Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

А. Бекназаров: Бакиев катышкан шайлоо сөзсүз бурмаланат


Бүгүн БЭКтин Улуттук Кеңеши жыйынга чогулат. Анда 27-мартта өтө турган жалпы элдик нааразылык акциясы тууралуу сөз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров маек куруп берди.

-Азимбек мырза, бүгүнкү жыйында 27-марттагы акциядан башка дагы кандай маселе козголушу мүмкүн?

-Бул жыйында кыймылдын мүчөлөрү алдыда боло турган президенттик шайлоо тууралуу да кеп кылат. Шайлоого кандай даярдык көрөбүз, кандай ураан менен барабыз, мына ушулар тууралуу сөз болмокчу.

-27-марттагы акцияга даярдыгыңыздар кандай болууда? Жалпы Кыргызстан боюнча уюштурууга мүмкүнчүлүк болуп атабы, анткени жергиликтүү бийликтен түрдүү бут тосуулар болуп жатканы айтылып атты эле?

-Даярдык жакшы, кудай буйруса бир топ региондордун штаб башчылары менен жолугушуу өткөрдүк. Мурдагы “Бакиевдерсиз шайлоо” деген ураандын алдында акцияны уюштуруп атабыз. Анткени быйыл боло турган президенттик шайлоо Курманбек Бакиевдин өзү катышса, мыйзамсыздык сөзсүз болот, элдин добушун уурдоо, жыйынтыгын бурмалоо аракеттерин бийлик сөз жок жасайт.

Каалайбызбы, каалабайбызбы БШК жыйынтыгында 60-70 пайыз добуш берди кылып, жалган натыйжа чыгарат. Ошондуктан, буга жол бербөө максатында 27-мартта боло турган нааразылык акциясын “Бакиевдерсиз шайлоо” деген ураандын алдында өткөрүп атабыз.

-Президенттик шайлоого Бириккен элдик кыймылдын өзү кандай даярданып жатат?

-Бул жөнүндө бүгүн сөз болот. Бир топ шарттарды бийликке коебуз, эгер алар аткарылбаса, анда биз президенттик шайлоону болтурбоого аракеттерди жасайбыз. Себеби биз ишенебиз басып өткөн төрт жыл ичинде президент шайлоолордун жыйынтыктарын, референдумдун жыйынтыгын бурмалаган.

Ошондуктан бул сапар биз алданууга моралдык укугубуз жок. Чү дегенде эле адилет шайлоо өткөрүү максатында ураан көтөрүп, ошол максатта күрөш жүргүзөбүз деген ниетибиз бар.

-Эртең март ыңкылабынын 4 жылдыгы болот. Расмий бул күн улуттук майрам деп белгиленет. Бул ыңкылапка чоң үлүшү бар адам катары майрамдайсызбы?

-Бул майрам каалайбызбы, жокпу, карапайым элдин улуу жеңиши болчу. Бул күн кыргыз элинин тарыхында жөнөкөй элдин үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүнүн жеңиши катары кала берет.

Бирок элдин жеңишин, ыңкылаптын максатын бир ууч адамдардын уурдап алганы таптакыр башка нерсе. Ошондуктан, мен үналгы угармандарын да 24-мартты үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турган элдин күнү катары майрамдоого чакырам.

-24-марттагы ыңкылап парламенттик шайлоонун бурмаланышына каршы элдин көтөрүлүшүнөн улам келип чыккан эле. Быйыл боло турган президенттик шайлоо элдин мына ушундай нааразылыгын, көтөрүлүшүн пайда кылышы мүмкүнбү?

-Элдин ыңкылабы төрт жылдан бери эле уланып келе жатат. Карапайым эл Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы тынбай күрөшүп келе жатат. Бирок бул жолу бийликтин алдоосуна, бурмалоосуна жол бербешибиз керек. Мен бийликтин алдап кетүүсүнө эл да жол бербейт, деп ишенем.

-Азимбек мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG