Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

АКШнын базасы Ала-Тоодо калат деген сөз кайдан чыкты?


"Азаттыктын" таңкы түз обосундагы талкууда бул жолу “Манас” аскердик аба базасынын Кыргызстанда калуу мөөнөтүн узартуу тууралуу кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү, “Ак жол” партиясынын курултайы жөнүндө сөз болду.


Талкууга ЖК депутаттары: Социал-демократтар фракциясынан Роза Отунбаева, Коммунисттер фракциясынан Анаш Сеитказиев жана “Ак жол” фракциясынан Бегалы Наргозуев катышты.

“Азаттык”:
-Алгач “Манас” аскердик аба базасы, ал тууралуу Кыргызстан-АКШнын сүйлөшүүлөрү боюнча сөз кылсак. Пентагондун маалымат кызматы америкалык расмий өкүлдөр менен кыргыз тараптын "Манас" аскерий базасын калтыруу мөөнөтүн узартуу тууралуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болуусуна үмүттөнүп жаткандыгын жарыялады. Роза айым, бул сүйлөшүүлөр боюнча сиздин пикириңиз кандай болуп атат?

Р. Отунбаева:
-Акыркы убакта биз ушинтип угуп калып жатабыз. Бирок кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов “Манас” аба базасы боюнча эч кандай сүйлөшүү жок деп билдиргенин “Азаттыктан” окудум. Мен муну мындай деп чечмелейт элем: биз өзүбүздүн эгемендүүлүктү Орусияга тапшырып салдык. Мына 2 млрд. доллар насыя алабыз деп, эч бир сөзүнөн чыкпай, антитеррордук күчтөрдүн аба базасын чыгар деп АКШ менен тирешип. Демек, азыр биздин тагдырыбызды Орусия чечип атат. Сүйлөшүүлөр болсо Орусия аркылуу болуп жаткандыр. Москвада да Американын элчиси бар, Пентагондун өкүлдөрү бар, АКШда Орусиянын элчилиги бар.

Мына ошолордун ортосунда ошондой сүйлөшүүлөр болуп жатса керек, мына ушундан улам да ал сүйлөшүүлөрдү биздин өкмөт башчы билбеши мүмкүн. Менимче бул акылсыз саясат. Анткени Ооганстан жаныбызда турса да, Ооганстан бизге такыр тиешеси жоктой эле далыбызды салып, Гватемала же Парагвайдын ордунда жашап аткансып, чоң, тайыз оюндарга кирип баратабыз. Жаныбыздагы коңшулар менен да тирешип баштадык. Мындай тышкы саясат абдан коркунучтуу.

“Азаттык”: -“Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талабын башынан коюп келе жаткан коммунисттердин өкүлү Анаш мырза сизде кандай пикир жаралды? Кыргыз бийлигинин АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аба базасы тууралуу келишимдерди парламентке денонсациялатып туруп, андан кийин кайра мындай аракеттерге барышына кандай көз караштасыз?

А. Сеитказиев: -Парламенттин АКШнын аскердик аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу тууралуу келишимди жокко чыгарган чечими күчүн жоготту деп айтууга азырынча эрте. Негизи бул база тууралуу эки тараптардын келишимин жокко чыгаруу ратификация болду. Коммунисттердин программасында башынан эле “Американын империализмине жол жок” деген талап башынан эле бар.

Ошондуктан “Манас” аскердик аба базасын чыгаруу тууралуу өкмөт чечим кабыл алганда, биз талабыбыздын бири аткарылды, деп кубанганбыз. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстан менен АКШнын ортосунда базаны кайра калтыруу боюнча имиш сөздөр болуп жаткан соң, биздин өкмөтүбүз эртеңки күнү “Манас” аба базасына башкача шарттар менен башка аймактан орун, жер берип койсо таң калбайт элем.

Менимче аскердик аба базаны “Манас” аэропортунун аймагында калбайт болуш керек, мыйзамда көрсөтүлгөндөй 18-августка чейин “Манас” аба базасындагы аскер күчтөрүнүн акыркы жоокери Кыргызстандан чыгып кетүүгө тийиш. Бирок дүйнөлүк практика көрсөтүп жүрөт, АКШ бир кирип алган жеринен кайра оңой менен кетпейт.

“Азаттык”: -Бегалы мырза, “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимин карап жаткан учурда “Ак жол” партиясы базанын дарегине катуу сын-пикирлерди айтты эле. АКШ тараптан расмий маалымдалып жаткан кабарга карата “Ак жолчу” депутаттардын пикири кандай болуп жатат?

Б. Наргозуев:
-Парламент денонсациялаган документ бүт бардык юридикалык жараяндардан өткөн. Ошондуктан ал күчүн жоготпойт. АКШнын аба базасын калтыруу жөнүндө сөз болсо, жаңы келишим түзүү тууралуу сөз болушу мүмкүн. Жаңы келишим жаңы шарттардын негизинде түзүлүп, ошондо гана антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасы Кыргызстанда калып калышы мүмкүн. Муну эки тарап тең, АКШ да, Кыргызстан да танбайт, анткени сүйлөшүүлөргө жол ачык, деп президент Бакиев өзү да билдиргени белгилүү.

Экинчиден, “Манас” аба базасын Кыргызстанда калтыруу боюнча кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү тууралуу чыгып жаткан сөз кандайдыр бир атайын кызматтардын чагымы да болушу ыктымал. Анткени кечээ Орусиядан Кыргызстанга 300 млн. доллар келип түшмөк. Ошондуктан муну үзгүлтүккө учуратуу максатында да атайын кызматтар муну иштеп чыкса керек.

Үчүнчүдөн, “Манас” аба базасы тууралуу 2001-жылы түзүлгөн келишимдерди денонсациялап жаткан күнү мен өз пикиримди айткам. АКШ биздин дос мамлекеттердин бири, Кыргызстанды эгемен мамлекет катары биринчи болуп таанып, Кыргызстанда элчилигин алгачкылардан болуп ачкан. Ошондуктан, февраль айында парламент денонсацияланып жаткан учурда эки тараптын ортосундагы келишимдердин бирөөнү гана ар түрдүү себептерге байланыштуу үзүлүп жаткандыгы катары кароону сунуштагам. Ал эми Жогорку Кеңеш денонсациялап берген документ күчүн жоготпойт, себеби ал бүт жараяндардан өтүп кеткен.

“Азаттык” -Бегалы мырза, “Манас” аба базасынын Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Пентагондун маалымат кызматы кабарлаганын эсиңизге сала кетели.

Р. Отунбаева: -Мен Бегалы мырзанын сөзүнө кошулайын деп атам. Биз бул ишти парламентте карап жатканда, андан кийин да айттым эле. Кыргызстандын эки тараптуу келишимден чыгып жатканы бир иш. Бул парламентте каралып, колдоосун таап, документтер менен аныкталды. Ал эми Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мүчөсү катары сүйлөшүүлөргө катышып жатат, деген пикирлерге кошулам. Бул менин да жеке пикирим. Анткени ЖККУ такыр бутуна тура албай атат. Аны АКШ да, НАТО да тааныбай жатат. Ошондуктан, мындай учурда Кыргызстан түрткүч күч болуп, кичинекей, алы жок болсо да, ошондой килейген, чоң өлкөлөрдүн ишине жөлөк болуп жатканына биз баарыбыз күбө болуп жатабыз. Ошондуктан, жанагыдай сүйлөшүүлөр бар, сөзсүз бар, аскердик база “Манас” аэропортунан кете турган түрү жок болуп атат. Бирок Кыргызстандын атынан эмес, база ЖККУнун атынан иштешине америкалыктар “Ооганстан менен иш бүтсүн” деп, макулдугун берген окшойт.

“Азаттык”: -Анаш мырза, Кыргызстандын мындай жабык эшик артындагы жашыруун сүйлөшүүлөрүнөн кийин Орусиянын мамилеси кандай болушу мүмкүн, деп эсептейсиз?

А. Сеитказиев: -Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин, бир жээкти тандашыбыз керек. ЖККУга мүчө болуп туруп, НАТО менен да иштешүүсү туура эмес. Тарыхый-маданий жана башка жактардан биз Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана башка мурдагы советтик республикалар менен биздин катышыбыз, тууганчылыгыбыз бар. Ошондуктан, кыргыз эли мурдагы он беш республика менен мамиле кыла бергенибиз оң деп ойлойм. Ал эми АКШнын саясаты түшүнүктүү, алар ар бир өлкөлөргө, аймактарга ракеталарын, аскер базаларын орнотуп, дүйнө жүзүнө лидер болгусу келет. Ошон үчүн биз Америка Кыргызстандын кайсы жерине, кимдин атынан болбосун аскер базасын жайгаштырса да, биз баары бир каршы турабыз.

“Азаттык”: -Бүгүнкү тегерек үстөл талкуубузда кеп кыла турган дагы бир маселе –президенттик шайлоо тууралуу болмокчу. Бүгүн “Ак жол” партиясы курултай өткөрөрү айтылган. Алгач партиянын өкүлү катары Бегалы мырза, бүгүнкү курултай, андагы каралуучу маселелер тууралуу айтып кетсеңиз?

Б. Наргозуев: -Бүгүн биздин партиянын 4-курултайы болот. Анда президенттик шайлоого партиянын атынан талапкер көрсөтүү, шайлоо платформасын аныктоо жана жарыялоо жана “Ак жол” партиясынын уставына өзгөртүү киргизүү маселелери каралмакчы.

“Азаттык”: -“Ак жол” партиясы президенттик шайлоого талапкер кылып, азыркы президент, партиянын лидери Курманбек Бакиевди көрсөтөт, деген да маалыматтар айтылууда?

Б. Наргозуев: -Биздин курултайдын делегаттарынын катышуучулары азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүүнү башынан эле айтып, колдоп-кубаттап келе жатат. Менин оюмча, бүгүнкү курултайда баардык делегаттар Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдойт.

“Азаттык”: -Роза айым, оппозициянын өкүлү катары айтсаңыз, БЭК эгер К. Бакиев шайлоого катыша турган болсо, анда шайлоо акыйкат өтпөйт, деп билдирүүдө. Эгер бүгүн анын талапкерлиги көрсөтүлсө, К. Бакиев партия таккан тапшырманы аткаруу үчүн шайлоого барат. Мындай учурда сиздердин кадамыңыздар кандай болушу мүмкүн?

Р. Отунбаева: -Мен биринчиден кесиптешимди бүгүнкү курултай менен куттуктайм. Анткени курултай деген ар бир партия үчүн маанилүү окуя. Биздин партия өткөн жекшемби күнү курултай өткөрүп, расмий бийликтин адамдарын да чакырдык. Мен айтар элем, саясий маданиятыбыз өйдө болуп, өсө бериши керек, ошондуктан, “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнө ачык маанай менен өзүнүн талапкерин тандап алгыла, деп каалоомду жиберет элем. Бул деген ар бир партиянын укугу, чечими. Бирок биздин кыймыл -БЭКтин негизги талабы: “Бакиевдерсиз шайлоо”, бир эле Курманбек Бакиев эмес, бардык Бакиевдер катышпасын деген талап. Биз бул талаптан кайтпайбыз. Өткөн шайлоолордо да чоң мыйзам бурмалоолорго жол берген бийлик бул жолу дагы шайлоону ачык, таза жүргүзөт, деп айта албайм.

“Азаттык”: -Анаш мырза, Коммунисттер партиясы 2-майда курултайына чогулуп жатканы кабарланууда. Сиздердин партия президенттик шайлоого катыша турган болуп атабы?

А. Сеитказиев: -2-майда биздин партиянын 34-кезексиз курултай болот. Ушул күндө 106 саясий партия президенттик шайлоого талапкер көрсөтүүгө, катышууга укуктуу. Биздин партия дагы алардын катарында эртең же өзүбүздүн талапкерди көрсөтөбүз, же кайсы бир талапкерди колдоп чыгарыбызды аныктайбыз. Курултайдын катышуучулары Бишкекке келишти, келип атышат. Биз бүгүн 1-Май майрамын өткөрүп, эртең курултай өткөрөбүз.

“Азаттык”: -Шайлоо акыйкат өтөрүнө көзүңүздөр жетпесе, анда шайлоого катышуунун кереги барбы, деген суроо туулат... Роза айым, бул жолку президенттик шайлоодо шайлоочулар өздөрүнүн добушун коргоого аракет кылат, деп ишене аласызбы?

Р. Отунбаева: -Шайлоо ачык өтсүн, мыйзамдын негизинде өтсүн, деп азыртан эле айтып, талап кылып атабыз. Азыртан эле белгилүү болуп турат: көп нерселер туура эмес болуп жатат. Мына оппозициялык кыймыл БШКнын курамын өзгөрткүлө, жок дегенде жарымы калыс адамдардан болсун, деген талабыбызга көңүл буруп да коюшкан жок. Ошол боюнча эле БШКда жалаң “Ак жолдун” мүчөлөрү, алар сунуштаган кишилер отурушат.

Мына БШКда юрист болуп, Максим Бакиевдин Елисеев деген жеке юристи отурат. БШКнын мурдагы төрайымы Кабилова менен кошо качып кеткен Булдакова деген мүчөнүн ордуна президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөновдун жеке юристи барды. Мына, жалаң калың капчыктуулардын, бийлик өкүлдөрүнүн жеке юристтери БШКда отурушат, анан кантип, акыйкат шайлоо болсун?!

“Азаттык”: -Анаш мырза, сиз кандай ойлойсуз, быйыл боло турган президенттик шайлоо акыйкат өтөбү? Көзүңүз жетеби?

А. Сеитказиев: -Эгемендик алгандан бери канча шайлоолор өттү, бирок көрүп атабыз, таза шайлоо болбогондугун иш жүзүндө көрдүк. Бүгүнкү күнү биздин шайлоочулардын, атуулдардын, саясий партиялардын укугу бар, мына ошолор шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып, ар бир партия өз салымын кошуусу керек. Алар ар бир добуш берүү участокторуна таза, сатылбай турган адамдарды коюп, бюллетендерди санаган учурда да баарына көзөмөл жасоого тийиш. Мына ошондо гана шайлоолор акыйкат болот.

“Азаттык”: -Урматтуу маектештер, сиздерге чоң рахмат! Убактыңыздарды бөлүп, биздин студияга келип, ой бөлүшкөнүңүздөр үчүн раазычылыгымды билдирем.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG