Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

М.Намазалиев: Өлкөнүн тышкы саясаты калыс жана ачык болушу керек


Өлкөнүн тышкы жана ички саясатындагы соңку өзгөрүүлөр, азыркы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиев жооп берди.

-Мирсулжан, aнтитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу кыргыз президентинин Москвада билдирүү жасашы өтө калпыс иш болуп калганы, тышкы саясатта минтип ойноо өтө туура эмес иш экендиги да айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

- Тышкы саясат оюнчук эмес. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондуктан, тышкы саясий иштер өлкөнүн ичинде чечилиши керек. Ал эми Москвага жетип барып, алардан карыз же грант акча ала коем, деп бөлөк бир мамлекетке, бөлөк мамлекет менен болгон мамилеге доо кетирип, аларга каршы сөздөрдү айтып, мурдагы убадаларын теңирден тескери бузуусу – жаш баланын кылган иш-аракеттерине окшошуп турат. Бакиевдин бул саясатын тышкы профессионалдуу саясат деп эч бир саясат таануучу айта албайт болуш керек.

- Айрым саясатчылар Кыргызстандын мурдагы көп багыттуу тышкы саясатын туура эмес деп келишкен. Алардын бири мисалы, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев. Жаш саясатчылардын пикири кандай болуп жатат бул тууралуу? Көп багыттуу саясаттын кандай артыкчылыктарын көрө алдыңыз?

- Менимче Кыргызстан бардык мамлекеттерге ачык болушу керек. Эгерде биз бардык мамлекеттерге ачык болуп, өзүбүздүн базарды ачып берсек, Кыргызстан бай болот. Тескерисинче бир тарапка ачылып, бөлөк мамлекеттерге артыбызды салсак, мына ушул сойкулук болуп эсептелет. Ал эми коммунисттердин айта турганы белгилүү эле нерсе. Анткени коммунисттер алигиче Союзду эңсеп, СССРдин синдрому менен жашап келишет. Алар репрессияны азыркыга чейин тааныбай келе жатышат. Репрессияны тааныбаган коммунисттер геосаясатты, эл аралык саясатты тең салмактуу талдай албайт, деп эсептейм.

-Курманбек Бакиев Орусияга барардан мурун орус президенти Медведев Ташкенге келген эле. Ошондогу жолугушууда өзбек президенти Ислам Каримов Камбар-Ата-1 сыяктуу объекттер коңшу мамлекеттердин макулдугу менен курулсун деген тариздеги талабын айткан эле. Ушундан улам Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен Кыргызстан жакын коңшуларынан кол жууп калышы ыктымал деген да пикирлер айтылууда...

- Орусияга каршы катуу айткым келбейт, бирок ошентсе да айтып коюшум керек. Орусиянын бүгүнкү Борбор Азиядагы жасап жаткан саясаты Югославияда, Түштүк Осетияда болгон иштерге өтө окшошуп атат. Себеби, Орусия Борбор Азияда чыр-чатакка алып келүүчү бир абалды түзүп атат. Мисалы, алгач Бакиевге карыз акча берүү тууралуу убада берип, андан кийин Тажикстанга барып бөлөктү сүйлөп, Өзбекстанга келип, өзбек президентин мактап туруп, ага башканы сүйлөп, аягында Кыргызстандын президенти Бакиевди Москвада алдап, ага дагы башка убадаларды берип, өзүнө керектүү программа, документтерге кол койдуруп алышы – Борбор Азия мамлекеттеринин, мамлекет башчыларынын бири-бирине болгон мамилесин чыңалтып, алардын бири-бирине жек көрүүсүн күчөтүп, чыр-чатактуу абалды түзүп атат.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG