Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

“Манас” базасын чыгаруу Кремлдин чоң оюнубу?


Айрым саясатчылардын айтуусунда “Манас” аба базасын Орусия АКШга өзүнүн теңаталыгын көрсөтүү үчүн негизги курал катары колдонуусу ыктымал. Антитеррордук базанын Кыргызстанда жайгашып турушуна Орусиянын өзү да кызыкдар.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн нотасы 20-февралда Американын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылды.

-Базаны жайгаштыруу боюнча башка мүмкүнчүлүктөр бар, аларды караштырып атабыз. Аба базасы болсо коалициянын Ооганстандагы аракеттерин колдо боюнча өз ишин улантып атат, -деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Турат Макенбаев.

Эки тараптуу келишимдердин негизинде эми алты айдын аралыгында “Манас” аба базасы өлкөдөн чыгарылып кетүүгө тийиш. Бирок белгилүү болгондой аба базанын чыгар-чыкпасы тууралуу талаш-тартыштар кыргыз өкмөтүнүн чечими тууралуу президент Курманбек Бакиев Москвада жарыялагандан азыркы күнгө чейин токтой элек.

Саясатчы-талдоочулардын басымдуу бөлүгү антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу чечим Орусиянын басымы алдында кабыл алынгандыгын белгилеп, бул маселени чечүүдө эми Кыргызстан эмес, Орусия башкы ролду ойнойт деп айтып чыгышкан.

Башка пикирлер боюнча “Манас” аба базасын Орусия АКШга өзүнүн теңаталыгын көрсөтүү жана Борбор Азия аймагындагы мурдагы советтик республикаларга өзү үстөмдүк кыларын көрсөтүү максатында рычаг катары колдонуусу мүмкүн. Анткени Ооганстандагы кырдаалдын туруктуулугу орустар үчүн да маанилүү дешет алар.

-Себеби АКШнын колу менен талиптерди токтотуу болуп атат. Бул чоң саясат, менимче августка чейин бир шылтоо таап, базанын форматын өзгөртсө да базаны алып калышат,- дейт саясат талдоочу Марс Сариев “Азаттыкка”.

Саясат талдоочу НАТО сыяктуу аскердик күчтөр Жамааттык Коопсуздук Келишиминдеги уюмду теңата көрбөгөнү да орустардын кыжырын келтирип жаткандыгын белгилеп, бул жерде Орусияны да түшүнүү керек деп сунуштайт. Кыргызстан өзүнүн келечеги үчүн алыскы АКШга караганда жакынкы коңшулары Орусия жана Кытайга ыктап, алар менен мамилесин чыңдаганы зарыл.

“Манас” аба базасы Орусия үчүн кандайдыр бир деңгээлде курал болуп берүүсү ыктымал, бирок ага Кыргызстан жол бербөөгө тийиш. Антпесек, жаш, жаңы бутуна туруп келе жаткан мамлекет менен келечекте эч ким эсептешпей калат, дейт социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов:

-Орусиянын расмий адамдары канча жолу ушул маселеге келгенде “Манас” аба базасынын керектиги жөнүндө баса белгилеп айтып келишкен. Азыр Путиндин саясаты боюнча бизди көз каранды кылып туруп, анан ушунун негизинде Барак Обаманын администрациясы менен сүйлөшүүлөр болгон учурда Орусиянын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу. Алар америкалыктарга айткысы келип атат: Борбор Азия –биздин аймак, биздин карамагыбызда турат, ошондуктан, бул аймакта кандай иш жүргүзгүңөр келсе, биз менен кеңешкиле, деп деп айтканга Путин менен Медведев даярданып атышат.

Бакыт Бешимовдун айтуусунда антитеррордук күчтөрдүн аскердик аба базасы чыгып кеткен соң Кыргызстанда коопсуздук маселеси алсырабайт, Баткен коогалаңы кайталанбайт, деп эчким кепилдик бере албайт. Социал-демократчы база маселеси боюнча эң өкүнүчтүүсү –кыргыз өкмөтүнүн расмий Кремлдин тактекесине айланып калгандыгы деп эсептейт.

Айрым пикирлер боюнча “Манас” аба базасы Орусия үчүн өзүнүн пайдалуу ишин жасап берди, ошондуктан келечекте аны Кыргызстанда кармоонун орустарга зарылчылыгы жок. Анткени базаны чыгаруу тууралуу Кыргызстандын чечимине жетишүү менен орустар Ооганстанга жүк жеткирүү өздөрүнүн аймагынан өтүүсүнө жетише алышты, дейт саясат талдоочу Нур Омаров:

-АКШ менен Орусиянын ортосунда өтө татаал жана олуттуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда Борбор Азия менен Орусиянын аба жолдорун Ооганстанга жүк жеткирүү үчүн пайдалануу боюнча жетиштүү деңгээлде оор сүйлөшүүлөр болду. Мына ушул жерде орустар өздөрүнө негизги үлүштү, негизги пайданы алууга, жүктөрдү көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Айтылып жаткан маалыматтар боюнча Орусия менен Казакстан темир жолдорун Ооганстанга жүк жеткирүү үчүн пайдаланууга АКШга макулдугун беришти. Мына ушуга жетишүү үчүн Орусияга “Манас” аба базасы негизги ачкыч болуп берди. Ошондуктан, “Манас” аба базасынын чыгарылышы же калышы мындан ары орустарга негизги маселе болуп бербейт.

КРдагы АКШ элчилигинин маалыматы боюнча “Манас” аба базасы бүгүнкү күнү өз ишин улантып жатат. Демек, аталган аба базанын, кыргыз-америка, АКШ-Орусия ортосунда сүйлөшүүлөр дагы деле аяктай элек, бул маселе дагы бир канча убак көңүл чордонундагы негизги маселе болуп кала берүүсү ыктымал.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG