Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Ошто Кыргызстанды бөлүү чакырыгы ташталууда


Ошто таратылып жаткан баракча.
Ошто таратылып жаткан баракча.

Ошто белгисиз адамдар компакт дискттерди, баракчаларды жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусун таратышууда. Аларда Убактылуу өкмөт караланып, Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын түптөө чакырыктары жазылган.

Талдоочулар муну мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүү, өлкөдөгү кырдаалдан пайда көрүү максатын көздөгөн күчтөрдүн арзыбаган аракети катары баалап жатышат. Коопсуздук комитети болсо бул иш териштириле баштаганын билдирди.

Дискттерде экс-президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусу камтылып, анда азыр убактылуу өкмөт башында тургандардын бири Алмаз Атамбаев убагында премьер-министрлик кызматты мурунку өлкө башчысы менен кантип соодалашканы тууралуу баяндалат.

Кайрылууда 7-апрелдеги кагылыштарда ок Ак үйдөн эмес оппозициянын чагымы менен арттан атылганы белгиленип, буга жоопкерчилик азыркы утурумдук өкмөт мүчөлөрүнө жүктөлгөн.

Төлөгөн Келдибаев
Мындай мазмундагы беш миңге чукул компакт-диск Ош, Кара-Суу шаарларында жана Алайда байма-бай таратылууда. Ош шаарынын тургуну Төлөгөн Келдибаев үйлөрдүн дарбазалары алдына, базарларда түнкүсүн ташталып жаткан бул баракчалар жергиликтүү элде убактылуу өкмөткө карата ирээнжүүнү пайда кылып жатканын айтат. Дисктер менен катар эле өлкөнүн түштүк аймагын өзүнчө бөлүнүп кетүүгө үндөгөн “Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын” түптөө чакырыктары бар баракчалар да жайылтылууда.

- Дискти көргөндөн кийин элде убактылуу өкмөт бийликке таза жол менен келген эмес деген маанай пайда болуп атат. Ал эми баракчанын мазмунуна эл нааразы. Анткени“Кыргызстандын бүтүндүгү керек, өлкөнү экиге бөлгөнгө каршыбыз” деген пикирдегилер көп. Бирок дискти көргөндөн кийин убактылуу өкмөттүн бийликке келгенин колдобой калгандар көп болуп атат.

Кеңешбек Дүйшөбаев
Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшебаев бул иштердин артында Бакиевдердин үй-бүлөсү тургандыгын айтып, учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди.

- Бакиев, анын бир туугандары жана үзөнгүлөштөрү аракет кылып атат. Алар өздөрүнун жеке керт башынын кызыкчылыгын кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин келечегинен, кызыкчылыгынан өйдө коюп атат.

Талдоочу Бакыт Орунбеков өлкөнүн түштүгүндө элди бөлүп жарууга кызыкдар жеке эле бакиевчил күчтөр деп эсептебейт. Ал учурдагы өткөөл кырдаалдан пайдаланып мамлекеттин бүтүндүгүнө шек туудургусу келген үчүнчү күчтөр катары коңшу мамлекеттердин чыгуусун да четке какпайт.
Бакыт Орунбеков

- “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген бар. Биздеги демократиялык өзгөрүүлөр, эркиндикке умтулуу аракеттери башкалардын көзүн кызартып жаткан мезгил. Ушундай оор кырдаалдан пайдаланып кошуналардын айрым күчтөрү ошондой чагымчылык аракеттерди жасашы да ыктымал. Мындан башка биздин жаныбызда ислам радикал топтору бар. Алардын Фергананы өзүнчө мамлекет катары бөлүү идеялары бар. Биздеги курч кырдаалды ошол ислам радикал күчтөрү да пайдаланып атышы мүмкүн.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин өкүлү Бурул Осмоналиева жакында Чүй боорунда орун алган Таш-Дөбө айылынын тургуну, түбү алайлык жигиттин форель чарбачылыгына болгон кол салуу, кечээ Бишкекке тест тапшырганы келе жатып милициянын ур-токмогуна кабылган жалалабаддык бүтүрүүчүлөр окуясын мисал тартып, эл арасындагы мындай бузукулук маанайды орнотуп жаткандарга чогуу чаран чаралар башталбаса, өтө кооптуу жагдай түзүлүшү мүмкүн дейт:

- Менин оюмча, бул жерде үчүнчү күчтөр дагы бар. Ушинтип план куруп элди жарып-бөлүп бузганга кимдер кызыкдар болот? Ортодон кандайдыр бир пайда таап калайын деген күчтөр болуп атабы?.. Бирок эл арасында чындап эле ушундай бөлүнүүчүлүк бар экен. “Бытовой регионализм” бизде чындыгында бар. Мен ушуну көрүп атам. Дүкөнгө кирсең же башка жакка баш баксаң деле сүйлөп атышат: “мына жакшы болду, оштуктар кетти” деген сөз. Бул өтө чоң бомба болчу нерсе. Билимдүүлөр басыш керек мындайды. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Канткен менен айрым байкоочулар өлкөнүн түндүк тарабында да, түштүк тарабында да эл арасында мындай чакырыктарга каршы маанай күч экенин, эл андай чагымдарга жол бербестигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG