Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Кыргызстанда кадр кризиси башталдыбы?


Президент вице-премьер-министр кылып Ө.Абдуллаеваны дайындап, анын ордуна социалдык коргоо министри болуп Н.Ташпаева барды.ИИМ орун басары Д.Федоров президент администрациясынын коргонуу бөлүм башчылыгына дайындалды. Саясат талдоочулардын баамында, мындай өзгөрүүлөр кадрдык кризистин башталышынан кабар берет.

Мурдагы президенттин мезгилинен бери өкмөттүк жогорку кызматтарда иштеп келген Өктөмхан Абдуллаева вице-премьер министрликке кызматынан өз каалоосу менен баш тарткан Элмира Ибраимованын ордуна барды.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаева.


Жашына байланыштуу Ички иштер министринин орун басарлыгынан кеткен Темиркан Субанов менен президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүн башкарууга дайындалган дагы орун басар Дмитрий Федоровдун ордун буга чейин коомго ысымдары анча белгилүү эмес Талантбек Исаев менен Манас Акматбеков ээлешти.

Бир караганда мындай кадрдык өзгөрүүлөр кадимки эле орун которуудай көрүнгөнү менен саясат талдоочулар ага дүйнөлүк каржы кризиси тушап келе жаткан маалда кыргыз бийлигинин ички саясатынын басаңдап калгандыгынан кабар берет деп баа берип жатышат. Ал тууралуу Кубан Абдымен мындай дейт:

-Экономикалык кризистин айынан кадр саясаты да кризиске такалганы байкалып жатат. Кризистик менеджер деп эл аралык деңгээлде сөз айтылып жатпайбы. Бизде да ошол айтылып жаткан талапка ылайык кадрларды алып келип иштетсек элдин учурдагы нааразылыгын басаңдатчу аракет болот деген максат менен дайындалып жатат. Бирок, бул кадр маселесинде чоң кризистин башталгандыгынын белгиси.

Кубан Абдымендин баамында, кызматка жаңы дайындалган адамдар кризистен алып чыгат жана ага жалпы өкмөттүн ичинде дараметтери жетет деп айтууга болбойт:

-Тескерисинче, кризистик абалдан чыгарууга эч бир жарамдуулары жок болгондуктан колунда бар кадрлардын ичинен кичине даяр жана ылайыктууларын тандап, дайындоого мажбур болду.Эгер булардан башка жана иштөөгө макул болгондору болсо сөзсүз дайындамак. Даяр кадрлар макул болбой жаткандыктан айласыздан мурункуларды дайындоого барып жатат.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Жолдошбек Жакыпов саясат талдоочунун мындай баасына макул эмес. Анын оюнда, бул кадимки эле дайындоолор:

-Менин оюмча, андай чоң негиз жок. Бул кадимки эле кайра дайындоолор. Ошон үчүн кадр саясаты ыдырап жатат дегенге негиз жок. Эки-үч жылдан кийин кадрлар алмаша берет. Бул дагы кадимкидей эле алмашуу. Анын үстүнө түбөлүк иштей турган кадр жок. Бул ушинтип акырындап алмашып отуруп жаңылануу жүрчү процесс деген ойдомун.

Эл арасында болсо президент жакынкы бир-эки айдын ичинде бийликте ири өзгөрүүлөрдү жүргүзүп, өкмөт курамын да жаңылашы мүмкүн деген сөз көбөйдү. Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев буга оппозициянын талабы таасир берди деген ойдо. Бирок оппозициянын башка өкүлдөрү президент чукул бурулуштарды жасоо менен эмдиги жылы болчу президенттик шайлоого кам көрүп, анда жан-дили менен кызмат кылчу жаңы адамдарды топтой баштады деп жатышат.

Бул жагдайдан алганда президенттик администрация башына Курманбек Бакиев кимди дайындаары чоң маселе болуп турат. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Бөрк ал десе баш алчу” адамды тандап жатат десе, дагы бир белдүү оппозиционер Аликбек Жекшенкулов күч органын башкарууда тажрыйбасы бар адамды алып келет деген ишенимде.

Анткен менен президенттик администрация башына ким келсе да ал президентке таасир көрсөтүү шыбагасын азыр президент алдында түзүлүп жаткан катчылык менен тең бөлүшөт деген ойлор басымдуу. Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, катчылыкты түзүү чечими Садыркуловдун тушунда эле ушундай максат менен кабыл алынган:

-Президенттик администрациянын мамлекеттик башчыга болгон таасирин азайтабыз деген максатта тегерегиндеги күчтөрдү экиге бөлүп, анан администрация жетекчиси менен катчылык жетекчисинин ортосунда ажырым боло тургандай кадамга барышкан. Бул администрация жетекчисинин президентке таасирин азайтуу максатында жасалган. Андыктан азыр президенттик администрациянын жаңы жетекчиси дайындалса ага атаандаш боло турган мекеме катчылык болот.

Ал эми катчылыктын башына жана президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүн башкарууга улуту орус кадрлардын дайындалышында да чоң саясат жатат деген түкшүмөлдөр арбын. Саясат талдоочу Кубан Абдымен буга президенттин Орусиядан алынчу 2 миллиард доллардын тагдырын чечүү үчүн жакында Москвага барары түрткү берди десе, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов бул президенттин эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саясий топтордун ортосунда тең салмактуулукту кармап туруу үчүн кабыл алган чечими деп билдирди:

-Кыргыз кызматкерлерине ишенбей, маалымат тарабасын деген максат менен башка улуттагы кадрларды дайындоо чечимин кабыл алды. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн чечими.




XS
SM
MD
LG