирлөө. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук тестирлөө борборуна 4-11-класстардын 13 предмети боюнча (математика, химия, биология, география, кыргыз тили, орус тили, өзбек тили, тарых, адам жана коом, англис тили, орус тили кыргыз мектептери үчүн, кыргыз тили орус мектептери үчүн, эне тили, мекен таануу) диагностикалык тесттерди иштеп чыгып, Интернетке жайгаштыруу милдети жүктөлдү. Бул жумуш этап-этабы менен, апрель, май айларында жасалат.

5. «Альфа Телеком» компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык, компания өлкө мугалимдерин бирдиктүү корпоратив тарифине кошуп, Интернетке баланста каражат жок болгон учурда да кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле компаниянын «Мега24» мобилдик тиркемесинде «Санариптик мектеп» уячасы кошумча жасалып, ал жерге мектепке тиешелүү контентти киргизүү иштери жасалууда.

Мындан сырткары министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдарын жайгаштырган https://kitep.edu.gov.kg, https://lib.kg/lib/school/ сайттарын сунуш кылат.

Ошондой эле окуучулар жана ата-энелер мекеме тарабынан даярдалган iBilim (башталгыч класстар үчүн) жана «Билим булагы» мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды: http://ibilim.kg/kyr/index.html, http://bb.edu.gov.kg/index.php.

- Социалдык тармактарда «мектеп мугалимдерин видео сабактарды тартууга мажбурлап жатышат» деген дооматтар пайда болду. Сиздин жообуңуз?

- Андай дооматтардын баары негизсиз. Видео сабактарды ЮНИСЕФ жана өнөктөш телеканалдар менен кошо өзүбүз тартып жатабыз. ЮНИСЕФ бизге контентти толтурууда чоң жардам берип жатат. Биз тескерисинче ошо видео сабактар менен иштеген мугалимдерге дем бериш үчүн атайын сынак жарыяладык. Сынак «Эң мыкты видеосабак» деп аталат.

- Расул мырза, бүтүрүүчү класстардын жалпы республикалык тестирлөөсүнө даярдык кандай жүрүп жатат? Тестирлөөнүн мөөнөтү да жылса керек?

- Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 3-апрелге чейин жүрүп, аяктоого тийиш болчу. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бул да белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Азыр бул багытта даярдык иштери жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу боюнча онлайн ресурстардын топтомун сунуш кылды.

Кыргыз жана орус тилдериндеги (негизги жана предметтик тесттер) акысыз онлайн (2 вариантта) сынак тест. Шилтеме - http://testing.kg/ort/.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун «Фейсбуктагы» жана «Инстаграмдагы» баракчаларында ЖРТ тууралуу маалымат, негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу боюнча кеңештери да бар.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы төрт учур катталды

Ошону менен илдет жуккандардын жалпы саны 111 адамга жетти.

1-апрель, саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы төрт учур катталды. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Жалал-Абад шаарында бир, Сузак районунда бир, Кара-Көл шаарында бир жана Чүй облусунда бир адам аныкталды.

Ошентип, бул илдетке чалдыккандардын саны 111 болду. Алардын 11и балдар.


18-31-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 107 болчу. Алардын үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустун тарашынын алдын алыш үчүн 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.


Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 31-мартта өзгөчө абалдын эрежелерин күчөтүү боюнча буйруккка кол койгонун билдирди. Анын айтымында, өзгөчө абалдын талаптарын аткарбагандарга чара көрүлөт.

Анда «туугандарга, досторго, кошуналарга жана башкаларга конокко барууга, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары үч адамдан көп чогулууга тыюу салынат» деп айтылат. Ошондой эле өзгөчө абал учурунда коомдук жайда беткапсыз жүргөн адам миң сом, мындайга жол берген юридикалык жактар 5 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат. Күндүз көчөгө чыгуу эрежесин бузган адамга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.

Түнкүсүн кармалгандар коменданттык саат аяктаганча милиция бөлүмүндө болот, жанында документи жоктор ким экени аныкталганча үч суткага чейин камалат. Карантин, обсервация режимин сактабагандык, дарылануудан качуу, оорусун жашырып, башкаларга жугузуу 15 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул менен жазаланат. Санитардык-эпидемиологиялык эрежени атайылап же кокусунан бузуунун айынан башкалар жапырт ооруга чалдыкса жаза чаралары Жазык кодексинде жазылган. Мындан тышкары өзгөчө абал учурунда иштөөгө уруксат берилген тараптардын тизмеси жарыяланды. Алар саламаттык сактоо системасы, ооруканалар, шаар инфратүзүмү жана коммуналдык кызматтар, кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарбасы, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык препараттарды жеткирүү кызматтары.

Ошондой эле жарандарга жашаган жеринен 1,5 чакырым алыс радиуста дүкөнгө, дарыканага барууга тыюу салынды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Капилет келген илдет, камы жок өкмөт

Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тиешелүү зарыл деген дары-дармектер запасынын камсыз болбогону саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүн тынчсыздандырууда.

Даярдыктын начардыгын Коопсуздук кеңешинде президент да сынга алып, өкмөт башчысына саламаттык сактоо министри менен республикалык штабдын жетекчилерине чара көрүүнү сунуштады.

Финансы министрлиги тарабынан өз убагында өзгөчө эпидемиологиялык жагдайдын алдын-алуу үчүн шашылыш каржылоо ыкчам жүрбөгөндүктөн азыркы мезгилде сырттан дары-дармек сатып алуу татаал болуп турганы белгиленди.

Кебелбеген жетекчилер, кечиккен каржылоо

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин мүчөсү Айбар Султангазиев "Фейсбук" социалдык тармагы аркылуу өлкөдө коронавирус илдети жайылган чакта медицинаны ыкчам каржылоону ишке ашырбаганы үчүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны айыптап чыкты.

Ал айрыкча керектүү дары-дармектерди, врачтар үчүн коргоочу кийимдерди, медициналык жана дезинфекциялоочу каражаттарды өз убагында сатып алууга акча бөлбөй, тармакта таңкыстык жаралган жагдай үчүн башкы финансисттин бейкапарлыгын сынга алды:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

"Эмне себептен биздин ооруканалар ушул күнгө чейин чырылдап, алдын-ала эч нерсе сатып алалбай келишти? Алар каражат өз убагында которулбаса, эмне кылабыз деген жоопторун айтып жатышат. Мамлекеттин колунда, СПИД борборунда сакталган вируска каршы дарылар бар болчу. Анан Ош менен Жалал-Абад облустарында илдет чыкканда, ошол тарапка жөнөтүштү. Ал эми дары сатып алууга акча бөлүнгөн жок. Финансы министрлиги болгону кечээ гана дарыгерлердин маянасы үчүн акча которуптур. Эгерде дары-дармекке акча которулбаса, анда Саламаттык сактоо министрлиги эмне кыла алат? Акчасы жок, дары ташыган компаниялар менен кантип сүйлөшөт?"

Айбар Султангазиевдин маалыматы боюнча, Финансы министрлигинин саламаттык сактоо мекемелерине март айынын аягына чейинки карызы 928 млн. сомду түзгөн. Борбордук казыналык кассаны 30-мартта гана ачып, керектүү акчанын 300 млн. сомун бөлгөн. Ыкчам чара көрүүнүн шартында каржылоонун кечеңдешинин себебин сурап, Финансы министрлигинен комментарий ала алган жокпуз.

Министрдин калпы чыкты

Бирок саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 17-марттагы брифингинде дары-дармек жетиштүү экенин айткан болчу:

"Бизде бардык дары-дармектер, ооруканалар жана врачтар даяр. Дүйнө жүзүндө коронавирус илдети тарай баштаганда эле биз ага даярданып, тиешелүү чараларды көргөнбүз. Бүгүнкү күндө бизде бардык жетиштүү күч бар. Ооруканалар, кошумча резервдик койкалар даяр. Лабораторияларда реагенттер жетиштүү".

Ошол эле кезде 31-мартта Коопсуздук кеңешинин чакан форматтагы жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигинин илдеттин жайылышына каршы аракеттерин сынга алды.

«Январда сиз "лабораториялар даяр" деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүшү зарыл болчу», - деп белгиледи президент саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып.

Коопсуздук кеңешинин чечими менен айрым өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо жагы премьер-министрге сунушталды.

Дары-дармек жокпу?

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин төрайымы Нурхан Жумабаева Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасында өзгөчө эпидемиологиялык кырдаалдар үчүн сактала турган препараттар, медициналык каражаттар жана атайын коргоочу кийимдер тууралуу түк маалымат жок экенин айтты:

"Мамлекеттик материалдык резереврдер фондунунун кампасында азык-түлүктүн эле эмес, ар кандай эпидемиологиялык кырдаалдар үчүн абдан зарыл дары-дармектердин дагы алты айга жете тургандай запасы турушу керек болчу. Бирок азыр бизде мына ошондой дары-дармектер, коргоочу медициналык каражаттар бар же жок экенин эч кимиси айтпай жатпайбы. Анан эртеңден баштап дары-дармек жетишпей калса, эмне болот? Анткени дүйнөдө азыр кээ бир дарылар таңкыс болуп жатат".

Буга чейин 19-мартта кырдаал боюнча парламентте суроолорго жооп берип жатып, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун аты эле калганын айтып, ал жактагы мындай абалдын себептерин төмөндөгүдөй айткан жайы бар:

"Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун аты эле бар экен. Бизде көбү мындай учурларда бардыгын ишкерлер өздөрү эле камсыздап коёт деп ойлошот. Кээ бирөөлөр “мына ошол фонддун кереги барбы, аны жок кылбайсыңарбы” деп айтышкан. Мен бүгүн үч айга жете тургандай запасы менен күнүмдүк зарыл азык-түлүк түрлөрүн жана эң зарыл медициналык препараттарды материалдык резервдерде кармоо керек деп айтаар элем. Мыйзамдарга дагы өзгөртүү киргизүү керек. Анткени өзгөчө кырдаалдар учурунда биз тендерсиз эч нерсе сатып ала албайт экенбиз".

Ошол эле кезде өкмөт буга чейин Саламаттык сактоо министрлигиндеги эпидемиологиялык фонддо канча акча бар экенин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонууга каралган каражаттарынын канчасы абалды жөнгө салууга багытталары тууралуу маалымат бере элек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдетин пандемия деп жарыялаганга чейин эле коңшу мамлекеттер медицина тармагын ыкчам түрдө кошумча каржылоону чечкени белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG