Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

Депутаттык кол тийбестик парламент үчүн чоң тараза


Кыргыз оппозициясы кылмыш иштерин ачууну саясий куугунтук деп, аны токтотууну бийликтен талап кылууда. Бийлик болсо аны коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө аракети деп билдирүүдө. Айрым талдоочулар мындай тирештин акыры өлкөнү саясий бейстабилдүүлүккө алып барышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Кыргыз коомчулугу азыр 23-июлда боло турган президенттик шайлоодо кимдер ат салышып, кимиси мөрөй алаар экен деген ой менен алек. Бирок өткөн жылдан бери президент Курманбек Бакиев кызматтан кетсин деген ураан чакырган оппозиция башын бириктирип, Бирдиктүү элдик кыймыл түзгөндөн кийин анын өкүлдөрү менен бийлик саясатына тескери көз караштагы адамдарга каршы кылмыш иштерин ачуу, камакка алуулар коомдун бүйүрүн андан кем эмес кызытып турат.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго каршы кылмыш ишинин ачылышы ого бетер күчөтүп, эки тараптын бири-бирин аңдуусун чыңап жатат. Айрым саясат талдоочулар парламент Өмүркуловду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратса тиреш күчөйт деп божомолдоп турушат.

Саясат талдоочу Токтогул Какчакеевдин баамында, ага негиз берчү жагдайлар төмөнкүлөр:

-Эгер бул жол менен кете берсек шайлоого чейин эле коомчулук бөлүнүп, кагышууга барууга жол ачылып калат. Анткени ар бир саясатчынын, депутаттын, министрдин же катардагы эле коомдо башы көрүнгөн инсандын регионалдык, уруулук, досчулук, туугандык,ишмерлик байланыштары абдан чоң. Анын үстүнө ушул жолду Кыргызстандын бийлиги деле пайдаланып келатпайбы...

Анткен менен Жогорку Кеңеш Өмүркуловду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратууга бара койбойт, аны Социал-демократ депутат Бакыт Бешимовдун “Президенттин ишмердиги жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизип, экс-президенттен кол тийбестик укукту алып салалы деген сунушун депутаттардын четке кагышы айгинелеп койду деп жатышат.

Саясат таануучу илимпоз Жолборс Жоробековдун баамында, эгер парламент андай чечимге барса келечекте ар бир саясатчынын салмагын аныктоого жол салып калат:

-Эгерде Жогорку Кеңеш Иса Өмүркуловдун депутаттык кол тийбестик укугун алып салса абдан чоң прецедент болот. Анткени эгемендик башталган замандан тартып азыркыга чейин бир да жолу мындай окуя болгон эмес. Эгерде ала турган болсо ошол эле “Ак жолчулардын”, “Социал-демократтардын” жана “Коммунисттердин” арасынан бир топ депутаттарды суракка алып, жоопко тартууга өнөкөт башталып калышы мүмкүн. Ошон үчүн эң ириде Иса Өмүркуловго коюлган кинени, анын мамлекетке келтирген зыяны канчалык коркунучтуу экендигин аныкташ керек.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ажыбай Калмаматовдун баамында, бул өтө карама-каршылыктуу маселе боюнча чечим кабыл алуу депутаттын ар бири үчүн оңой болбойт. Бирок тартип коргоо органдары депутат жасаган мыйзам бузуулар депутаттык кол тийбестик түккө турбай тургандай кооптуу иш болсо мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи даражага коюлат дейт Ажыбай Калмаматов:

-Бул жерде өтө кооптуу кылмыш иш болсо же мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган иштер болсо жеке адамдын кызыкчылыгына караганда мамлекеттин кызыкчылыгы менен коопсуздугу биринчи орунда болот.

Анткен менен коомдо көп жыл унут калган иштердин азыр, оппозиция биригип жатканда козголуп жатышы бийликтин кандай жол менен болсо да өзүнө түс үйрүгөн күчтөрдүн үшүн алууга аракетин байкатат деген пикир басымдуу. Ошондой эле бул бийликтин келечегине доо кетирчү көрүнүш деп баалагандар арбын.

Мурдагы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковдун баамында, эгер кырдаал ушул калыбы менен өнүгүп отурса элдин бийликке ишенимин оппозициянын чакырыгысыз эле кетирип салышы ажеп эмес:

- Мен бийликтин бул кадамын туура көрбөй жатам.Эгерде жасаган кылмышы болсо аны дароо эле ачып, көрсөтүш керек болчу. Бизде бир жаман өнөкөт пайда болду. Эгер бирөө саясий көз карашы менен башка багытты көздөп кетсе эле мурда бир окуясын кайра сууруп чыгып, кайрымакка илгендей абалда кармап турушат. Эгер ал чын болсо да элдин көбү ишенбей калышы мүмкүн.

Ал эми “Кебел” жаштар клубунун жетекчиси Мирзат Ажиев оппозиция менен бийликтин минтип тиреши коомчулукта бейстабилдүүлүктү жараткан менен чечкиндүү иштерге түртпөйт, анткени эки тараптын өкүлдөрүнүн башкы максаты бийлик. Бийлик үчүн жеке дымактардын кармашынан карапайым эл жадагансып калды дейт:

-Саясий күрөштө тирешип жүргөн адамдар чын жүрөгү менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошом, ал үчүн аракет жасайм десе абал башкача болмок. Эки тарап тең бир чөйрөнүн адамдары, себеби алар ыңкылапты бирге жасап, кадамдарды чогуу жасашкан. Ошондуктан азыр мансап, бийлик үчүн жеке дымактардын күрөшү жүрүп жатат. Бизге окшогон жаштарды көтөрөлү, ушулар оңдоор бекен деген ой жок, мен каалагандай гана болуш керек деген эле жеке максат, көз караштардын күрөшү жүрүп жатат. Аларда эл үчүн, мамлекет үчүн келечекти куралы деген идеялардын жоктугунан талаш болуп жатат.

Башкы прокуратура Иса Өмүркуловду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчүн Жогорку Кеңешке азырынча жолдой элек. Эгер мындай өтүнүч түшүп, парламент Өмүркуловду кол тийбестик укуктан ажыратса бейстабилдүүлүккө түрткү берчү окуя болот, бирок ошол эле учурда ар бир депутаттын мурда, кийинки жашоосун салмактаар тараза болот деп күсөгөн кызыгуу коомдо күч.

XS
SM
MD
LG