Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ак үйдөн акыйкат издегендер


"Альфанын" командиринин тарапкерлери сот чечимине нааразылыгын билдирип чогулушту.
"Альфанын" командиринин тарапкерлери сот чечимине нааразылыгын билдирип чогулушту.

9-октябрь күнү мамлекеттик күзөт кызматынын штабынын мурдагы башчысы Данияр Дунгановдун жакындары нааразылык акциясына чыгышты.

Атайын даярдыктагы “Альфа” отрядынын командири Алмаз Жолдошалиев, мамлекеттик күзөт кызматтынын штаб башчысы Данияр Дунганов жана топтогу жети көзгө атар 7-апрелдеги кан төгүүгө катышы бар деген шек менен камакка алынышкан болчу. Бирок алардын айрымдары соттун чечими менен саламаттыгына байланыштуу деген шилтеме менен убактылуу бошотулушкан.

Унутулган убадалар...

Мамлекеттик күзөт кызматтынын мурдагы штаб башчысы Данияр Дунгановдун жубайы Бактыгүл Казыбаева калган камактагылардын да, баш коргоо чарасын сот аркылуу өзгөртүү жөнүндө бийликтен убада берилип, бирок аткарылбай калгандыгына токтолду:

-Бая күнкү митингде К. Дүйшөбаев, М. Иманкулов, Б. Табалдиев, У. Каримов келишип, биз менен жекече жолугушканда камактагы балдардын бардыгы эч жакка кетпөө боюнча кол коюп берүү менен сотко чейин чыгарылышат деп убада беришкен болчу. Бирок бардыгы чыгарылып, менин жубайым менен дагы бирөөсү гана камакта калтырылыптыр. Менин күйөөмдү болсо чыграбоо жөнүндө буйрук берилген деген маалымат бар экен. Данияр алардан айырмаланып камакта олтургудай коркунучтуу кылмыш кылган эмес. Болгону ошол күнү аскердик жобону сактап, аягына чейин турган.

Талабы катуунун тарабы?...

Буга чейин “Альфа” тобунун учурдагы кызматкерлери өздөрүнүн камактагы командири Алмаз Жолдошалиевди жана анын шериктерин бошотуп берүү талабы менен бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурушкандан кийин гана бошотулушкан.

Жоопкерчилиги жагынан алар менен бирдей эле, бирок учурда камакта жаткан полковник Данияр Дунгановдун эжеси Эркингүл Садабаева бийлик бардыгына калыс карабастан, кимдин басымы күчтүү болсо, ошол тараптын талабын аткарып жатат деп айыптады:

- Алмаз Жолдошалиевди бошотушкандыгынын себеби “Альфанын” балдары биринчи күндөн баштап катуу басым көрсөтүштү. Алар башынан баштап митингдерди уюштуруп туруп алышкандыктан улам чыгарып жиберүүгө аргасыз болушту окшойт. Биз болсо бардыгы мыйзам чегинде каралаар, ак адамды кантип эле кесип жиберишсин деп сабыр кылган сайын, анын иши оорлоп, бардыгын ошого оодара тургандай болуп жатышат. Анын бирөөгө бере тургандай эки бөлмө үйүнөн башка эч нерсеси жок.

"Садага" чабуу

Аянттагы кан төгүүдөн кийин ошол кездеги оппозиция лидерлери жалданма көзгө атарлардын демонстранттарга каршы ок чыгаргандыгын айтышкан болчу. Бирок алардын бири дагы кармалган эмес. Ал эми текшерүүнүн жүрүшүндө атылган адамдардын денесиндеги октордун мамлекеттик күзөт кызматтынын жана “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлеринин өздүк куралдарынан чыкпагандыгы аныкталган.

Данияр Дунгановдун жактоочуларынын бири Нүргүл Калыбаева мындай шартта анттын аягына чейин аткарган аскер адамдарын садага чабууга болбойт деп эсептейт:

- 7-апрелде бардыгы кара жиптерге олтуруп качып кетишкен. Жалгыз Д. Дунганов калган. Ал өздүк курамды таркатып жиберип, анан үйүнө кеткен. Сегизи күнү жумуш ордуна кадимкидей келип иштеген. Тогузу күнү түштөн кийин эле аны жумуш ордунан кармап, камакка алышкан. Ошондон бери олтурат. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын тапанчасынан жана ага берилген автоматтан чыккан октордун кайтыш болгон адамдардын же жарадарлардын денелеринин бирөөсүнө дагы тийбегендиги аныкталды. Ошого карабастан аны башкы күнөөкөр катары дале кармашууда.

Мыйзамдын чегинде, бирок соттордун "чебинде"

Жогорку Кеңештин имараттынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан Данияр Дунгановдун жакындары жана жактооочулары менен жолугушууга өкмөттүн атайын өкүлдөрү келишти. Коопсуздук, коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары Өмүрбек Эгембердиев бардыгы мыйзам чегинде чечилерин белгиледи:

- Тигини чыгар, муну чыгар деп бийликтен биз кантип айта алабыз. Андай учур өтүп кеткен. Бардыгын мыйзам чегинде сот чечет. Айтып жатышкан адамдарды жөн эле бошотуп жиберишкен жок. Үй камагына алынгандар да, баш коргоосу өзгөртүлүп убактылуу койо берилгендер да өздөрүнүн күнөөлү эмес экендиктерин сотто далилдешет.

Амалкөйлөр кутулуп, аргасыздар тутулдубу?

Учурда 7-апрелдеги аянттагы кан төгүүгө катышы бар деп шектелген Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев, Оксана Малеванная сыяктуу үлкөн чиновниктер үй камагына чыгарылышкан. Алардын арасынан бир гана мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев кармалып, учурда тергөө абагында олтурат. Бирок ошол учурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун жана улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун Ак үйдөн табышмактуу чыгып кеткендиги боюнча суроолорго жооп табыла элек.

“Альфа – антитеррор” бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбековдун айтымында аталган чиновниктерди качырып жиберүүгө убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн түздөн-түз тиешеси бар:

-Жанагы качып кетиптир деп издемиш болуп жатышкан М. Суталиновду кантип, кандайча, эмне үчүн кое берип жиберишкендиктерин учурдагы улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси К. Дүйшөбаевден сурагылачы. Менде бар маалыматтарга караганда алар экөө УКМКнын кеңсесинен жолугушушуп, анан аны өзүнүн автоуунасында узатып жиберген. Ошол эле түнү Данияр Үсөнов менен Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жолугуп, аны дагы чыгарып жиберишти.

Ушул жылдын 25-октябрында Бишкек гарнизондук аскер сотунда 7-апрелдеги аянттагы кан төгүүгө катышы бар деп шектелген 28 адамдын үстүнөн сот иши башталат. Айыпталуучулардын алтоо эл аралык издөөгө берилип, бирок кармалыша элек.

XS
SM
MD
LG