- Ташмамбет мырза, мына жакында сиз “акыл-эстүү авторитардык бийлик” керектигин ырастаган пикириңизди жарыя кылдыңыз. Ошону чечмелей кетсеңиз.
Ташмамбет Кененсариев: - Ар бир өлкө системалык өзгөрүүгө туш келгенде коомдук өзгөрүүнү башынан кечирет. Мына биз социализмден капитализмге же заманбап системага өттүк. Мына ушул өтүү мезгилинде саясий күчтөр, коомчулук аябай активдүү болушат. Аркыл пикирлер айтылат. Андайда бир жагы башаламандыкка да өтүп кетет. Экономикалык кыйын кырдаал, жакырчылык болот. Мындай шартта өлкө, өлкөнүн келечеги үчүн «акыл-эстүү авторитаризм» ыңгайлуубу деген ойго келдим. Мына азыр бизге караганда лидерлер башкарган Казакстанда, Орусияда абал жакшы. Элдин келечегин көрө билген, элди баштай алган лидер керек. Орусия менен Казакстан ошондой принципти туура тандап алды. Ошон үчүн алар алдыга кетип жатат.
- Эмилбек мырза, «акыл-эстүү авторитардык башкаруу» Кыргызстанды үй-бүлөлүк, кландык башкарууга алып кетпейби?
Эмилбек Каптагаев: - Бул пикирди мен деле колдойм. Чын эле элдин-журттун келечегин ойлогон, ошого деп жашаган киши болсо
аны президент эмес хан шайлап койсо деле жараша бермек. Бирок мына акыркы үч жылда К.Бакиев менен анын үй-бүлөсү, ага-тууганы, кандай авторитардык башкаруучу, канчалык деңгээли бар экенин көрүп калбадыкпы. Мына үч жыл мурунку менен азыркыны салыштырсак, реформа тескери жагынан кетүүдө. Энергетика кайда кетти, баалар кайда кетти? Ушунун баарын көрүп туруп К.Бакиевдин авторитардыгы тууралуу сүйлөгөн киши кыргыз элинин душманы деп айтар элем. К.Бакиевдин авторитардыгы кыргызды көргө алып барчу, туңгуюкка капталтчу авторитаризм.
- Ташмамбет мырза, сиздин пикириңиз.
Ташмамбет Кененсариев: - Ар кандай нерсенин эки жагы болот. Чыныгы демократияга жетиш үчүн кээде авторитардык башкаруу менен да барууга болот да. Андан аша чаап кеткенде башаламандыкка кирип кетиши мүмкүн. Бизде ошондой эле болуп атпайбы. Тез эле демократияга жетебиз деп охлократияга өтүп кетип атпайбызбы. Мен ошондон жанагындай пикирге келип атам. Ал эми тигил же бул лидердин ишин талдоо бул башка кеп. Менимче, 2005-жылкы ыңкылаптан кийин келген бийлик колдон келишинче иштеп жатат. Кыйынчылыктар бар, кемчиликтер да. Эмил мырза айтып аткан баалардын көтөрүлүшү, энергетикалык кризис дүйнөдө болуп жаткан нерсе. Кризис баарына келип атат. Мындайда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир идеяга баш кошсок алдыга өсөбүз. Өнүп-өсүп алгандан кийин керек болсо парламенттик башкарууга деле өтсөк жараша берет.
- Эмилбек мырза, сиздер сунуш кылган жаңы концепцияда президенттин укугу кыйла чектелип, парламент менен өкмөттүн аткарар милдети так көрсөтүлүптүр. Бир партиянын үстөмөндүгүнөн качып, атаандаштык принцибин орнотуу сунушу айтылыптыр.
Эмилбек Каптагаев: - Сөзгө жооп берейин, дүйнөлүк кризис деп атабыз, дүйнөлүк кризис Токтогул суу сактагычындагы сууну ташып кеткен жок. Уурулук-кескиликтин айынан бүт эл тезек терип, караңгыда карайлап отуруп калды. Анан курултайда мен үй-бүлөлүк кландын негизин түзгөн үч көрүнүштү ачык айттым:
- Мамлекеттик бийлик системасынын, анын ичинде сот, прокуратуранын бир кишиге баш ийдирилип калышы. Мыйзамдуулукту, тартипти сакташтын ордуна бир кишинин бийлигин коргоп, ошондойго зордукталып баш ийдирилип калышы.
- Криминалдашуу. Бийлик менен криминалдын тыгыз байланышы. Криминал аркылуу саясий, экономикалык маселелерди чечүү аракети.
- Элди бийликтен, бийликти элден четтетүү. Элдин бийликти жүргүзүүгө эч тиешеси жок. Шайлоо жөн эле болуп калды. Анын элдин пикирин билүү, добушун алуу боюнча эч кандай ролу жок.
Ушунун баары биригип келип бир адамдын, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы, үстөмдүгү үчүн бүтүндөй өлкөнү барымтада кармап отурушат. Мына ушул системаны жок кылуу үчүн кандай иштерди жасаш керек дегенде биз саясий аренада бир адамдын же саясий күчтүн монополиясын чектөө, үстөмдүгүн чектөөнү сунуш кылдык. Кеп ошол чектөө жөнүндө болуп жатат. Жанагы парламенттик шайлоодо кандай көп добуш алса да бир партия 50 ашуун орун ала албайт. Калган орун төмөнкү тоскоолдон өткөн партияларга бөлүнүп берилет. Ошону менен парламенттеги азчылыктын иштөөсүнө шарт түзүлөт. Саясий көз караштан алганда бул жаңы түшүнүк. Атаандаштык, монополияны чектөө те атамзамандагы капитализм чыкканда пайда болгон түшүнүктөр. Мына ушул монополияга айланып, элдин канын соргонго жол бербей, Кыргызстандын өткөөл шартында накта демократияга жеткенче бир күчтөрдүн монополиясын чектеп коюу бул, менин оюмча, зарыл нерсе.
- Ташмамбет мырза, концепция боюнча сиздин пикириңиз кандай?
Ташмамбет Кененсариев: - 2005-жылдан кийин бизде өкүлчүлүк институту толук партиялык тизме менен шайланышы коюлган.
Ошол чечилди. Аны чечүүдө, мүмкүн, биздин айрым партиялардын тажрыйбасы жетпей жаткандыр. Парламентке үч эле партия келип калбадыбы. А бирок мынабу системаны эмдиги шайлоодо колдонсок болот. Парламент шайлоодо катачылыктар кеткен болуш керек. Аны бир кишинин кылганы десек ушинтип тура беребиз. Анан Шайлоо кодексин өзгөртсөк болот. Бирок парламенттеги орундардын жарымын өтпөй калган партияларга берип койсок болот деген туура эмес.
- Эмилбек мырза, мына ушул концепция негедир бийлик тарапкерлери менен бийликте отургандардын сынына гана туш болду. Анын себеби эмнеде?
Эмилбек Каптагаев: - Өзү каалагандай, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген заманга келип алгандан кийин кеткиси келишпейт да. Шайлоо жөнүндө кеп болуп атпайбы. Кеп анын партиялык тизме боюнча өтүшүндө деле эмес. Элдин добушу, аны саноонун парламенттик, жергиликтүү шайлоодо эч кандай мааниси жок болуп калбадыбы. Мына Бишкекте участкалык шайлоонун жыйынтыгы чыга электе округдук шайлоо комиссиялары жыйынтыгын берип атышат. Участок менен округдук шайлоо комиссияларында добуштардын жыйынтыгы эки башка. Бул бүгүнкү бийликтин зордук-зомбулук, карөзгөйлүк менен өзүнө тиешелүү жыйынтыкты чыгара бере тургандыгын көрсөтөт. Биз ошондой болбош үчүн калыс, адилет системаны орнотолу деп жатабыз. Мен ачык эле айтайын. Бүгүн бизде мамлекет жок. Бизде бийликтин мыйзамы бар, мыйзамдын бийлиги жок. Даттанып барар жериң жок. Мына былтыркы шайлоонун бурмаланышы боюнча арызданышты, быйыл канча мыйзам бузуулар болду! Бир киши соттолгон жок. Мыйзамды бузган шайлоо комиссияларынын жетекчилери 7 жылга чейин эркинен ажыратылары көрсөтүлгөн. Бир иш козголгон жок. Шайлоо кандай жыйынтык менен жасалганын бүтүндөй эл көрүп турат.
- Ташмамбет мырза, сөз кошоюн деп жатасызбы?
Ташмамбет Кененсариев: - Мен бул жерде системаны өзгөртүүгө каршымын. Система өзгөрүлгөн. Андагы айрым механизмдерди өзгөртүү зарылдыгы болушу мүмкүн. Бир эле кишини жамандап, ошол кишини жок кылсак эле биз майкөл-сүткөл болуп жашап калабыз деш туура эмес. Ошол курултайда, башка акцияларда «кетсинизмге» биз көнүп каланбыз. Ал кетсе эле башка бирөө келип жыргатып салчудай көрөбүз. Ал программа эмес да. Азыр эл бийликке да, оппозицияга да ишенбейт. Бийликте деле кемчиликтер бар.
- Эмилбек мырза, азыркы бийликтин сиздер сунуш кылып жаткан концепцияны кабыл алуу ниети барбы?
Эмилбек Каптагаев: - Мына биз кечээ курултайда концепцияны кабыл алып сунуштадык. Мына мартка чейин үч ай бар. Ошого чейин ойлонуп, карап көрүп, тыянак чыгарсын дедик. Тыянак чыгарбаса анда биз да өз укугубузду коргоп, таламыбызды талашабыз. Кандай системанын болбосун анын жакшы, начар жагы бар. Парламенттикпи, монархиябы, президенттикпи, ким болбосун бийликте турган адамга көп нерсе көз каранды. Биз үч жыл ичинде анын ыкласын, ыйманын көрө алган жокпуз. Элдин баары мындан түңүлдү. Президент бир заводдун директири эмес. Ал ушул абалдан кантип чыгамды ойлобой, тарыхый иш жасашы керек. Тарых алдында кандай ат менен каларын ойлош керек. Туугандарынын, өзүнүн байлыгын ойлобой, эртең Бакиевдердин аты кандай калат? Эртең Бакиевдер ушул жерде башын өйдө көтөрүп басып жүрө алабы? Же Акаевге окшоп качып кетеби? Ошону ойлош керек. Эл адилеттикке баш уруп калды. Мындан туура тыянак чыгарбаса анда өз убалы өзүнө.
- Ташмамбет мырза, сөз сизде.
Ташмамбет Кененсариев: - Системаны өзгөртүү концепциясы деп атпайсыңарбы. Андай эмес. Ошол иштеп аткан системаны жакшыртуу жөнүндө кеп болушу керек. Ошондой болсо өкмөт аны карап, ошонун жакшы жактарын алат деп ишенемин.
- Мырзалар, маегиңиздерге ырахмат!