Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Мирослав Ниязов: Бийликке майга чейин убакыт берүү керек


Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов президенттин кайрылуусу, 27-марттагы оппозициянын акциясы, 23-июлда боло турган президенттик шайлоо тууралуу "Азаттыкттын" түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Мирослав мырза, акыркы күндөрү Кыргызстанда саясий кырдаал бир топ курчуп баратканы айтылууда. 24-марттагы президенттин элге жасаган кайрылуусу эртең боло турган массалык нааразылык акцияларынын алдын алуу максатында болушу мүмкүнбү? Же айрым саясатчылар айткандай бул Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоо алдындагы сөзүбү?

- Менимче, президенттин бул кайрылуусу өтө кеч болду. Анткени бизде чындыгында кырдаал өтө оор болуп калды. Саясий-экономикалык акыбалыбыз нөлгө түшүп кетти. Өнөр-жай, айыл чарба продукцияларын өзүбүз өндүрө албай, митечилик менен жашагандай болуп калдык. Коррупция болсо гүлдөп өнүгүп, Камбоджа, Чад, Зимбабвенин катарына кирип калдык. Мына ушул акыбалда президент минтип элге кайрылуусу кандайдыр бир айла жоктон, “биз билебиз, өлкөнүн келечегин ачып беребиз” дегени өтө кеч айтылды. Мунун кажети деле жок болчу.

- Сиз айрым учурларда БЭКтин ишмердүүлүгүн сын көз менен карап келе жатасыз. Эртеңки нааразылык акциясы тууралуу жеке пикириңиз кандай?

- Эртең күбө болобуз канча эл келерине. Менимче, бүгүн эл жөн отурбашы керек, чыгышы керек. Анткени шайлоо жакындаган сайын абал курчуп кете берет. Менимче ар бир “президент болом” деген талапкерлердин эч кимисинин үмүтү акталбайт. Себеби бийлик бул шайлоону да өткөн жылкы референдум, парламенттик шайлоо өткөргөн кир система менен өткөрүүнү көздөөдө. Менин оюмча, оппозиция бийликке үч талап коюшу керек. Биринчиден, азыркы БШК менен эч качан биз адилет, таза шайлоо өткөрө албайбыз, ошондуктан, эң биринчи кезекте БШКны таратыш керек. Экинчиден, Жогорку Кеңешти таратуу зарыл. Анткени алар өткөн жылы ыплас жол менен келип алып, элдин эмес, бир гана адамдын кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан бир бийлик бутагы болуп калды. Үчүнчүдөн, бийлик оппозиция менен чогуу коалициялык өкмөт түзүүсүн талап кылуу керек. Мына ушуларды аткаруу үчүн бийликке 1-майга чейин убакыт берип, эгер ал ишке ашпаса, жалпы эл менен чыгып, президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылуусу керек. Анткени мындай бийлик, мындай жол менен биз алдыга чыгып кете албайбыз. Бизге бүгүн эл арасынан чыккан акылдуу адамдар керек болуп жатат. Бул бийлик өзүнүн аброюн, жүзүн толугу менен көрсөттү. Азыркы бийликтин мамлекетти ишенимдүү башкара албасына элдин көзү жетти.

- Оппозиция президент Курманбек Бакиевдин кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүүсүн талап кылып жатпайбы?

- Биз эртели-кеч мыйзам жолу менен жүрүшүбүз керек. “Кетсин” жолу менен эле жүрүп алсак, бул адамгерчиликтен чыгып калат. Бизде мыйзам бар, президент жакшыбы, жаманбы, биз мыйзам жолу менен барышыбыз керек. Эгер келген кишине эле минтип кетирип үйрөнүп алсак, анда Африканын эң артта калган өлкөлөрүнүн кейпин кийип калабыз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG