Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Оппозиция менен бийликтин элдешкенден башка чарасы жокпу?


Соңку убакта оппозиция менен бийликти элдештирүү аракетин көрүп жүргөн Акыйкатчы Турсунбек Акун ушул маселенин тегерегинде "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Турсунбек мырза, эки тарапты элдештирүү максатыңыз тууралуу ачык маалымдап, аракет кыла баштаганыңызга бир-эки ай болуп калды. Анын жыйынтыгы кандай болууда?

- Эки тараптын өтө татаалдашып кеткен мамилесин бир-эки айдын ичинде эле калыбына келтирип коюу өтө оор маселе. Бийлик тарап менен да, оппозиция менен да байма-бай жолугуп, колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Натыйжасы бар, мамлекет башчы “оппозиция менен сүйлөшүүгө даярмын”, деп айтты. Мында да биздин эмгегибиз бар. Мамлекеттик катчы дагы ошондой эле пикирде. Оппозицияда да конструктивдүү, радикалдуу бөлүктөрү бар, булар менен да жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошол радикалдуу бөлүгү көп жылдан бери президенттен кадамдарды күтүп жүрүп, бирок аягында көңүлү калган. Муну кайра жайгаруу оңой эмес, анткени бул өтө оор жараян.

- Өткөн жумада элге кадыры сиңген деп эсептелген бир катар аксакал коомдук ишмерлерди мамлекеттик катчы кабыл алып, кыргыз бийлиги саясий көз карашына карабай ар бир кишинини пикирин угууга даяр экенин билдирди. Бул да сиздин эмгегиңиздин акыбети деп айтууга болобу?

- Муну мен түздөн-түз менин эмгегим, деп айтпайм. Бирок биздин коомдо пикир түзгөнүбүздүн негизинде үйүндө жаткан аксакалдар, эл баатырлары коомдогу болуп аткан иштерге кайдыгер карабай, бизди колдоп, оппозиция менен сүйлөшүүгө барууга бийликти көндүрүп атышат. Биздин эки тараптын ортосундагы данакерлик аракетибизди аксакалдар колдоп, маселенин баарын чогуу-чаран сүйлөшүү жолу менен чечүү жолубузду колдоп атышат.

- Радикалдуу оппозиция бийликтен көңүлү калган, деп айтып кеттиңиз. Мына ушундай бири-биринен көңүлү калган тараптар элдеше алабы? Анткени оппозиция бийликке дагы бир жолу ишенүүсү мүмкүнбү?

- Бул өтө татаал жараян. Мен муну эки тараптын ичинде тең камыр-жумур болуп, аралашып жүргөн адам катары жакшы билем. Анткени бийлик дагы өтө катуу моюн толгоп жүрүп, абалды ушуга алып келди. Оппозиция да келишпес, радикалдуу мүнөзгө ээ болуп кетти. Эми экөөнү жараштыруу оор болот. Бирок ошого карабай аракет кылып атабыз. Эгерде коомчулук, эл талап кылса, биз сыяктуу адамдар ортодо данакерлик ишин катуу жасаса, оппозицияга да, бийликке да сүйлөшүүгө баруудан башка жол жок.

- Ноокат окуясы боюнча сиз жетектеген институт көз карандысыз комиссия түзгөн. Сиздин билдирүүңүзгө таянсак, мына ушул комиссиянын иштөөсүнө бут тосуулар болууда. Айтсаңыз, бул кимдин кызыкчылыгынан улам болууда?

- Ноокат окуясында аябай көп мыйзам бузууларга жол берилген. Бул окуя боюнча айыпталып жаткан балдарды кыйноо болгон, аялдардын чачын кырып, ал эми айрым адамдардын сакалдарын кыркып салышкан. Мага мына ушундай маалымат-дооматтар жеткенден кийин атайын көз карандысыз комиссия түзүп, ага белгилүү укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген. Алар бир жумадан бери Ошко барып, иштин чоо-жайын териштирип, кечээ кайтып келишти. Абдан катуу нааразы болуп келишти. Анткени жергиликтүү бийлик, Коопсуздук кызматынын кызматкерлери, Муфтияттын өкүлдөрү алардын иштөөсүнө бут тосушуп, туура эмес маалыматтарды беришкен.

Айрым учурларда комиссия жүргөн автоунаалардын дөңгөлөктөрүн тешип салып, мына ушундай кадамдарга чейин барышкан. Мен айтат элем: Ноокат окуясында үч-төрт киши гана тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" партиясынын мүчөлөрү болгон. Биздин күч кызматкерлери болсо алардын баарын ошол партияга мүчө деп каттап, мына ушундай мыйзамсыздыктарга жол беришкен. Өзүңүздөр билесиздер, эл аралык “Мемориал” укук коргоо уюмунан келген Виталий Пономарев ушул Ноокат окуясы боюнча иликтөө жүргүзүп, отчетун жарыялады. Андагы “Кыргызстан адам укугу жаатында коңшуларынын жолуна түштү,” деп чыгарылган корутунду биздин өлкө үчүн өтө чоң минус болуп жатат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG