Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Өмүрбек Текебаев: Саясий репрессия, туташ куугунтук жүрүп жатат


4-май күнү “Казакстан” социал-демократиялык партиянын мүчөсү Марина Сабитова менен журналист В. Ковтуновский Кыргызстанга киргизилген жок. Казакстандык жарандар Кыргызстанга “Ата Мекен” партиясынын чакыруусу менен келе жатышкан. “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде жогорудагы окуяны Кыргызстандагы саясий куугунтуктун жана адам укуктарынын басмырланышы катары айыптады.

-Өмүрбек мырза, 4-май күнү сиздердин партиянын чакыруусу менен Кыргызстанга келе жаткан казакстандык саясатчы Марина Сабитова менен көз карандысыз журналист Ковтуновский кыргызстандык чек арачылар тарабынан киргизилбей, кайра артка кайтарылды эле. Мунун себебин чек ара кызматы кандай түшүндүрүп жатат?

-Биз “Казакстан” социал-демократиялык партиясы менен бүткүл дүйнөлүк, эл аралык партиялар уюму – “Социнтерн” аркылуу кызматташып келебиз. Жакында Казакстанда эл аралык жыйын болуп, “Ата мекен” партиясы ага катышкан. Ошол эле жерде биз “Казакстан” социал-демократиялык партиясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Андан кийин биз партиянын саясий бюро мүчөсү Марина Сабитова менен көз карандысыз журналистти Кыргызстанга чакырганбыз.

Бул партиялык тажрыйба алмашуу, Кыргызстандагы кырдаалды иликтөө сыяктуу мыйзам чегиндеги кызматташуу иш-аракеттери болмок. Бирок 4-май күнү кыргыз чек арачылары казакстандык жарандарды Кыргызстанга жагымсыз, душман катары санап, 2019-жылга чейин өлкөгө киргизилбесин, деген чечимдин негизинде киргизбей койгон.

КР чек ара кызматы “бул жерде эч кандай саясат жок” деп айтыптыр. Бирок баарыбызга белгилүү, Кыргызстанга келип аткан саясатчыларды, журналисттерди күн сайын эле өлкөгө беш-он жылдап кирбесин деген шарт жок.

Он жылга келтирбей коюу үчүн ошол киши террорист же адам өлтүрүп, эл аралык иликтөөдө жүргөн киши болушу керек. Бул аттуу-баштуу, Казакстанда гана эмес, эл аралык коомчулукта таанымал адамдардын Кыргызстанга киргизилбешин мен саясий куугунтук деп эсептейм.

-Мына ушундай чектөө, партияларды жекелөө менен бийлик кандай максат көздөйт, деп ойлойсуз? Анткени бизде партиялардын эл аралык мамилесине тыюу жок, жакында эле президенттин “Ак жол” партиясы ошол эле Казакстандан, Кытайдан тилектештерин курултайына чакырган?..

-Ооба. “Ак жол” партиясынын курултайына Кытайдан, Казакстандан жана башка жактан келген партия өкүлдөрү “Бакиевди колдойбуз” деп шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүп кетти. Ошол эле учурда башка партиялардын бизге келишин кызмат абалы менен пайдаланып, аларга бут тосуп токтотуп, өзүнө атаандаш болгон оппозициялык партияларды басмырлоо, аларды алсыздандыруу аракети, деп тааныйбыз.

Бул албетте моралдык, юридикалык бардык нормаларды бузат. Жакында айрым сайттарга “Текебаев менен Сабитованын телефон аркылуу сүйлөшүүсү” деп ар кандай сөздөр жарыяланды. Албетте, мен Марина Сабитова менен телефон аркылуу байланышып турам. Ошол сүйлөшүүлөрдү тыңшап, укканын бийлик уялбай элге жарыялап отурат.

Бул жакында ызы-чуу болгон, кыргыз өкмөтү 20 млн. долларга жалаң угуп-тыңшоочу, көрүүчү аппараттарды сатып алды деген маалыматты да ачыкка чыгарды. Бүгүнкү бийлик өзүнүн оппоненттерин угуп, тыңшап отурат, бул – мыйзамсыз.

Менин шек саноомдо бул аппараттарды бийлик саясий атаандаштарына гана эмес, бизнестеги оппоненттерине, бизнес конкуренттерине да пайдаланып, алардын ишкерлигине бут тосуп, пайдасын бөлүшүүгө, бизнесин тартып алууга дагы пайдаланышы толук ыктымал.

Ал эми Башмыйзамда адамдын негизги укугу – анын почтасынын, телефондук, телеграфтык сүйлөшүүлөрүнүн купуялыгы деп жазылып турат. Бирок бийлик аны аттап өтүп, мына ошондой тыңшоолордон кийин Марина Сабитова менен Ковтуновскийдин Кыргызстанга келе жатканын билип, аларга он жылга чейин өлкөгө келүүсүнө тыюу салды.

Мындай мурда таптакыр болгон эмес. Бул – саясий репрессиянын, тоталдык куугунтуктоонун бир көрүнүшү. Болбосо Конституцияны одоно бузуп, мындай ишке бармак эмес.

-Өмүрбек мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG