Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Талас: Элдик жыйынга даярдык аяктап калды


Элдик жыйынга үгүттөп жүргөн таластык Муктарбек Шералиевдин автоунаасын эки күн мурда белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти
Элдик жыйынга үгүттөп жүргөн таластык Муктарбек Шералиевдин автоунаасын эки күн мурда белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти

Таласта Элдик революциялык кыймыл уюштуруп жаткан жыйынга даярдык уланууда. Бул арада бийлик өкүлдөрү да уюштуруучуларга ар кандай ыкмалар менен Элдик жыйынга каршы бут тосууларды улантып жатканы айтылууда.

Таласта 13-ноябрдан тарта жыйынга элди үндөп чакыруу иштерин жүргүзүп, жетектеп жаткан оппозициячыл айым Роза Нурматова “Азаттыкка” бул жыйынга кимдер чакырылганы тууралуу кеп кылып, бийлик тараптан ар кандай провокация иштери жасалышы мүмкүн деп коопсузданат:

- Биздин ыйык Талас жергесинде жалпы улуттук жыйын деп атаган соң, өлкөбүздүн туш тарабынан эл келет. Бүгүн Жалал-Абат облусунун делегациясы келип калды. Чүй, Көл, нарындыктар да, Ош, Баткенден да адамдар чыгып атышат. Андан тышкары ММКлардын өкүлдөрү келишет жана элчиликтерден адамдар чакырылган. Провокация кылабыз деп бийлик аракеттенсе, биз коомдук тартипти бузган адамдарды милициянын колуна өзүбүз тапшырып беребиз. Ар кайсы жерге кырк чоробузду мыкты жигиттерден коебуз.

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Кадырбек Жаркыналиев болсо укук коргоо кызматкерлери тарабынан толук коопсуздук сакталаарын айтып, жыйын тынч өтөөрүнө кепилдигин берүүдө:

- Биздин мэрия тараптан атайын уруксат берилген. Курултай өткөрүүчү жер аныкталган, стадиондо болот. Биз коомдук тартипти сактап беребиз. Бизге эң негизги тынч өткөнү, шаарыбызда тынчылык болгону гана керек. Бүгүнкү учурда биз эч кандай деле даярдык көргөн жокпуз. Анткени ал жерге бөлүнгөң кызматкерлерибиз бар. Аларды бөлүп-бөлүп постко коюп коебуз. Биздин милдет ушул.

Курултайга элди чакырып, үндөп ишеп жаткан Талас шаарынын тургуну Муктарбек Шералиев бийлик тараптан аларга бут тосуулар дагы деле жасалып жатканын айтууда:

- Кечээ базарда радиорубкага бергенбиз 18инде саат 11де Талас шаарында курултай болот деп. Ошол жерден бир-эки жолу бергенден кийин эле светти өүрүп салышты. Андан тышкары ипподромдо той болот, ат абыш болот, тиги-бу болот, бекер машина менен жеткиребиз деген сөздөр айтылды.

Губернатордун маалымат катчысы Бакай Садыров бийлик тараптан эч кандай бут тосуулар жасалбаганын айтып, курултайда айтыла турган талаптар туура эмес дейт:

- Ар бир сүйлөгөн сөзүбүздүн, кылган талабыбыздын укуктук жагын да карап көрсөк. Мисалы, президентибиз Курманбек Бакиев кетсин дейт, анын өзүнүн конституцияда көрсөтүлгөн нормалары бар, кайсы учурда президент кетет. Менимче бүгүнкү күнү андай нормага туура келген эч нерсе жок. Булар негизсиз эле айтылып жаткан нерсе болуп атат.

Элдик ырчы Сагынбек Момбеков болсо бийлик тымызын бут тосууларды жасап, аладрдын айткан сөзү менен иштери айкалышпай жатат дейт:

-Бир эле убада беришет. Бирок сөз жүзүндө булардыкы такыр башка, иш жүзүндө таптакыр башка.

18-ноябрга белгиленип жаткан бул Элдик жыйында негизинен энергетикалык кризиске, азык-түлүк бааларынын кымбатташына байланышкан маселелер козголлору айтылууда. Ошондой эле Таласта көп жылдан бери талаштуу жагдайга дуушар болуп жаткан төөбурчак жана бир колдон экинчи колго өтүп келе жаткан алтын кендери тууралуу айтылмакчы. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул курултай анча деле масштабдуу өткөрүлбөйт дегени менен курултайдын уюштуруучуларынын айтымында, курултайга келебиз, өз үнүбүздү кошуп көйгөйлөрдү айтабыз деген адамдар арбын.

XS
SM
MD
LG