- Алгач сөздү Азимбек мырза сизге узатсак, оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирүү максаты менен түзүлгөн меморандумга кол коюудан сиздердин кыймыл эмне үчүн баш тартты ?
Азимбек Бекназаров: – Баш тартты деген сөздүн өзү туура эмес. Анткени биздин кыймылдын лидерлери региондордо болгондугуна байланыштуу биз чогула алган жокпуз, бул биринчиден. Экинчиден, биздин революциялык кыймылдын өзүнүн максаттары бар. 18 жылдын ичинде Акаевдин учурунда 5-6 жолу, Бакиевдин учурунда 3 жолу конституциялык жаңылануу болду. Бирок Кыргызстандын карапайым эли эмне максатка, эмне ийгиликке жетишти? Эч кандай, бир гана Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу күндөн-күнгө күч алып баратат. Ошондуктан биздин өзүбүздүн максатыбыз, программабызга ылайык, биринчиден ушул үй-бүлөнүн башында турган президентти кетирип, андан кийин конституциялык реформаларга баруу керектиги ачык көрүнүп турат. Ошондуктан бул президент турганда эч кандай конституциялык реформа жүрбөйт. Бакиев үч жылдын ичинде үч жолу Конституцияны жаңылап, кол койду. Бирок Кыргызстан эч кандай пайдага жеткен жок да. Ошондуктан биздин максатыбыз президентти бийликтен кетирүү, андан кийин убактылуу революциялык өкмөттү түзүү, ошол өкмөт анан элден бир жолу силер кандай мамлекетте жашагыңар келет деп сурап, ошол элдин пикирине ылайык конституциялык реформаларды жүргүзүү деген максатыбыз бар. Ошондуктан биз жакын арада чогулабыз. Эгер жанагы меморандумда ушул максаттар айтылса биз кол коебуз. Бул максаттар айтылбаса биз кайрадан эле баягыдай болуп алданууга баралбайбыз.
- Менин баш тартты дегеним, сиздердин кыймылдын дагы бир мүчөсү Топчубек Тургуналиев мунун себебин кечээки меморандумда дал ошол Курманбек Бакиевди кетирүү тууралуу сөз жоктугуна негиз кылды эле. Керим мырза, сиз айтсаңыз, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын буга карата көз карашы кандай? Кечээки оппозициялык күчтөргө кошулууга сиздерди кандай принцип, же талаптар мүмкүнчүлүк берген жок?
Керим Макеев: – Биздин “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын меморандумга кол койбогон себеби - биз буга чейин бүгүнкү күндөгү өкмөттүн отставкага кетүүсүн жана ошондой эле электр энергиясын кризиске алып келген жетекчилерди жана ошондой эле кадрдык башаламандыкты эске алып, чечим кабыл алганбыз. Тез аранын ичинде өкмөттү отставкага кетирүү талабын койгонбуз. Эгерде Бакиев бул кадамга барбай турган болсо, анда биз “Жаңы Кыргызстан” партиясы, саясий кеңеши жалпы башка региондогу өкүлдөрүбүз менен чогулуп, анан кийин башка кадамга барабыз деген ойдобуз. Азырынча биз оппозициялык маанайдагы мемоарандумга кол койбогон себебибиздин бири ушул. Биз оппозициялык негизги саясий күчтөргө оппозициялык маанайда эмес, жөн гана президентти колдогон партиялардын бири катары өз оюбузду айтып атабыз. Эгерде Бакиев ошол чечимге баралбаса, анда биздин позициябыз өзгөрүшү да мүмкүн.
- Темир мырза, сиз айтсаңыз, жанатан бери меморандумдун дарегине түрдүү сын-пикирлер айтылды. Анткени айтылып атат, Жогорку Кеңешти, же өкмөттү таратуу менен эч кандай жыйынтыкка жетишкен жокпуз, конституциялык реформа 3 жолу болсо дагы эч кандай жыйынтыгы болгон жок деп. Ушул документти сунуштоочулардын бири катары айтсаңыз, кандай максатты көздөп түзүлдү эле ушул меморандум? </i>
Темир Сариев: – Буга чейин Азимбек Бекназаров айткандай ал сындаган жок бизди, ал бир гана суроолорду коюп атат. Бул суроолорго биз кол койгон меморандумда жооп бар, эң негизгиси биз Кыргызстандын өнүгүү багыты боюнча келишимге макул болдук. Бул көпкө чейин талаштарды жаратып келген. Ошон үчүн биз кечээ күнкү кол койгон меморандумда негизги саясий күчтөрдүн Кыргызстандын өнүгүү багыты боюнча макулдугу бар деп кол койдук. Экинчиси, ошол кол койгон адамдар эртеңки күндөгү Кыргызстандын келечегин, жоопкерчилигин толук сезип жана ошону өзүнө алат деп кол койдук. Бул абдан чоң документ. Бирок биринчи гана кадам. Мындан кийин кыла турган иштер көп. Ошонун ичинде ревкомдун башчысы Азимбек Бекназаров айткан суроолорго биз жооп издейбиз. Алар менен сүйлөшүүлөр да болот. Бир адамды алмаштырып койсок эле баары өзгөрүп кетет дегенден алыс болушубуз керек. 2005-жылы март айында Акаевди Бакиев алмаштырган, бирок бүгүнкү акыбалыбыз 2005-жылдын март айынан дагы абдан оор абалда. Ал эми биз системалык кризистен чыгуунун жолун аныктап алып, анан кийин гана барабыз дедик. Ошол аныктоодон соң саясий күчтөрдүн ортосундагы келишимге кол коюлду.
- Жогоруда айтылгандай, биригүү меморандумуна көп саясий партиялар, коомдук уюмдар, 50гө чукул коомдук ишмерлер, депутаттар кол коюшту. Бирок баары бир бул документтин келечеги кандай болот деген түпөйүл суроо турат. Анткени сиз жакшы билесиз, 2006-жылкы ноябрь митинги учурунда өтө күчтүү оппозиция, азыркы чачыранды болуп турган оппозиция ошол мезгилде биригип, катуу оппозиция түзүлдү эле, бирок бат эле кайра жаракаланып, майдаланып кетти. Темир мырза, эми азыркы меморандумдун келечеги кандай болот?
Темир Сариев: – Муну да эске алдык ушул келишимди түзүп атканда. Ошон үчүн айтып атпайбызбы, жоопкерчиликти кол койгон адамдар толук сезип, өзүбүз мойнубузга алабыз, ошол жол менен барабыз деп атабыз. Экинчиден, бул тизме ачык. Азыр биз абдан чоң жолугушууларды баштайбыз. Ошонун ичинде жаштар, саясатчылар, ушул келишимге кирбеген башка саясий партиялар менен 25-ноябрга чейин региондорду кыдырып, ар түрдүү топтор, күчтөр менен, биздин абройлуу коомдук ишмерлер менен, чыгармачылык адамдар менен, биздин кайдыгер эмес болгон интеллигенция менен жолугуп, алардын бардыгын тең тартып, ушул концепция элдин колдоосуна алынып, баардык элдин талабы катары коюлса дейбиз. Үчүнчүдөн, 25-ноябрда чыга турган курултайда биз конкреттүү талаптарды коюп, аларды мөөнөтүнөн аныкташыбыз керек, кайсы учурда кайсы талаптар аткарылат, эгер аткарылбай турган болсо, биз тарабынан кандай чаралар көрүлөт деп. Муну жакынкы арада иштеп чыгып, элдин калың катмарына жеткиребиз деп ойлойм.
- Азимбек мырза, сиздин пикириңиз кандай ушул маселеге. Ушул жоопкерчиликти аягына чейин алууга күчү жетеби бүгүнкү меморандумга кол койгон тараптардын?
Азимбек Бекназаров: – Темир айтып атпайбы, өнүгүүнүн бир концепциясын иштеп чыктык деп. Темир экөөбүз депутат болуп турганда мындай мамлекеттик өнүгүүнүн концепциясын, конституциялык реформаларды он чакты жолу жүргүздүк. Акыркы жолу 2002-жылы Акаевдин убагында дагы ушундай өнүгүүнү, конституциялык реформанын акыркы эң жеткен чеги деп Акаевге өкүрүп отуруп, өзүнө кол тийбестик деген нерселерди киргиздирип, ушундай концепцияларды ошондо дагы кабыл алганбыз. Биз 2002-жылы Аксыда 20дай саясий партиялар 20 миңдей кишилердин ортосунда отуруп өнүгүүнүн концепциясын Акаевге тапшырганбыз. Бирок Акаев дагы үч жылдын ичинде Бакиевдей болуп эле ошол концепцияны алып туруп, аткарбай өзү билгендей президенттин гана укук-милдеттерин көбөйтө турган башка конституцияны оңдоп алды. Иш жүзүндө, Кыргызстанда ушундай болуп калган, саясий күчтөр, коомдук ишмерлер эң сонун концепцияны сунуштайт, бирок президент мамлекеттин башында турганда өзү билгендей элге рефрендумга алып чыкты, өзү билгендей конституциялык сот аркылуу, өзү билгендей концепцияларды кабыл алып келатат. Биз ошондой практикадан, тажрыйбадан кийин айтып атабыз. Президент турганда, Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу турганда, бардык мамлекеттик органдар элдин кызыкчылыгы, же саясий күчтөрдүн концепциясына ылайык эч кандай реформа жүргүзбөйт. Акыркы жылы Бакиевдин деле аракетинен көрбөдүңөрбү, бир айда үч жолу конституцияга кол коюп жиберди. Ошондуктан биз 18 жылда басып өткөн жолубузга, тажрыйбабызга, тарыхыбызга таянып туруп айтып атабыз. Кыргызстанда президент башында турганда эч кандай элдик концепция ишке ашпайт. Мына Темир Сариев айтып атат, 24-мартта бир кишини бир кишиге алмаштырганда ушундай болуп кетти деп. Анткени жанагы биз айткан конституциялык реформа президент турганда ишке ашса үй-бүлөлүк башкарууну сактап калат экен. Эгерде бардык саясий күчтөр бир максатта бириге турган болсо, биз биригүүдөн эч убакта качпайбыз. Эгерде ушул саясий күчтөр мурдагыдай эле жогорку жактан 3-4 адам иштеп чыга коюп эле, мына ушундай болот дегенге биз каршыбыз.
- Керим мырза, меморандумдун келечеги боюнча сиздин пикириңиз кандай?
Керим Макеев: - Эгерде саясий күчтөр биригип, ынтымак болсо сөзсүз бир жыйынтык чыгат. Баягы 2006-жылдын ноябрындагы митингдегидей биригүү болуп, анан тарап кетишкендей, айрымдары соодалашуу жолу менен ички бийликке өтүп кетүү жолу менен болсо, анда бул эч кандай жыйынтыкка барбайт. Ынтымак менен биримдикте, саясий көз карашы келишип, бардыгы бир уюмдай уюшуп, бирге барса ошондо сөзсүз жыйынтык чыгат деп ойлойм.
- Кээ бир байкоочулар биригүү меморандумуна кол коюлат, оппозициялык күчтөр бир жерге чогулат деген маалымат, азыр бийликти сындап аткан саясий партиялардын, саясий күтөрдүн баары биригет го деген ишеничти пайда кылган эле. Бирок кечээки көрүнүш мындай эмес экенин көрсөттү деп айтып атышат. Темир мырза, ушул документ, анын алдына баш кошкон саясий күчтөр канчалык деңгээлде бийликке оппозиция, же сүр болуп бералат деп ишене аласыз?
Темир Сариев: – Биринчиден, буга чейин айтылган, коюлуп аткан дооматтар, концепцияда ачык-айкын жазылган. Концепциянын негизги багыттарынын бири - үй-бүлөлүк башкарууну толук жоготуу, анын түбүн гана эмес, тамырын сындыруу болуп эсептелет. Ошондой жол-жоболор концепциянын өнүгүү багытында жазылган. Экинчиден, жээктин бери жагында туруп биринчи эрежелерди аныктап алып, макулдашып алып, баарыбыз бири-бирибизге милдеттеме алып, кол кармашып, аныкташып алып, андан кийин сууну кечип жээктин ары жагына өткөндө ошону аткарабыз деген милдеттеме алдык. Кандай гана адам бийликке келбесин, кол койгон адамдардын кимиси гана бийликтин арасында отуруп калбаса дагы ошол алган милдеттемесин аягына чейин чыгарып, Кыргызстанда мындан кийин үй-бүлөлүк башкарууну түп-тамырын жоготуу жана ачык-айкын таза бийлик орнотуу болуп эсептелет. Мен ушул сүйлөшүүлөрдөн эч кандай карама каршылык көргөн жокмун. “Жаңы Кыргызстандын”, Ревкомдун өкүлү дагы туура эмес талаптарды коюп атышат. Алар ошого кепилдик бергиле деп атышат. Муну биз чогулуп туруп сүйлөшүп, анан бир күч, бир муштум болуп, баардыгын аныктап алып чыксак, бул эртеңки боло турган өзгөрүүлөрдүн кепилдиги болот. Эгерде бирөөбүз жатып алып бирөөбүздү сындай берсек, анда албетте болбойт. Ошон үчүн биз айтып атабыз, бардык күчтөр биригиш керек деп. Мына кечээки кол коюлган моморандум - биринчи кадам. Дагы айтып кетейин бул биринчи кадам, алдыда кыла турган 99 кадам бар, ошого биз чогуу барышыбыз керек, мен ошого чакырып кетет элем. Бир гана саясатчыларды эмес, бардык кыргыз элин чакырып кетет элем ушуга.
-Меморандумга кээ бир кыймылдардын, алардын ичинде Азимбек мырза, сиздердин революциялык кыймылдын кошулбаганы дагы оппозициянын дагы деле болсо бириге албай атканын көрсөттү деген пикирлерди жаратууда.
Азимбек Бекназаров: – Биригүүнү биз дайым көтөрүп келгенбиз, биригели, бирок кайсы максатта биригели. Кол коюп алып эле эртең биз бийликке келсек, мына ушундай шартты аткарабыз, мындай мамлекет курабыз деп эле үстүртөн, дагы эле даярданып барып эле, дагы бир жаңылып калбайлы деген максат. Элден мурун биз айтып атабыз, келгиле ушул үй-бүлөлүк башкарууну сындыралычы, ошого жараша мамлекетти түзөлүчү, анан ошол элдин пикирин угуу менен, андан кийин эл өзү каалаган формадагы мамлекеттик системадагы, анан бийлик өкүлдөрү келсин. Анан ошол программада, мамлекеттик концепцияда Темир мырза айтып аткандай жоопкерчилик даана жазылсын. Биз бул жерде жоопкерчилик жөнүндө, андан кийин үй-бүлөлүк башкарууну сындыруу маселесинде биз бирбиз, пикирибиз ар дайым бир болуп келген, азыр да бирбиз. Биз толугу менен колдойбуз. Бирок үй-бүлөлүк башкарууну кантип түп тамырынан жулуп ыргытабыз. Ушуну ишке ашыруудагы айрым гана пикирлерибиз дал келбей турат бүгүнчө, мүмкүң эртең-бүрсүгүнү талкуулап, дагы кеңешип, пикирлерибиз дал болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан Темир мырзаны толугу менен колдойм, бул биринчи кадам. Биз сөзсүз биригишибиз керек. Бирикмейинче биз эч кандай жеңишке ээ болбойбуз. Бирок кайсыл максатта биригишибиз керек. Эптеп элинче, биз эч кандай жеңишке ээ болбойбуз. Бирок кайсыл максатта биригишибиз керек. е бийликке келүүдөбү, же Кыргызстанда бир демократиялык система куруудабы. Мына ушуну ачык-айрым айрып алып туруп, анан кийин жалпы биригүү бүттү деп айтсак болот.
- Керим мырза, президенттик администрация башчысынын кызматтан кетиши, же өкмөттүн отставкага кетиши менен эле, бийлик, же болбосо президент Курманбек Бакиев кайрадан үч жыл мурдагыдай элдин ишеничине ээ боло алабы?
Керим Макеев: – «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын биринчи койгон талабы - бүгүнкү күндөгү энерго секторду кризиске алып келген министрлер баш болуп жооп берсин. Экинчи, Акаевге өз колу менен акча берген, коррупцияга аралашкан жетекчилер бүгүн президенттик аппаратты башкарып атат. Ушул кишилер, өкмөт отставкага кетсин деп атабыз. Элдин алдына ушул энергетикалык кризиске алып келген бийликтин өкүлдөрү, өмөттүн мүчөлөрү жооп берсин, ошолорго жоопко тартылсын. Эгерде алар жоопко тартылбаса, анда бүгүнкү күндө жүргүзүп аткан Бакиевдин саясаты ишеничке кирмек турсун, кайра төмөн болушу мүмкүн. Ошондуктан өкмөттү, президенттик администрациянын башчысын, бардыгын баш кылып, ушул экономикалык, энергетикалык, саясий кризиске алып келгендерди тез аранын ичинде чара колдонуп, саясий кадам жасабаса анда жогоруда айтылган пикирлер мындан дагы күчөшү мүмкүн. Анда биздин “Жаңы Кыргызстандын” позициясы дагы өзгөрүшү мүмкүн.
Азимбек Бекназаров: – Уруксат болсо “Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлүнө мен каяша айтып коеюн. Эми корбашынын өзүнөн сурагандай болуп атабыз да, энергетикалык кризиске алып келгендерди жоопко тартып койгула деп. Карапайым элге деле түшүнүктүү, энергектикалык кризиске алып келген ал - үй-бүлө. Мурда Акаевдин үй-бүлөсү болсо, азыр Бакиевдин үй-бүлөсү. Ал эки коррупциялык чиновниктерди убагында жоопко тартса болмок, аны арачалап сактап калган президенттин өзү. Президент өзү айланасына чогултуп алды аларды. Анан ошону билип туруп эле Чудинов, Садыркулов кетсин дегендей кыйытып айта бергендин эмне кажети бар. Ошондуктан эл чарчап бүттү. Ток этер жерин айтыш керек. Биздин революциялык кыймыл мына ушуну талап кылып атабыз. Үй-бүлөлүк башкаруу жок болсо гана реформа болот, андан кийин коррупционерлер жоопко тартылат, андан кийин кризис болбойт.