Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Т.Сариев: Өлкөдөгү саясий абал өтө оорлошуп баратат


“Ак шумкар” партиясынын лидери, БЭКтин мүчөсү Темир Сариев соңку кадрдык өзгөрүүлөр, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, энергетикалык ишканалардын сатыкка коюлушу тууралу "Азаттыктын" түз ободогу сууроолоруна жооп берди.

-Темир мырза, алгач кечээки кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу пикириңизди айтып кетсеңиз. Бийлик жаңы, жаш кадрлар келди деп билдирүүдө, ошого кошуласызбы?

- Эки-үч адамды жаңы деп апкелишти. Анын ичинен мен бирөөнү гана жаңы деп айтат элем, ал –Өмүрбек Бабанов. Президент мамлекеттик кызматкерлерди эмне үчүн алмаштырды, кандай ою бар, муну биз билбейбиз. Бүгүн УТРКдан сүйлөйт деп атышат, мүмкүн ошондо айтар. Бирок азыр өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий абал абдан кыйын, өзгөчө саясий абал өтө оор болуп турат. Өкмөттүн алдында абдан чоң иштер турат. Шашылыш чараларды көрүү керек, буга алардын алы жетеби, жетпейби, бул башка маселе.

- Өткөн жумада “Ата Мекен” партиясынын лидерине да каршы кылмыш иши козголду. Буга чейин сизге да Баш прокуратурадан эскертүү берилген. Бийлик мындай жолдор менен оппозициянын колу-бутун тушоого аракет кылып жатканы айтылууда, сиздердин кадамдар кандай болмокчу?

- УКМКнын кызматкерлери өздөрү келип бизге айтып берип атышат, күн сайын кандай жыйналыш болуп, эмне сөз болсо, ошонун баары бизге жетип турат деп. Муну бийлик билет. Алардын айтуусу боюнча ушундай бир талап коюлган: бүт оппозиционерлерди бардык жагынан кысып келип, колдон келсе иш таап, иш козгоп, жылдырбай, катуу басым жасоо тууралуу. Экинчиси - биз барган жердеги элдерди басуу аракети. Аларды коркутуп-үркүтүү менен оппозицияга жолотпоо. Иши кылып бизди жазга чыгарбоо үчүн катуу даярдыктарды көрүп жатышкандыгын өздөрү айтып келип атышат. Мен түздөн-түз бүгүнкү бийликтин өз ишин алдыга алып кете албай, элдин нааразычылыгын күч менен токтотууга далалат жасаганын гана көрүп турам.

- Кабарларда айтылгандай, өлкөдөгү үч энергетикалык ишкана: “Түндүк электро” АКсы, Бишкек ТЭЦи жана Бишкек жылуулук тармактары чогуу сатыкка коюлуп жатат. БЭКтин талаптарынын бири – дал ушул энергетика тармагын менчикке бербөө болчу...

- Биз колдон келген бардык аракетти жасап, бул ишканаларды бир колго саттырбашыбыз керек. Анткени маселе “Түндүкэлектро” менен Бишкек ТЭЦинде эмес, маселенин баары сууда. Бүгүн сууга ким үстөмдүк кылса, эртең анын саясаты катуу жана күчтүү болот. Мына эки-үч күн мурун Орусиянын президенти Өзбекстанга барып келди. Биздин президент Бакиевдин 16-январда Москвага барбай калуусу жана 2 млрд. доллар тууралуу сүйлөшүүлөрдүн кечеңдеп атканы да ушул себептен. Анткени орустар менен өзбектер азыр сүйлөшүп, тактап алышты. Эң негизгиси Кыргызстан суу башында турат, ушул жерге келип, туруктуу, бир адамдын катуу саясаты жүргүзүү максаты турат. Ошонун кесепети менен бизди мажбурлап, “унчукпай тургула, биз силерге башка жагынан жардам беребиз” деп мажбурлап келишкен.

Бул түздөн-түз Кыргызстандын коопсуздугуна, анын ичинен экономикалык-энергетикалык жана мамлекеттүүлүк коопсуздукка түздөн-түз терс жагын тийгизе турган маселе. Биз ошол үчүн “Түндүкэлектро” акционердик коомун, Бишкек жылуулук борборун бир колго сатууга жол бербешибиз керек. Анткени бул ишканаларды алып алса, алар ТЭЦ аркылуу Токтогул жана Камбар-Ата ГЭСтерине чыгышат да, биздин сууга үстөмдүк кыла баштайт. Элдин, мамлекетибиздин байлыгы, бизди келечекте бага турган бул – суу. Орто Азиядагы суунун кырк пайызынын башы бизде топтолот, суунун негизги кору бизде. Эми ошону башкаларга берип койсок, биз өзүбүздүн келечегибизге өзүбүз балта чаап атканыбыз болот.

- Демек, үч бакандай болгон энергетикалык ишкананы берип жиберүү менен Кыргызстан негизги көзүрүн колунан чыгарып жиберүү коркунучу бар турбайбы?

-Албетте. Бүгүн тендер болуп, эртең ачат. Ачканда алгач биринчи болуп эч ким болбой койду дешет. Андан кийин арзандатылып экинчи тендер коюлат. Андан кийин үчүнчүсү коюлат. Ошону менен бир адам, дайындалган адам алып кетет. Анткени алардын жобосу боюнча бир да кыргыз ишканасы, кыргыз адамы сатып ала албайт. Себеби ал жерде айлана турган акчанын көлөмү 100 млн. доллардан ашуун болуш керек. Бизде болсо бир дагы мындай мекеме жок.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG