Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Балыкчыга жөө барышпайт


29-июлдагы кармоолор: милицияга жумуш арбын болду
29-июлдагы кармоолор: милицияга жумуш арбын болду

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев 30-июлда чогулган элге жөө жүрүшкө чыгышпастыгын, Балыкчыга БЭКтин лидерлери гана бараарын билдирди.

Анын себебин ал Бишкекте эле жүздөн ашуун тарапкерлеринин камалышына байланыштырды. Шайлоо күнү Балыкчы шаарында кармалган 20 кишинин 13 дагыле абакта.

Оппозиция атынан президентке талапкер катары чыккан Алмазбек Атамбаев 29-июлда өтчү жыйынга келаткан жеринен жүздөн ашуун адам кармалып, алардын айрымдарына эскертүү берилип, көбүн 5 күндөн 15 күнгө чейин камашканын маалымдады. Мындай шартта элди ээрчитип жөө жүрүшкө чыгуу коркунучтуу экенин эскертти.

- Мен Балыкчыга өзүм эле барайын деп жатам. Жолун таап туруп, өзүм эмес, өзүбүз барабыз. Анан силерди да каматып алсак туура эмес болуп калат. Кечээ жүздөн ашык адам камалды. Жөн эле камалбай, тебеленди, тепселенди. Ошондуктан мына эртең менен ошондой чечим кабыл алдык. Силерди милициянын ур-токмогуна салбай, түрмөгө каматтырбай, Балыкчыга өзүбүз эле баралык деп чечтик, туура түшүнгүлө.

Шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгондорду камап, кысымга алуунун улам күчөп баратышы, А.Атамбаевдин ырасташынча, бийликтин өзүнө эле салакасын тийгизиши мүмкүн.

- Мындай да. Элдин демин күч менен баса берсе бир күнү пружина сынат. Анан кайра кетет. Мындай да, бардык нерсе спираль боюнча кетет. Азыр мына элди басып жатат. Бир күнү башкача кетет.

Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров да Балыкчыга жөө жүрүштү токтотуу жөнүндөгү чечимди штаб мүчөлөрү кеңешип олтуруп кабыл алышканын көпчүлүк алдында ырастады.

- Жүзгө жакын адамыбыз азыр камалды. Андан башка көп адамдар эскертүү менен, түнү боюна үйүнө барып, урук-туугандарын чогултуп: “Мына балаңарды кое бердик, эртең кайра бара турган болсо камалат”, деп түнү менен кайтарып чыгышты. Жанагы биздин активист, лидерлердин эч кимиси бул жерде жок. Ошон үчүн келишкен жок.

А.Бекназаров 29-июлга белгиленген бүткүл республика боюнча нааразылык иш-чаралардын көбү өткөнүн кошумчалап, бийликтин жаалы күчөгөндөн-күчөп баратканына токтолду. Анын мисалы катары Балыкчыда шайлоо күнү кармалгандарга олчойгон оор айып коюлуп жатканын көрсөттү.

- Булар кутумчулук кылышкан, конституциялык түзүлүштү кулатыш үчүн кутумчулук уюштуршкан деп жатышпайбы. Балыкчыга чыккан эл: “Эй, добушумду уурдаба!”, деп тескерисинче ууруларга каршы чыккан.

Балыкчыга карай жөө жүрүш токтотулгандан кийин Бириккен элдик кыймыл өкүлдөрү менен күч кызмат жетекчилери сүйлөшүп, ортодогу талаштуу маселелерди кантип чечүүнүн амал-аргасы талкууланды. Кыргызстандын ички иштер министринин орунбасары Сабырбек Курманалиев анда кандай кеп-сөздөр болгонун айтуудан баш тартып, кыска жооп менен гана чектелди.

- Эч кандай маселе, алар тиякта...

А.Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси Бакыт Бешимов жолугушууда кандай маселе коюлганын журналисттер алдында ачыкка чыгарды.

- Биз болсо ошол 23-июлдан бери камалган Балыкчы окуяларынын негизинде жана Чүйдө, Бишкекте 112 кишибиз абакта жатат. Ошолордун тагдыры жөнүндө сүйлөштүк. А бул жерде болсо Ички иштер министринин 1-орунбасары С.Курманалиев жана Башкы прокурордун орунбасары С.Насиза менен сүйлөштүк. Иши кылып, тиешелүү өтүнүч менен аларга кайрылдык.

Б.Бешимов күч кызмат жетекчилери менен жолугушуу маалында коюлган өтүнүчтөргө бийликтин жообуна жараша оппозиция иш-аракетке өтөрүн ырастады.

Оппозиция жөө жүрүшүн токтотту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

XS
SM
MD
LG