Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

"Кыргызстан патриоттору" бийликке жан тартпайт, оппозицияга кошулбайт


“Кыргызстан патриоттору” партиясы мамлекетти башкаруунун жаңы моделин, премьер-министрдин аппаратысыз, президенттик-парламенттик формасын иштеп чыгууну максат кылууда.

Партия бүгүнкү курултайында өзүнүн ишмердүүлүгүн конструктивдүү оппозициячылдар катары жүргүзөрүн билдирди. Партиянын лидери Алмаз Орозбаковдун билдирүүсүндө, алар бийликке сын айтышат, бирок азыркы оппозиция өкүлдөрүнө окшоп “кетсин” деген ураанга кошулбайт. Алар мыйзам чегинде башкаруунун жаңы моделин иштетүү макcатын көздөөдө:

-Президент менен парламент премьер-министрдин аппаратысыз ачык айкын иштеше алабы? Калыс иш жүрүшү мүмкүнбү? Биз ушул багытта башкаруунун оптималдуу вариантын иштеп чыгабыз. Биз аны бийликке таңуулап же сунуштай да албайбыз . Биз өз алдынча иштей беребиз. Кабыл алса бийликке деле пайда болот. Бирок биз бул моделди келечекте бийликке келгенде өзүбүз пайдаланабыз. Бийликке келбесек, биз азыркы айтып жаткан идеяларыбызды кантип ишке ашырабыз.

Курултайда партия чыныгы патриот, таза гана адамдарды чогултуу аракетин көрөрүн белгиледи. Бүгүнкү күндө мамлекет эл ээрчий турган жаңы күчкө муктаж экендигин айтылды:

Улан: -Азыр өкмөт энергетикалык ишканаларды сатканы жатат, ал эми оппозицияга эл деле ишенбей калды. Анткени кылган иштеринин жыйынтыгы жок. Ошондуктан азыр жаңы кыймыл керек.

Мээрим: -Бизге партиянын программасы, идеясы жакты. Жаш болсок да бизди тартып, жооптуу иштерди бирге аткарабыз деп жатышат. Кыргызстанды көтөрөбүз деп максат кылып жатышат. Бул жерден мен бир катар жакшы адамдар менен баарлашып, өзүмдү патриот катары сезе баштадым.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун курултайдын жүрүшүндө партиянын жетекчилеринен дагы жаштардын айткан идеялары салмактуу болгондугун билдирди. Бирок азырынча бул партия уюштуруу жагынан тажрыйбасыздык кылып, ар кандай мүчүлүштүктөргө жол берип жатат:

-Булардын бийликке кошомат кылбайбыз, оппозицияга да жакындабайбыз, калыс позицияда болобуз дегендери жакты. Жаштардын сүйлөгөндөрү маңыздуу болду. Мындай патриот жаштарды колдоо керек. Бирок азыр булардын саясий тажрыйбасы жок, жаңы эле баштап жатышат. Уюштуруу иштеринен да аксап жатышат. Мисалы докладдары негиздүү болуш керек. Көп адамды чакырып, делегаттарды тартуу керек болчу.

“Ата Мекен партиясынын” жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев бул партиянын Коомдук парламентке, Бириккен фронтко да мүчө болуп жүргөндүгүнө токтолду. Анын ою боюнча учурда Кыргызстанда бийликчил да эмес, оппозициячыл да эмес партия катары иш алпарууга мүмкүнчүлүк жок:

-Оң-сол же центристтик болуш үчүн биринчиден ошол партиялар идеологиялык жактан күчтүү болуш керек. Чыңдалган партия гана бөлүнүп иш жүргүзө алат. Анан Кыргызстанда бийликке да оппозицияга да кошулбай ортодо турабыз деген түшүнүк жок. Алардын көбү оппозицияга кошулуп таяк жебейин, бийликке кошулуп тил укпайын дегендер центристтербиз деп чыгышат. Эми аларды келечек өзү көрсөтөт го.

Курултайда катышкан байкоочу “Намыс” коомдук уюмунун жетекчиси Уран Рыскулов партиянын келечегине ишенээрин билдирди. Анткени азыркы кыйын турмуш элди баары бир бир өзгөрүүгө түртөт. Азыр ойлонуу мезгили келди дейт ал:

-“Патриот” деген сөз “Баатыр, от” деген кыргыздын эле сөзүнөн келип чыккан деген ойго мен кошулам. Жүрөгүндө оту бар деген түшүнүк. Азыр кыргыздардын кыйналып жаткандыгы ойлонуу мезгилине алып келип жатат. Ушул жокчулук, кыйын турмуш биздин генетикалык кодубузду тырмап ойготуп жатат.

“Кыргызстандын патриоттору” партиясы каттоодон өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатканына үч жарым жыл болду. Учурда партиянын курмында 1500 киши бар. Алар республиканын бардык регионунда иш алпарышат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG