Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

БЭК штаб түздү


БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров.
БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров.

Мындан ары "Бириккен элдик кыймыл" тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди атайын штаб уюштурат. Мындай чечимди бүгүн БЭКтин Улуттук кеңеши чыгарып, штаб башчылыгына Азимбек Бекназаровду шайлады.

"Бириккен элдик кыймылдын" Улуттук кеңеш мүчөсү Исмаил Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча штабдын мойнуна жооптуу милдеттер илинет. Анын ичинде жер-жерлердеги жолугушууларды уюштуруудан тартып, кыймылдын алдына койгон максатын ишке ашырууга жоопкер болот:

-Иштерди пландаштырып, алардын баарын бир нукта алып баруу үчүн иштейт. БЭКтин иш-аракеттерин тактап, баш-аламан болтурбоо да штабдын милдети.

БЭКтин уюштуруу штабы жалаң кыймылдын гана эмес, жалпы кыргыз элинин ой-мүдөөсүн жүзөгө ашырууга багытталгандыгын Улуттук Кеңештин дагы бир мүчөсү Эмилбек Каптагаев толуктады:

-Элдин тилегин, элдин максатын жүзөгө ашырат. Анткени азыр жер-жерлерде элдин баары бийликтен кутула тажап, “качан адамча жашайбыз?” деп бизге суроо коюп жатышат. Ошону турмушка ашырууну БЭК алдына коюп, атайын штаб түзүлүп отурат.

"Бириккен элдик кыймылынын" негизги максаттарынын бири үй-бүлөлүк башкаруу системасын жоюу, башкача айтканда президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү. “Ак Жол” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Бегалы Наргозуев мына ушуга басым жасап, БЭКчилердин аракети мыйзамдан тыш, Башмыйзамга каршы келет деген пикирде:

-Оппозиция дайыма мыйзамдуулукка үгүттөп келет. Демек, өздөрү да чектен чыкпашы керек. Март окуялары кайра кайталанбайт, анткени чапкан сайын эле көз чыга бербейт, андай болушу үчүн ошондой кырдаал бышып-жетилүүсү керек, -дейт Бегалы Наргозуев.

Өткөн жумада БЭКтин бир катар мүчөлөрү Таласта эл менен жолугушкан учурда атайылап жасалган түрдүү тоскоолдуктарга жана чагымдарга туш болушкан. Муну бийлик жасап жаткан иш деп бекемдеген "бекчилер" эмки жолугушууларда мындай бут тосууларды эске алууну да штабга тапшырышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Өмүрбек Текебаев:

-Бийликтин жасаган тоскоолдуктары, алардын жаңыча чагымдары эске алына турган болду. Биз баарын талдап, тактадык. Штаб ага карама-каршы келе турган иштин формаларын да иликтөөгө алат.

Буга чейин бир катар оппозиционерлерге каршы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону белгилүү. Алардын бири, мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда алардын тууган-уруктарына, жакын санаалаш адамдарына да бийлик тарабынан кысым болууда:

-Ар бир оппозиция мүчөлөрүнө, алардын туугандарына, чогуу иштеген жардамчыларына карата терс маалымат топтоону, аларды бизден бөлүп-жаруучу аракеттерди жүргүзүүнү бийлик милиция менен коопсуздук кызматкерлерине берди. Мындай эч качан, эч бир өлкөдө болгон эмес, бул деген бийликтин эч айла таппай, эмне кылышын билбей аткандыгын көрсөтүп турат.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG