Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Шайлоого даярдык шайма-шай


БШК төрагасы Дамир Лисовский
БШК төрагасы Дамир Лисовский

Президенттик шайлоого жер-жерлердеги даярдыктын деңгээли премьер-министр И. Чудинов катышкан селектордук жыйында талкууланды.

23-июль күнү боло турган президенттик шайлоого даярдык толугу менен аягына чыкты. Бул тууралуу 20-июлда болгон селектордук жыйында БШКнын төрагасы Дамир Лисовский маалымдады. Анын айтуусунда жалпысы болуп 2333 добуш берүү участогу түзүлдү, мунун ичинен 49 чет мамлекеттерде. 56 райондук шайлоо комиссиялары президенттик шайлоону өткөрүүгө толугу менен даяр:

-Бардык добуш берүү участоктору керектүү нормативдик документтер, маалымдамалар менен камсыздалган. 2 млн 872 миң добуш берүү бюллетени басылып чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин тартип коргоо органдарынын көзөмөлү алдында шайлоо участокторуна жеткирилди. Алардын ичинен 2 млн 226 189 кыргыз тилинде, калганы орусча. Добуш берүү участокторунда тизме менен таанышуулар уланып жатат.

Дамир Лисовскийдин маалыматы боюнча шайлоо комиссияларын курамын түзүүгө 23 саясий партия катышып, 20 689 киши комиссия мүчөлүгүнө кирген. Ошондой эле шайлоого көзөмөл кылууга 516 эл аралык байкоочу катталды, талапкерлердин ишенимдүү адамдарын дайындоо азыр дагы уланып жатат. Булардан тышкары шайлоону чагылдырууга 85 чет өлкөлүк маалымат каражаттары уруксат алышты, добуш берүү күнү бардык маалыматтар “Шайлоо” автоматтык системасы аркылуу, Улуттук телеканал аркылуу түз берилип турат.

Жыйында Кыргызстандын бардык облустарынын губернаторлору жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери президенттик шайлоого даярдыгын жана эч кандай чечилбеген маселе жоктугун телефон аркылуу билдиришти. Ушундай эле маалыматты транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов да кабарлап, бир дагы шайлоо участогу байланышсыз калбагандыгын айтып кетти. Министрдин маалыматы боюнча байланыштын санариптик, мобилдик түрү менен камсыз боло албаган бийик тоолуу аймактарда 24 шайлоо участогу бар, алар радиотелефондор аркылуу райондук жана борбордук шайлоо комиссиялары менен байланышып турушат.

Мурдатан добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн электр энергиясын өчүрө салышкан учурлар көп болуп, байкоочулардын нааразычылыгын туудуруп келген. Бул жолу мындайга жол берилбейт, деп бекемдеди энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Иляс Давыдов:

-Бардык шайлоо участокторун электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн төрт айдан бери даярдык көрүлдү. Үч күн мурун Ташкентке барып, борборазиялык диспетчердик түйүндүн жетекчилери менен президенттик шайлоо күндөрү Кыргызстандын энергосистемасына артыкчылык берүү тууралуу сүйлөшүп келдик. Мындан тышкары электр энергиясы кокусунан өчүп калган учурларда колдонуу үчүн кошумча электр булактары менен да шайлоо участоктору камсыз болгон, -деп Иляс Давыдов.

Жай мезгилинин кап ортосунда мындай жогорку деңгээлдеги иш-чара өткөрүү оңойго турбайт, деп белгилешти бүгүнкү жыйындын катышуучулары. Эмгек өргүүлөрүнүн, жайкы каникулдун мезгилине туш келген бул шайлоодо кандай болгон күндө да шайлоочуларды добуш берүүгө тартууну талап кылды өкмөт башчы Игорь Чудинов. Премьер-министр жергиликтүү бийлик ээлеринен бийик тоолордогу жайлоолорго мал жайып кеткен малчылардан тартып, жайкы каникулда үйлөрүнө тараган студенттерге чейин таап, добуш берүүгө катыштырууну буйруду:

-Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча 125 миң студенттин 25 миңи жатаканаларга убактылуу катталган, алар ошол катталган жери боюнча добуш беришет. Калган 80 миңи жайкы эс алууга үйлөрүнө тарашкан. Мына ушуларды таап, алар менен байланышып, студенттердин добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүүсүнө көмөктөшүүнөр керек.

БШКнын селектордук жыйынында бүгүнкү күнгө чейин 17 миң киши мөөнөтүнөн мурда добуш бергендигин маалымдады. Айрым жарандык уюмдар болсо иш жүзүндө бул көрсөткүч беш-он эселеп көп деген пикирлерин билдиришүүдө. “Менин шайлоомдун мезгили” коомдук уюмунун демилгечилеринин бири, “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө да административдик ресурс колдонулуп, бюджеттик кызматкерлерди өлкөдө жок адамдардын атынан добуш берүүгө мажбурланып жаткандыгын белгиледи:

-Мындай маалыматтар бизге күн сайын түшүп атат. Мугалимдерди, врачтарды жана башка бюджетте иштеген кызматкерлер даттанып, башка бирөөлөрдүн атынан азыртан добуш берүүгө мажбурлап жатышкандыгын айтып атышат. БШК болсо бул маселени уккусу да жок.

Төлөйкан Исмаилова азыртан мыйзам бузуулар орун алып жаткан соң, шайлоо күнү добуш берүү жараяны жүрүп жаткан убакта жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда акыйкаттык болот деп ишенүүгө таптакыр мүмкүн эмес, деп бекемдеди.

Кыргызстандын келерки мамлекет башчысын тандоочу күнгө төрт күн калды. Өкмөт башчы Игорь Чудинов жана БШК президенттик шайлоо ачык, акыйкат жана КР бардык мыйзамдарынын чегинде өтө тургандыгын баса белгилөөдө. Оппозиция болсо бул күнү шайлоочуларды берген добуштарын сактоо үчүн тикесинен тик турууга чакырып жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG