Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Саясий кырдаалдын курчушуна бийлик өзү кызыкдарбы?


Оппозициянын Таластагы жолугушууларынан бир учур. 17-январь, 2009.
Оппозициянын Таластагы жолугушууларынан бир учур. 17-январь, 2009.

Оппозиция Таластагы жолугушуулар тоскоолдуктарга карабай максатына жеткенин билдирүүдө. Саясат серепчилер болсо бийлик алысты көрө албастык кылып, саясий кырдаалды өзү курчутуп жаткандыгын айтып жатышат.

Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Аликбек Жекшенкуловдун жана “Ата Мекен” партиясынын Талас облустук координатору Койсун Курманалиеванын үстүнөн сот иши Манас райондук сотунда кечээ башталды. Митинг, пикет өткөрүү тууралуу мыйзам бузду деген кине менен айыпталып жаткан оппозиция мүчөлөрүнө Манас райондук прокуратурасы үч миң сом жаза айып салууну соттон талап кылууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да Кара-Буура районундагы жолугушуу үчүн жогоркудай айып менен сотко чакырылган. Партия лидеринин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча сот иши бүгүн болмокчу. Мындан тышкары Өмүрбек Текебаевге тиешелүү курал-жаракка байланыштуу да соттук териштирүү болуусу ыктымал. БЭКтин мүчөлөрү бийлик тарабынан уюштурулган чагым жана түрдүү бут тосууларга карабай Таластагы жолугушуулар максатына жетти, деп эсептешет.

Кыймылдын мүчөсү Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдиргендей тынч эл менен жолугушууга уруксат бербей, ар кандай тоскоолдуктарды көрсөтөм деп, бийлик элге анык жүзүн көрсөттү:

- Ошого карабастан, Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда жолугушуу өттү. Жыйындар абдан жакшы өттү. Бул жыйындарда Талас облусунун эли бизди колдоп жатышканын сездик.

Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков элде бийликке нааразылык жок, тескерисинче Таластын эли оппозицияга карата өзүнүн мамилесин ачык билдирди, деп бекемдөөдө. Ал “Азаттыкка” билдирген пикиринде, оппозициянын элди бийликке каршы коем деген максаты ачык көрүнүп турат, деп билдирди:

- Себеп дегенде каржылык кризисти Кыргызстан эле эмес, бүткүл дүйнө жүзү көрүп атат. Ал эми энергетикалык кризис эмне үчүн болуп жатканын биздин эл даана түшүнүп турат, өткөн жылы кургакчылыкты баарыбыз көргөнбүз. Ошондуктан, бүгүн оппозиция өздөрүнө элден жооп алды. Элдин ынтымагын, ыркын бузгандарга таасын-тарбиясын айтты Таластын эли. Алар таластыктарга таарынбай эле коюшсун.

Ошентсе да саясий айдыңда кызуу талкууга алынып жаткан соңку окуялар, оппозиция мүчөлөрүн, анын ичинде “Ата Мекен” партиясынын лидерин түрдүү жолдор менен коомчулукка жаман көрсөтүү аракеттери бийлик башында турган адамдарга пайда алып келбейт, деген пикирлер арбын айтылууда. Айрым саясат талдоочулар 2005-жылкы март ыңкылабынын алдында карапайым элге каршы күч колдоно коем деген бийлик аягында эмне болгонун азыркы мамлекет башчылары эстегилери да келбей жаткандыгын эскертишет.

2005-жылкы март окуясына чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган, азыр Бириккен элдик кыймылдын курамындагы “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Болот Жанузаков зордук-зомбулук менен жакшылыкка жетүүгө мүмкүн эместиги бийликке сабак болушу керек деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Жалаң гана Бакиев эмес, ар бирибиз өлкөнүн келечегин ойлой турган болсок, мындай жамандыкка барбашыбыз керек. Анткени куугунтук менен, зордук-зомбулуктан эч бир жакшылык болбойт.

Оппозиционерлерге куугунтук жасап, чагым уюштуруу менен бийлик аларга тескерисинче упай топтоп берип жатат. Анткени бийлик аларды куугунтуктаган сайын элге өзү жаман көрүнүп, оппозиция бул жерде утушка ээ болуп жатат, дейт саясат талдоочу Марс Сариев. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, саясий кырдаалдын курчушуна бийлик өзү кызыкдар болуп тургансыйт:

- Күч органдары бир гана тартипте иш алып барышат: камашат, анан Акүйгө отчет беришет. Ойлоп көрсөңөр бул деген саясий кырдаалды курчутуп атат, мындан болсо оппозиция утуш гана алат. Оппозиция өзү деле ушундай окуялардан күч алат, аларды канча кармап, камаган сайын күч алып атат.

Марс Сариев азыркы бийлик өлкөнү март ыңкылабынын алдындагы кырдаалга алып келип жаткандыгын да эскертет:

-Бийлик бүгүн Акаевдин жолуна түшүп, орустар айтмакчы “айрынын башын дагы басып жатат”.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG