Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Орусия аскер базасы: кимге пайда, кимге зыян?


Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын ачуу тууралуу меморандумга орус жана кыргыз президенттери кол коюшту
Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын ачуу тууралуу меморандумга орус жана кыргыз президенттери кол коюшту

Орусиянын аскер базасын Кыргызстанда жайгаштыруу аракети Кремлдин Өзбекстанды өз таасиринен чыгарбоо аракети катары бааланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарындагы бейформал саммиттен кийинки кыргыз-орус президенттери кол койгон меморандумга ылайык Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын аскер базасын ачуу боюнча келишим ноябрь айына чейин түзүлмөкчү. Орус-кыргыз тараптарынын ортосунда жетишилген меморандум түзүлөрү менен коомчулуктун, андан тышкары коңшулаш мамлекеттердин бийлиги менен саясатчыларынын кызуу талкуусуна алынган.

Кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын аскер базасынын орношу – Фергана өрөөнүндөгү улуттук каршылаштыкка, келечегинде аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруучу радикалдык-экстремисттик күчтөрдүн өнүгүшүнө алып келет, деген каяша пикирин Өзбекстан дароо эле билдирип чыккан. Бул тууралу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 3-августта маалымдады.

Өрөөндөгү дагы бир мамлекет –Тажикстандын бийлиги Кыргызстандын түштүгүнө жайгашуучу Орусиянын аскер базасы тууралуу ачык пикирин билдире элек. Айрым байкоочулар тажик бийлик унчукпастыгынын артында макул эместик бар деген пикирлерин айтышууда.
Тажикстандагы оппозициялык партиялардын бири социал-демократиялык партиянын төрагасы Рахматулло Зоиров “Азаттыктын” тажик кызматына айткан пикиринде орус аскер базасы Фергана өрөөнүнө стратегиялык жактан оң таасирин тийгизе албайт, тескерисинче аймактагы мамлекеттер мына ушундай маселелерде келише албай жүрүп отуруп, таптакыр жок болуп кетүү коркунучу бар деген.

Мына ушундай эле пикирди кыргызстандык саясатчы, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков да билдирди. “Өзүңдүн аскериңди баккың келбесе, өзгөнүн аскерин багууга туура келет” деген накыл сөздү белгилеген саясатчы Кыргызстан Орусиянын аскер базасын түштүккө жайгаштыруудан көрө, өзүнүн аскерин күчөтүүгө тийиш деп эсептейт:

-Кыргызстан биринчи мөөнөттө өз аскерлерин күчөтүп, аларды абдан жакшы камсыздап, жакшы куралдарды берип, жакшы структураны түзүүсү керек эле. Бирок азыркы жетекчилер кыргыз аскерин талкалап, жок кылуу менен бирөөнүн армиясын багууга элди өздөрү түртүп жатат.

Мурдагы коргоо министри Орусиянын аскер базасын түштүккө жайгаштырууга Өзбекстан каршы болуп жаткандыгын белгилеп, мунун арты ЖККУнун жоюлуп кетүүсүнө алып келүүсү ыктымал деп боолголойт.

Айрым саясат талдоочулар Кыргызстандын түштүгүнө аскер базасын жайгаштыруу зарылчылыгы бар деген пикирде. Саясат талдоочу Марат Казакбаев аскер базасы Ош же Баткен облустарына жайгашуусу Кыргызстандын коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ деген пикирде. Бирок саясат талдоочу жаңы аскер базасын эмес, Орусиянын Канттагы аба базасын түштүккө көчүрүү туура болмок деп эсептейт:

-Ушул Канттагы Орусиянын аскер аба базасын эле түштүккө көчүрүп койсо туура болмок. Менин оюмча азырынча Канттага аскер аба базасынан пайда деле көрө элекпиз, жөн эле турушат. Ошондуктан, түштүккө дагы бир жаңы аскер базасын ачуудан көрө, Канттагы аскер базасын Ошко же Баткенге жылдыруу жакшы эле. Анткени бул аймактарда диний, саясий экстремизм, эл аралык терроризмдин коркунучу күч. Ар кандай тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир сыяктуу диний агымдар да күчөөдө. Ошондуктан бул аймакта аскер базасынын турушу – шарт.

Акыркы убакта Өзбекстан Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлүп жаткан ар кандай кызматташтык келишимдерди жактырбоо менен кабыл алып жатат, дешет кээ бир саясат талдоочулар. Буга мисал катары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр, андан кийин Орусиянын аскер базасы тууралуу меморандум айтылууда. Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикири боюнча мунун баары эле ишке ашып кетүүчү долбоорлор эмес, бул жерде Орусиянын Өзбекстандын тамырын алдыртан тартуу аракети жатат:

-Орус өкмөтү Өзбекстанды өз таасиринен чыгарбоого аракет кылып жатат. Анткени сиздер жакшы билесиздер, Өзбекстанда нефть, газ сыяктуу энергоресурстар көп. Акыркы убактарда болсо өзбек бийлиги Америка менен жакындашып, алар менен мамилесин жашыртып жатат. Анын батыш жакка жылып баратканы, албетте, Орусияга жакпайт. Орустар Өзбекстанды колдон чыгарып жиберүүдөн, тагыраак айтканда андагы энергетикалык ресурстарды колдон чыгарып жиберүүдөн чочулап турушат. Ошондуктан, эгер расмий Москва Ташкент менен мамилесин оңдоп, келишип алса, Кыргызстандын түштүгүндө аскер базасын ачуу маселеси токтоп калышы толук ыктымал. Ал эми орус аскер базасы түштүктө жайгашканы Фергана өрөөнүндөгү баңгизат трафигин көзөмөлдөөгө Орусияга мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо Тажикстанга жакпайт.

Орусиянын аскер базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча келишим ноябрь айына чейин түзүлөрү айтылганы менен азырынча мунун айланасында кандай аракеттер жүргүзүлүп жатканы белгисиз бойдон калууда. Расмий бийлик эч кандай маалымат берилбейт деп бекем турат. Бул аралыкта Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Ханабад шаарында аскер базасын куруу мандеми ачыкталды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG