- Марс мырза, оппозициянын лидерлерине кылмыш иштеринин козголушу менен аларга карата бийлик тарабынан куугунтук башталды, деген пикирлер айтылууда. Сиздин оюңуз кандай буга карата?
- Менин оюм да ушундай. Бул мыйзам менен жасалып жаткан иш эмес, бул жерде саясий оюн бар. Оппозиция мүчөлөрүнө карата козголуп жаткан кылмыш иштери атайын алардын саясий эркин сындыруу максатында чапталып жаткан иш. Суроо туулат да, эмне үчүн бийлик аларга кылмыш ишин 5-6 жыл мурун козгобой, бүгүн козгоп отурат? Азыркы бийлик Акаевдин ыкмасын колдонуп, оппоненттерине доо коюунун айласын издеп жатат. Анткени азыр оппозиция көтөрүлүп атпайбы, мына ушундай жолдор менен аларды басууга аракет кылууда.
- "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген берене бийликтин камчысы болуп калды, деген сөздөр айтылып жатат. Мына ушундай жүргүзүлүп жаткан күрөш менен бийлик оппозицияны алсыздандыра алабы, тескерисинче өздөрүнө каршылаштардын санын көбөйтүп алуусу мүмкүн да..?
- Албетте көбөйтөт, өзүнө каршылаштардын эсебин арбытат. Акаевди эле мисалга алсак, мына ушундай ыкма менен элди өзүнө каршы коюп алган. Бул эң алды элдин кыжырын келтирет. Муну менен бийлик өзүнө каршы иштеп атат, ал эми оппозиционерлердин күчү тескерисинче артат.
- Мындан жарым жыл мурун курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго карата кылмыш иши козголуп, ал коррупция менен күрөшүүнүн бир жолу катары көрсөтүлгөн эле. Бирок мындайча козголгон кылмыш иштери көбөйгөнү менен коррупциянын азайганы байкалган жери жок...
-Туура. Коорупция менен күрөшүү керек. Бирок термелеп эмес. Байкап көрсөңүздөр, мына ушул берене менен бийлик кылмыш ишин козгоп жаткандардын баары эле оппозициянын башында тургандар же катарында жүргөндөр. Эмне үчүн башка коррупционерлерге тийбейт? Ошондуктан, мен айтар элем, бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн коррупция менен күрөшүү эмес, бийликтин кызыкчылыгы үчүн оппозиция менен күрөшүү жатат. Анткени бул жерде саясат бар, саясат кошулган жерде мыйзам ак иштей албайт. Бакиев өзү деле айтып аткан “коррупция менен күрөшөбүз,” деп, андай болсо баарына тегиз мамиле жасалууга тийиш, эмне үчүн оппозицияны эле куугунтуктай берүү керек? Мыйзам менен жоопко тартса, анда мыйзам бардыгына бирдей.
- Мурдагы кызматкерлерге кылмыш ишин козгоо менен бийлик азыркы кызматкерлердин келечекте оппозицияга өтүп кетүүсүнүн алдын алып жатат, деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз?
- Андай болушу да мүмкүн. Эл чочуп калат, коркот деп ойлошот. Анткени баарынан бизнеси бар, тууган-уругу бар. Коркутуп-үркүтүү үчүн да мындай аракеттер жасалып жатат. Бирок бул жол бийликти жакшы жакка алып барбайт.
- Маегиңизе рахмат!
Оппозициянын айрым өкүлдөрүнө “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен кылмыш иши козголду. Бийликтин бул аракетинин терс жактары тууралуу саясат таануучу Марс Сариев “Азаттыкка” маек куруп берди.