Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Реформа жакындап жатабы?


Президент К.Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча парламентте сөз сүйлөөдө. 1-сентябрь, 2009-жыл.
Президент К.Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча парламентте сөз сүйлөөдө. 1-сентябрь, 2009-жыл.

Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоо боюнча сунуштарын кийинки жумада парламентке алып чыгары күтүлүүдө.

Мамлекет башчынын башкаруу системасын реформалоо тууралуу сунуштарынын үстүндө азыр 11 кишиден түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат. Азырынча жумушчу топтун иши тууралуу ачык маалымат жок.

Президенттин алдындагы катчылыктын талдоо кызматынын жетекчиси Мелис Жунушалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жумушчу топ ишин 22-сентябрга чейин аяктап, президентке сунуш кылат:

- Жумушчу топ эмки жумада өнүгүү институттарынын регламентин жана эрежелеринин жол-жоболору тууралуу ишинин натыйжасын президентке сунуш кылат. Мамлекет башчынын биринчи мөөнөтүндө эки жарым-үч жыл дээрлик өлкөдө саясий туруктуулукту камсыздоого сарпталып кетти. Азыр болсо саясий туруктуулук биздин коомчулукта пайда болду деп айтууга толук негиз бар. Мындан тышкары башкаруу системасын реформалоого ар кандай жакшы шарттар түзүлдү.

Ошентсе да президент айткан башкаруу системасынын реформасы чыныгы иш жүзүндө канчалык деңгээлде ишке ашары көпчүлүктү күмөнсүтүп турган учур. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев өлкө башкаруу системасын реформалоого канчалык деңгээлде даяр, мына ушунун өзү дагы реформанын ишке ашуусуна таасирин тийгизет, деген пикирде:

- Азырынча президенттин алдындагы катчылык калат, мамлекеттик катчы институту жоюлат дегенден башка деле эч кандай ачык маалымат жок. Облустук, райондук структуралар эмне болот, ал тууралуу азырынча белгисиз. Иштеген киши жок, кандай болобуз, кимибиз кетип, ким калат деген гана кеп болуп жатат.
Орозбек Молдалиев чыныгы реформанын ишке ашарына ишенбейт


Орозбек Молдалиев бул жолу күтүлүп жаткан реформа да буга чейинки жүргүзүлгөн Конституциялык реформа, өткөрүлгөн парламенттик, президенттик шайлоолор сыяктуу “ураа” менен өткөрүлүп, бир ууч кишилердин каалоосу жалпы элдики катары дүйнөлүк коомчулукка сунушталып, ишке ашырылышы толук ыктымал деп эсептейт:

- Виртуалдык системаны түзө коюп эле ар кандай саясий иш-чараны өткөрүүгө ык коюп алдык. Мына президенттик шайлоодо деле көрүндү, элге көрсөтмө кылып “иштеп атабыз, жүрүп атат” деп айта берүүгө көнүп алдык. Эл деле кийинки убактарда "ии" деп ушуга ишенип калды. Бюджеттин бөксөлүгү, реформаны өткөрүүгө канчалык дараметибиз бар, мына ушулар тууралуу эч кандай маалымат жок.

Президенттин башкаруу системасын реформалоо максатын оппозиция башынан эле ишенбөөчүлүк менен кабыл алган. БЭКтин айрым лидерлери түз эле бул президенттик шайлоодон кийинки элди убактылуу алаксытуу аракети деп айтып чыгышты. Ошол эле учурда реформа шылтоосу менен бийлик өзүнө ыңгайлуу өзгөртүүлөрдү Башмыйзамга киргизип алат деген пикирлер айтылган. Президенттин алдындагы катчылыктын талдоо кызматынын жетекчиси Мелис Жунушалиев Башмыйзамга башкаруу системасына байланыштуу өзгөрүүлөр киргизилерин ачыктады:

- Конституцияга өзгөртүү киргизилет. Мамлекеттик катчы институту жоюларын президент да айтып кеткен, ошондуктан, башкаруу системасына байланыштуу өзгөрүүлөр болот.

Парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев өлкөнүн башкаруу системасын реформалоого жарым жылдан бир жарым жылга чейинки убакыт сураган. Айрым саясатчылардын пикиринде, бул өтө эле узак убакыт.

“Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев бул убакыттын ичинде реформанын күчү, эффективдүүлүгү кетип калат деп эсептейт:
Темир Сариев бул убакыттын ичинде реформанын күчү, эффективдүүлүгү кетип калат деп эсептейт


- Мен ойлойм, азыр реформанын көп нерсеси чийки болуп атса керек. Реформага байланыштуу көп маселелер боюнча ич ара талаш-тартыш да бар окшойт. Ошондуктан, коомчулук күтүп жаткан иш-чаралар кечеңдеп жаткан болуш керек. Ар бир бийликтин күчтүүлүгүн, эффективдүүлүгүн көрсөтө турган бир гана күч бар – бул мамлекеттеги элдин абалы. Эгер элдин жашоосу күн сайын оңолуп турса, бийлик эл колдогон күчтүү бийлик болот. Андай болбосо баягы эле айтылган, алдаган куру сөз болот.

Президенттин жана Кыргызстанды өнүктүрүү институттарынын структурасын, алардын иштөө жол-жобосун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ ушул апта соңунда ишин аяктайт. Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденцияда эч жакка чыкпай иштеп жаткан жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен таанышар күн да али алыс эмес. Демек, башкаруу системасын реформалоо кандай жол менен, кандайча өңүттө жүргүзүлөт, бул дагы коомчулукка кийинки жумада ачыктала тургандай болуп калды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG