Кыргызстандагы бир катар адам укугун коргоочу уюмдар 25-августта мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, Башмыйзамды сактоого жана убактылуу тергөө абагында кармалып турган Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Эркин Бөлөкбаевдин коопсуздугун камсыздоого чакырышты. Алар ошондой эле бул ишке кийлигишүүгө жалпы коомчулукту, эл аралык уюмдарды да чакырууда. Укук коргоочулардын белгилегени боюнча, убактылуу абакта камалып турган жогорку үч кишиге 24-августта дагы күч колдонулуп, сабалган.
Кыргызстандын Акыйкатчысы болсо Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Эркин Бөлөкбаевдин өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы тууралуу билдирүүлөрдү иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрдү.
Акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турушкан Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаев менен жолугуп, алардын өмүрүнө туулуп жаткан коркунуч, алардан кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү акча талап кылып жатат, деген маалыматтар боюнча сүйлөшүп чыккан.
Акыйкатчынын айтымында, жолугушуу учурунда Сапар Аргынбаевдин денесинен таяктын көгала тагын байкаган:
- Сапар Аргынбаевдин оң көзүнүн үстүндө көгөрүп, кызарып турган жери бар. Ал эми көйнөгүнөн көкүрөгү ачылып турган жеринен көгала болгон таяктын издери байкалды. Бир караганда сабалган деген чечим чыгарасың.
Акыйкатчынын айтуусунда, убактылуу абакта камалып тургандар өздөрүнүн сабалганы, алардан акча талап кылынып жатканы тууралуу ачык айтуудан баш тартышкан. Болгону Эркин Бөлөкбаев учурда көп суммадагы акча керек болуп жаткандыгын, бул үчүн туугандарынын үйүн сатууга жана тааныштарынан акча карыздоого аргасыз болуп жатканын билдирген:
- Ал үйүнө, туугандарына кайрылып, акча издеп жатканын айтты. Бирок канча суммада, эмне үчүн издеп жатканын айткан жок.
Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаев менен бүгүн бир катар адам укугун коргоочулар да жолугуп чыгышкан. Алар менен кошо атайын прокуратура башчысынын орун басары Кубан Мамакеев да кошо СИЗОго кирип, жогоруда аты аталгандардын абалы менен таанышып чыккан.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда, атайын прокуратуранын өкүлү камалган үчөөнүн бири катуу сабалганын өз көзү менен көрсө да, буга байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тарткан:
- Алар сабалганы анык. Бирөөсүнүн көйнөгүн чечтирип көрдүк. Денеси көгала, көкүрөктөрү, кабырга туштары аябай шишип кеткен. Кабыргасы сынган деген шек бар. Калган экөөнү болсо СИЗОнун жетекчилери, прокуратура өкүлдөрү бизге көрсөтпөөгө аракет кылып, бөлүп алып кетишти. Баарынан кызыгы: прокуратура өкүлү мына ушунун баарына биз менен кошо күбө болуп туруп, соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тартканы болду. Прокурор деген адам укугу бузулганын көргөн соң, ага байланыштуу аракет кылууга тийиш.
Азиза Абдурасулованын айтуусунда, укук коргоочулар баргандан кийин Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаев жалпы камакканадан бөлүнүп, жалгыздап камоочу камерага жаткырылган. Бирок бул дагы алардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыздай албайт, деген Азиза Абдурасулова өткөн жылы дал ушул СИЗОдон жалгыздап камоочу камерадан өлтүрүлгөн Исмаил Кочкаровдун өлүмүн эскере кетти.
Бишкектеги №1 СИЗО адилет министрлигинин алдындагы жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыкка карайт. Аталган башкармалыктын маалымат кызматы азырынча буга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартууда. Басма сөз катчысы Сергей Сидоровдун белгилегени боюнча, жакынкы күндөрү буга байланыштуу билдирүү таратылат.
Петровка чатагын уюштурган деген айып менен камакка алынган Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов жана Эркин Бөлөкбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында камалып турган. Аларды Москва райондук соту 30-июлдагы атайын чечими менен Бишкектеги №1 СИЗОго которгон. Буга болсо УКМК СИЗОсунун жетекчилигинин каты себеп болгон, деп маалымдады Акыйкатчы институтунун жазык аткаруу жайларындагы адамдардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Эрик Чымыров “Азаттыкка”:
-УКМК СИЗОсунун жетекчиси Нуралиев Москва райондук сотуна кайрылыптыр, убактылуу камоо жайында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу анда камалгандарды тиешелүү түрдө таза абага чыгарууга, алардын адвокаттары менен жолугушуусуна мүмкүнчүлүк чектелип, натыйжада алардын укугу чектелип атат деп. Мындан тышкары соттун чечиминде жазылып турат, мына ушул камалып турган Аргынбаев, Рыскулов жана Бөлөкбаев өздөрү дагы жогорку сот бутактарына дал ошол Коопсуздук кызматынын абагында мүмкүнчүлүктөрү чектелип жаткандыгы тууралуу кайрылышкан экен. Бул дагы алардын №1 СИЗОго которулушуна себеп болгон.
Бирок укук коргоочулар мындай маалыматты четке кагышууда. Азыркы бийликке оппозициялык көз караштагы саясатчылардын УКМК абагынан катардагы убактылуу камоочу жайга которулушун жарандык коом өкүлдөрү алардын эркин сындыруу максатында бийлик тарабынан атайын жасалып жаткан иш катары сыпатташат.
“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бул иштин артында бийлик турат деп эсептейт:
- Бул улуттук коопсуздук кызматынын атайын максаттуу кылган иши деп эсептейм. Анткени андагы СИЗОдо оңдоо иштери жүрүп жатса, ал жерде камалып жаткандардын бардыгы эмес, дал ошол Петровка чатагы боюнча камалган үчөө гана которулган. Ошондуктан, бул деген атайын жасалган, бардыгы жасалма түрдө. Бийлик билип туруп, атайын жасатып жатат.
Мурда кабарлангандай Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги жана УКМКнын башчысына кайрылып, Э.Бөлөкбаев, С.Аргымбаев жана У.Рыскуловдун өмүрүнө коркунуч туулуп, алардан абактагылар 25-50 миң доллардан акча талап кылып жатканын билдиришкен.
Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Москва районунун Петровка айлында күрт улутундагы жигит орус улутундагы 4 жашар кызды зордуктады деп, жергиликтүү бийлик, күч органдары буга карата эч кандай аракет көрбөгөндүгү үчүн айылдын кыргыз-орус тургундары тополоң кылышкан. Бул чатакты уюштурду деген негиз менен “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” коомунун башчысы Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынган. “Жашылдар” партиясы жана “Болуш” коому оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү.

Алар сабалганы анык. Бирөөсүнүн көйнөгүн чечтирип көрдүк. Денеси көгала, көкүрөктөрү, кабырга туштары аябай шишип кеткен. Кабыргасы сынган, деген шек бар.