Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:05

А.Келдибеков оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды


Оор атлетика федерациясына салыктар,жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жетекчи болуп шайланды.Муну менен оор атлетчилер каржы маселелерин чечүүнү максат кылышууда.

Өлкөнүн оор атлетика федерациясынын жыйынына маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган жок. Жыйында федерациянын ишин уюштуруу маселелери гана каралды. Мындан 3 жыл мурда ушул федерацияга президент болуп шайланган өлкөнүн бажы комитетинин мурдакы жетекчиси Сайладин Айдаров оор атлетчилерге каражат жагынан алгылыктуу жардам бералбаганы да айтылды.

Ошондуктан федерациянын жүгүн көтөрүүгө көмөк көрсөтөт деген ишеним менен салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Акматбек Келдибековду федерациянын жетекчиси кылып шайлашты.

Ошондой эле федерациянын вице-президенттери Каныбек Осмоналиев, Өмүржан Молдодосов, Тайырбек Сарпашев өз ордундарында калышты. Өлкөнүн оор атлетика боюнча башкы машыктыруучусу Үсөн Майназаров дагы федерациянын вице-президенти болуп шайланды.

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин пикиринде спортчуларды каржылоо маселеси толук чечилбегендиктен көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берем деген Акматбек Келдибековго ишеним артты.

Себеби каражаттын жетишпегендигинен айрым учурда кыргызстандык оор атлетчилер дүйнөлүк чемпионат, Кубок, мелдештерге барбай калышкан жагдайлар болгон.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында федерациянын жаңы жетекчиси Акматбек Келдибеков оор атлетиканы өнүктүрүү үчүн район, облустарга спорт ийримдерин ачып, айылдык жаштарга басым жасоосу зарыл.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону оор атлетика федерациясын Каныбек Осмоналиев эки ирет жетектеп, каражат маселелерин чечип бере албагандыктан өз ыктыяры менен башкаларга жол бошотуп берди.

Экс-президент Аскар Акаевдин командасында жетекчилик, министрлик кызматтарды аркалаган Темирбек Акматалиев да оор атлетика федерациясына президент болуп шайланганы менен эл аралык деңгээлге көтөрө албады.

Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктерди спорт федерацияларына жетекчи кылып, “шапке” кылуу, алардын “көзүн” карап, жардам суроо адатка айланып баратат.

Президент Курманбек Бакиевдин эки уулу Марат жана Максим Бакиевдер дагы дзю-до, ок атуу жана күрөш федерациясынын жетекчилери болуп саналат.

Президенттин инилери Адыл жана Жаныш Бакиевдер дагы спорт федерацияларына жетекчи болуп шайланган. Мында мисалдар ондоп саналат. Бул тизме дагы узара берет.

Учурда оор атлетика боюнча тандалып алынган 16 жигит Токтогулда машыгып жатышат. Май айында Казакстандын Талды-Курган шаарында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт. Чоюн билек жигиттер ушул мөрөй талашууга камылга көрүшүүдө.

Ошондой эле май айынын аягында Тайланд өлкөсүндө уландар арасында дүйнө биринчилиги болмокчу. Мында жеңишке жетишип, байгелүү орун алгандар жана арбын упай топтоого жетишкендер гана быйыл жайында Сингапурда боло турган жаштар арасындагы Азия оюндарына барууга жолдомо алышат.

Быйылкы дүйнө чемпионаты күзүндө Түштүк Кореяда өткөрүлөт. Мына ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги таймашууларга кыргыз спорт жетекчилиги федерациянын жаңы курамын менен балбандарды жиберип, шарт түзүп бере алышабы?! Аны алдыдагы мелдештер көрсөтөөр.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун маалымдаганына караганда кыргызстандык балбандар эби сыны жок, илгерки кеңеш доорундагы штанга менен машыгып, эл аралык талаптарга ылайык жабдуулар жоктугу чеберчиликтин өсүшүнө тоскоол болууда.

Бир олимпиадалык штанганын баасы 5 миң АКШ долларына барабар. Өлкө боюнча мындай көзгө басаар бир гана штанга бар. Аны да аяр мамиле кылып, этияттап колдонуп жүрүшөт.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышууда. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Кыргызстандык Сергей Ли учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгону менен чоңдор арасындагы дүйнөлүк күч сынашууда күмүш медаль менен чектелген.

Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов, Үсөн Майназаров, Эмил Абдиев, Алмаз Аскеев, Шухрат Кочкоров жана Улан Молдодосовдор дүйнө чемпионаттарына катышкан. Азия чемпиону болуп, Кыргызстанды тааныткан, мөрөй алган жигиттер бар. Алардын катарына бир туугандар Улан, Кутман, Султан Молдодосовдорду, Митал Шариповду, Бекзат Осмоналиевди жана башкаларды кошууга болот.

Оор атлетика 1896-жылдан Олимпиадалык оюндардын, 1898-жылдан бери дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Эл аралык оор атлетика федерациясы 1920-жылы түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG