Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Оппозициянын окшоштугу менен айырмачылыгы


Кыш келгени оппозициянын активдүүлүгү артып, декабрь айында кабат-кабат жыйындарды өткөрүүгө даярданууда.

Ноябрь айынын этегинде оппозиция Элдик курултай чакырып, өлкөнүн саясий системасын өзгөртүү жөнүндө сунушун бийликке тапшырып, ага ойлонууга жазга чейин убакыт берген. «Азаттыктын» бүгүнкү талкуусу Кыргызстандагы саясий жагдайды талдоого арналат. Талкууга Кыргызстан социал-демократиялык партиянын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңишбек Акматов катышат.

- Жеңишбек мырза, азыркы саясий жагдайды сиз кандай деп баалайт элеңиз?

Жеңишбек Акматов: - Мага азыркы саясий жагдай 2005-жылды элестетип жатат. Үстү-үстүнө келген кризистер, экономикалык кризистер, мына эми саясий кризис келип жатат. Ноябрдан тарта жарыкты өчүрбөйбүз дешти эле азыр кайра өчүрүп кээ бир айылдарда 17 саатка чейин өчүрүшүүдө. Айырмасы эми, 2005-жылдагы оппозиция бирдиктүү болчу. Кыргызстан элдик кыймылы бир күч болуп, калгандары анын жанында бириге алса азыркы оппозиция бир күчкө айлана албай, чачыранды болуп жатат. Мына революциялык кыймыл декабрдын бир күнүндө, Н.Мотуев менен Турсунбай Бакир уулу башка күндө деп жатат. “Акыйкат үчүн” кыймылы бийликке талаптарын коюп, март айына чейин аны күтүп, жооп болбосо март айынан баштайбыз деп жатат. “Жаңы Кыргызстан” партиясы революциялык кыймыл менен сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп атыптыр, анын жыйынытыгын күтүп атабыз. Бардык оппозиция ушул курултайда коюлган талаптарды жазга чейин күтүп, анан бирдиктүү чыкса деген менин оюм бар.


- Жыргалбек мырза, оппозициялык күчтөрдүн биригишине энергетикалык кризис эле таасир эттиби же бул аракеттин артында саясий шарт-себептер өбөлгө түздүбү?

Жыргалбек Турдукожоев:- Буга коомдогу кырдаал, биринчи кезекте экономикалык каатчылык шарт түзүп жатат. Бийлик буларга тиешелүү иш-чараларды жасай албай жатат. Мындай шарттар мурда чаржайыт болуп келген күчтөрдүн биригишине өбөлгө түздү деп ойлойм.


- Жеңишбек мырза, оппозициянын бириге албастыгы, алардын чачкындыгы тууралуу көп эле кеп болот. Алардын сөзсүз эле биригишинин зарылдыгы барбы?

Жеңишбек Акматов: - Андай зарылдык, албетте, бар. Жана мен 2005-жылкы жагдайды айтып кеттим го. Оппозиция бирдиктүү болгон үчүн аны президент, бийлик укчу. Президенттин катышуусу менен канча “тегерек үстөлдөр”, талкуулар өттү. Президенттин кызарып чыкканын канча ирет көрдүк. Азыр оппозиция бир миндик болбогондон бийлик буларга көңүл бурбай, эсептешпей отурат. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген макалда айтылгандай болуп жатат.

- Жыргалбек мырза, мындай жагдайдын түзүлүшүнө жалгыз эле оппозиция күнөөлүүбү же бийлик тараптан да айрым бир “ишаараттар” болуп жатабы?

Жыргалбек Турдукожоев: - Бийлик оппозицияга деле көңүл бурбай, теңсинбей калды деп айтышка негиз жок. Бийлик реакция кылып жатат. Мисалы, Аликбек Жекшенкуловдун уулуна, Эмилбек Каптагаевдин өзүнө, Темир Сариевге жана башкаларга карата жасалган иштер, кылмыш иштеринин козголушу, эларалык нормаларга туура келбеген жыйындар тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы – ушулардын баары бийликтин мамилеси. Иштебей жатып коомдук телерадиоберүүлөр жөнүндөгү мыйзам жокко чыгарылды. Бул кайсы бир өлчөмдө оппозицияга да каршы мыйзам актылары, аракеттери болуп эсептелет. Бийлик азыр күчүн топтоп жатат. Аны митингчилерге каршы үч атайын техниканын сатылып алынышын деле айтсак болот. Бул деле оппозициянын алдыдагы аракеттерине каршы жасалчу иш.

- Жеңишбек мырза, оппозициянын ыкчам активдеше албай жатышына кийинки кездери өткөн шайлоолордун жыйынтыктарынын бурмаланышы, мыйзамдын одоно бузулушу кедергисин тийгизди деген пикирлер айтылып келатат.

Жеңишбек Акматов: - Мен ал кезде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары мыйзам бузуу фактылары боюнча көп эле жолу маалымдоо каражаттарында айттым. Эл аны билип эле турду. Шайлоолор Акүйдүн сценарийи боюнча жүрдү. Тилекке каршы, оппозиция аларда өзүнүн жеңишин коргоп кала алган жок. Элдин азыр оппозицияга да анча ишенбей жатышынын бир себеби ошол өздөрүнүн жеңишин колдунан алдырып жибергени болду.

- Жыргалбек мырза, оппозициянын элдик өкүлчүлүк институтунан аз орун алып калышы анын саясий активдүүлүгүнө канчалык таасирин тийгизүүдө?

Жыргалбек Турдукожоев: - Азыр бизде көп демократиялык институттар иштебей турат. Алардын иштешине шарт түзчү мыйзамдар иштебей турат. Демократиянын өзү эмес анын тууроочусу үстөмдүк кылып турган кезде оппозиция канчалык күчтүү болсо да, биримдикте болсо да натыйжага жетиш кыйын. Азыр бийлик өз билгенин кылып жатат. Чоң саясатчы К.Байболов азыр жасалып жаткан иштердин жообу кийин берилет, “Кыргызстандын азыркы бийлигин Нюрнберг күтүп турат” деген. Тарыхтын соту болот. Анын бере турган сыны да келет.

- Жеңишбек мырза, азыркы оппозициянын иш-аракетиндеги эки багыт, биринчиси бийликти кетирүүнүн мыйзамдуу жолун тандап, экинчиси радикалдуу кадамдарды жактырып жатышы билинип эле калды. Ушул экөөнүн кайсынысы көпчүлүктүн колдоосуна ээ болушу мүмкүн?

Жеңишбек Акматов:- Турмуш күндөн-күнгө оорлошуп жатканын баарыбыз эле көрүп турабыз. Азыркы бийлик мыйзам жолу менен кет дегенди укпайт. Бул менин жеке пикирим. Тарых эки ирет кайталанат. Революциялык комитет айткандай, системаны күч менен ооштурбаса, мыйзам жолу менен ооштуруш кыйын. Канча конституция, канча митингдер болду.



- Жыргалбек мырза, азыркы бийлик, оппозиция экөө тең эле экинчи революцияны Кыргызстан көтөрө албастыгын айтып келатышат. Андай болсо жагдайды жакшы жагына оодаруунун кандай жолу бар?

Жыргалбек Турдукожоев: - 2005-жылдын 24-мартында бизде революция болду деп кээ бирөөлөр айтканына таң калам да. Эгер революция болсо сапаттык өзгөрүү болушу керек эле. Эгер ал революция болсо аягына чыгыш керек. А эгер анда революция эмес, жөн эле көңтөрүш болсо анда революция болуш керек. Эгер бүгүнкү бийлик ошол 2005-жылдан сабак албаса эл ар кандай кадамдарга барышы мүмкүн. Эл чыкса оппозиция анын башында турушка мажбур болот. Бул жол, бул ыкма биздин күн тартибибизден чыга элек.

- Жеңишбек мырза, сиздин болжолуңуз кандай?

Жеңишбек Акматов: - Ушу жазга барып оппозиция биригет деп ойлойм. Андан башка арга жок. Турмуш бардыгын бириктирүүгө аргасыз кылат.

- Жыргалбек мырза, сиз да ушундай ойдосузбу?

Жыргалбек Турдукожоев: - Оппозиция азыр негизинен биригип эле калды. Жалпы максат, стретегия боюнча оппозиция бириккен. Ага жетиш үчүн алардын жолдору айырмалуу болушу мүмкүн. Тактикалык жагынан биригүү – бул убакыттын иши. Жазга чейин оппозиция биригет да өзүнүн негизги сөзүн айтат. Мына курултай өткөрүлдү, концепция кабыл алынды. Ал бийликке сунуш кылынды. Азыр оппозиция ошол концепцияны элге жайылтуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

- Жеңишбек мырза, кеп сизде.

Жеңишбек Акматов: - Эгер карапайым адамдарга ошол концепцияда жазылгандар толук түшүндүрүлбөсө ал кагазда эле калышы мүмкүн. Гезиттердеги текстти элге түшүндүрүү керек.


Жыргалбек Турдукожоев: - Эгер бийлик бул концепцияга өз мамилесин билдирбесе, ага менин көзүм жетип эле турат, “жумшак” оппозиция радикалдуу оппозиция менен биригет да, андан аркы кадамдарын аныктайт. Ал кадам катуу, катаал болушу мүмкүн. Ал бийликке жакшылык алып келбейт.

- Мырзалар, талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG