Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:15

Сөз эркиндигин тороо аракеттери күчөй баштадыбы?


"Де Факто" гезити бийликти катуу сынга алганы үчүн эки миллион сом доого жыгылып жабылып калды.
"Де Факто" гезити бийликти катуу сынга алганы үчүн эки миллион сом доого жыгылып жабылып калды.

Маалымдоо каражаттарынын адистери Маалымат жана басма сөз күнү жалпы журналисттер коомчулугу үчүн чоң майрам болгону менен соңку кездери сөз эркиндигинин чектелип баратканын айтышат.

7-ноябрь күнү жалпы журналисттер коомчулугу кесиптик майрамын белгилешүүдө.

Бир катар адистер, журналисттик кесип кооптуу болуп калганын, эгер журналист тынч жашоону кааласа бийликке көп каяша айтпоосу керектиги кыйытылган саясат башталганын, андыктан азыркы тапта жан коопсуздугу жаатында бийликчил маалымат каражатындагылардын гана жаны тынч болуп калганын айтышат.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов маалымат айдыңындагы бүгүнкү кырдаалды мындайча сүрөттөйт:

- Биринчиден бардык журналисттерди, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн бардыгын кесиптик майрамы менен куттуктайм. Албетте, бүгүнкү күнү сиздер үчүн шарт дагы, абал дагы оор болуп турат. Сөз эркиндиги, элге ачык маалымат берүү, чындыкты айтуу дагы кыйынга туруп калды. Буга мына кечээ эле жабылган “Де-факто” гезити, “Аалам”, “Ачык саясат” сыяктуу гезиттерге болгон мамилелер мисал боло алат. Андан тышкары жеке журналисттерге да чабуул башталды. Мына “Дело №” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкинди Улуттук коопсуздук комитетине чакырып, ага да басым жасай башташты. Ушундай нерселер көп болуп атат. Ошондуктан менимче бийлик бүгүн чындыктан коркуп, элди мындайча айтканда маңкуртка айлантууга, сабатсыз калтырууга, караңгыга түртүп жатканы айдан ачык болуп калды.

Маданият жана маалымат министлигинин Маалыматтык саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Кадырбек Абдраевдин айтымында, бүгүнкү күнү сөз эркиндиги жаатындагы абал жолго коюлуп баратат. Жабылып же иштери токтотулуп жаткан маалымат каражаттары жана министрликтин бул жааттагы иштери тууралуу ал мындай дейт:

- Бизде сөз эркиндиги, ММКнын өнүгүшү жолго коюлуп баратат. Биздин министрлик ал гезиттерди жапкан жок да, алар сот аркылуу жабылып атат. Бул иштерге биздин эч кандай тиешебиз жок. Ал эми журналисттердин чакыртылып, суралып атканын боюнча бир нерсе айта албайбыз. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын өз иши да. Буга чейин бизде ММК боюнча мыйзам дагы, атайын министрлик дагы жок болчу. ММК каражаттары бош эле калган. Ошол жагдай ММКнын өсүшүнө жолтоо болуп келген. Менин оюмча азыр биздин иш мыйзамды жолго коюп, маалымат каражаттарына жол түзүп берүү гана. Биз эч кимге муну жаз же тигини көрсөтпө деп айта албайбыз да, анын бардыгын мыйзам жүзүндө көрсөтүш керек.

Медиа өкүл Илим Карыпбековдун айтымында, азыркы тапта коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгон, жабылууга аргасыз болгон, бийликтин кысымынан кутулуу үчүн чет мамлекеттерге качып кеткен журналисттер көбөйдү. Маселен, жакында эле жабылган “Де-факто” гезитинин жетекчиси да азыр чет жерде жашоого аргасыз болууда:

- 2008-жыл ичинде эл аралык 4-5 абройлуу иликтөө уюмдары Кыргызстандагы сөз эркиндигине баа берип, сөз эркиндиги артка кеткенин айтып чыгышты. Бул да бизге чоң маалымат болуш керек. Менимче бул биздин бийликтегилер үчүн чоң коңгуроо болушу керек эле. Ооба, бизде сөз эркиндиги таптакыр эле жок деп азырынча айтпоо керек. Бирок ошол сөз эркиндиги чектелгенден чектелип, артка карай баратат.

XS
SM
MD
LG