Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Оппозиция марттын этегинде саясий акцияларды баштайт


 Борбордук аянтка эл кайра толкуп чыгабы?
Борбордук аянтка эл кайра толкуп чыгабы?

Оппозиция жалпы өлкө боюнча жазгы акцияларды уюштурууну март айынын аягына белгиледи. Ал эми бийликчил партия мүчөлөрү элди азыр митинг-пикеттерден көрө жазгы талаа иштери көбүрөөк кызыктырарын айтышууда.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылынын жазгы акцияларын уюштуруу кыймылдын курамындагы бардык саясий күчтөргө бирдей жүктөлгөн.

Кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул аракетти бир жактуу баалоого мүмкүн эмес:

- Ар партия өзүнүн ишине жооп берет. Жүк ар кандай болушу мүмкүн, кошкон салымы ар кандай болот. Маселен, бирөө көбүрөөк каражат сарптаса, бирөө көбүрөөк эл алып чыгат, бирөө чологураак сүйлөсө, бирөө жакшыраак сүйлөйт, дегендей. Ошондуктан, бул кошуунду бир жактуу баалай албайсың.

Өмүрбек Текебаевдин кошумчалаганы боюнча, акцияларга даярдык учурунда ар кандай кырдаалга жараша чечимдер кабыл алынып же өзгөртүлүп турушу да ыктымал.

Оппозициянын жазгы акциялары тууралуу кеп болгондо бул жолу эл бийликке каршы көчөгө чыкпайт, деген пикирлерди да угууга болот. Жакында эле жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп келген депутаттардын бири, “Ак жол” саясий партиясынын мүчөсү Ибрагим Жунусов ушул тапта элди пикет-митингдер эмес, жазгы талаа жумуштарына даярдык түйшөлтүп турат, дейт:

- Элди азыр жазгы талаа иштеринен алагды кылууга болбойт. Аларды айдоо иштерин убагында бүтүрүп алуусуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Оппозиция дайыма же жазгы талаа иштери башталарда, же күзгү жыйым-терим убагында ушундай нерсеге түртүшөт.

Ибрагим Жунусов ошондой эле элдин маанайын өздөрүнө буруу оппозициянын колунан келбейт, деп эсептейт.

Мындай пикирлерди “Акция болот десе эле айрым өкмөтчү кишилер Ак үйдү барып басып алат, деп ойлошот. Чыныгы иш жүзүндө бийликтин саясатына, бийлик башындагыларга каршы өткөрүлүүчү иш-чаралардын башка түрлөрү толтура,” деген сөзү менен БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү, “Ак шумкар” саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев четке какты. Анын айтуусунда, учурда бийлик өзү элге каршы иштеп атат:

- Акция болот десе эле барып Ак үйдү басып алат дегенден алыс болуш керек. Башка нааразычылык акцияларына эл даяр. Жер-жерлерден келип аткан маалыматтар боюнча, Кыргызстандын эли бийликтин саясатына тоюп бүттү, элдин нааразычылыгы абдан жогору. Бийлик оппозициянын лидерлерин гана куугунтукка алып тим болбой, биздин кыймылга мүчө болгон саясий партиялардын ар кайсы аймактардагы мүчөлөрүн да түрдүү жолдор менен коркутуп-үркүтүп, кысымга алып жатат.

Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга жергиликтүү саясат талдоочулар гана эмес, эл аралык уюмдар да саресеп салып, байкап турушат.

Эл аралык кризистик топтун Борбор Азиядагы өкүлү Пол Куинн-Жадж мырзанын “Азаттыкка” билдирген пикири боюнча, азыркы бийлик өзүн сактап калууга аябай аракеттенет, оппозицияда болсо биримдик жетишсиз:

- Эгер алар абалды жөнгө салып, бирдиктүү оппозицияны түзө алса, кырдаал өтө олуттуу түскө ээ болот. Бирок акыркы бир жарым жыл ичинде оппозиция алсыз болду. Аларда каржылык база да, саясий биримдик да жок. Эгер абал бул бойдон калса, алардын акцияларынан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Анын үстүнө оппозициянын өзөгүн түзчү жаш, коомчулукта өз орду бар, каржылык жактан да камсыз болгон адамдар да жок болуп атат. Ошондуктан, булардын бийликке каршы көчөгө чыгуу чакырыгына эл канчалык деңгээлде жооп берерин мен айта албайм.

Айрым саясатчылардын белгилөөсү боюнча, бийлик оппозицияны ооздуктоо үчүн жасап жаткан түрдүү иш-аракеттери менен тескерисинче аларга упай топтоп берүүдө. Алардын жетекчилерин куугунтуктоо, оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын жер-жерлердеги мүчөлөрүн кысымга алуу менен бийлик элди да өзүнө каршы тукуруп жаткандыгын билбей жатат. Ушундан улам оппозициянын жазгы акциялары бийликти алып түшпөсө да, аны кээ бир кадамдарын ойлонуп таштоого мажбур кылат, дешет алар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG