Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Курултайларды бучкактаган сестүү эскертүүлөр жаңырыгы


7-апрелдеги кандуу кагылыштын курмандыктарын эскерүүлөр, Бишкек, 13-апрель.
7-апрелдеги кандуу кагылыштын курмандыктарын эскерүүлөр, Бишкек, 13-апрель.

Кызматын таштай элек К.Бакиев буга чейин өзү менен жакындарынын коопсуздугу камсыз кылынмайын бийлигин тапшырбай тургандыгын ырастап келсе, бейөкмөт уюм жетекчилери менен жолугушуусунда убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтууга өттү.

Экинчи тараптан болсо өз элине ок аткан президент менен сүйлөшүү болбостугу, анын кол тийбестиктен ажыратылгандыгы тууралуу сестүү эскертүүлөр чыгууда. Калтыс кырдаалдын ыкчам жөнгө салынбашы өлкө бүтүндүгү, улут биримдиги, улуттар ортолук мамилелерге салакасын тийгизүүдө.

Сүйлөшүү болот-болбойт

14-апрелде К.Бакиевдин айылына барып аны менен көзмө-көз сүйлөшкөн “Кылым шамы” укук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтуусунда, кызматынан четтетилген президент өзүнүн, жакындарынын коопсуздугун камсыз кыла турган болсо Убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

- Бирок анын сүйлөшкөндөгү шарты болуп атат. Менин коопсуздугуму жана балдарымын коопсуздугун камсыз кылсын. Баягы сотсуз жазалоо болбосун. Сотсуз эле өлтүрүп салуу болбосун деп ошону коюп жатат.

Бирок да К.Бакиевдин бейөкмөт уюм жетекчилери менен жолугушуусунда жарыя кылган өзү менен жакындарынын коопсуздугун камсыз кылуу талабы Убактылуу өкмөт тарабынан колдоо таба элек.

Аны АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушкандан кийин Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева минтип билдирди.

- Ошо он чактысынын ичинде Жаныш Бакиев, Бакыт Калыев бар. Биз кантип ошого макул боло алабыз? Бирок биз баарын жасап жатабыз. Мына биздин сүйлөгөнүбүздүн баары өзүңөр угуп атасыңар, көрүп атасыңар, ошо кан төгүлбөсүн деп ыңтайлуу түрдө өзүбүздүн маалыматыбызды берип атабыз.

Роза Отунбаева өлкөдөгү кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, К.Бакиев менен сүйлөшүү маселеси дагы ичара талкуулана тургандыгын маалым кылды.

Сестүү эскертүүлөр

Кызматтан четтетилген президенттен кол тийбестиги алынып, аны кармоого атайын кызмат өкүлдөрү даярдык көрүп жатканын Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаров 13-апрелде маалымдаган.

- Бүгүн жыйындан кийинки анын араркетине карап турабыз. Эгер ал жарандык кагылышка чакыра турган болсо бүгүн эле ага жараша иш-чараларды баштайбыз.

Азимбек Бекназаров адекваттуу иш-чара катары К.Бакиевди кармоо тууралуу буйрук берилерин айткан. Убактылуу өкмөт менен кызматынан четтетилген президент ортосунда азырынча ар кыл билдирүүлөр гана жүрүүдө. Жагдайды жайына салышы мүмкүн делген катар-катар курултайлардан деле майнап чыга элек. Кысталыш чакта антип элди дүрбүтүп чоң жыйын куруу ансыз да курчуп кеткен саясий тирешти күчөтүп жибериши мүмкүн экендигин айтылууда.

Арада жер басып алуу, бирөөлөрдүн мүлкүнө ээ чыгуу аракеттери күчөөдө. “Акыйкат үчүн” кыймылы өлкөдөгү эң ири байланыш компаниясы “Megacom” элге кайтарылып берилишин талап кыла баштады.

- Бизде компания 100% К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экенин ырастаган документтер бар. Ал үй-бүлөнүн бизнес кеңешчиси Е.Гуревич, А.Елисеев жана башкаларга каттатылган. Булардын айрымдары башка өлкөдө жасаган кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүрүшөт. Азыркы жагдайдан пайдаланып аны М.Бакиевдин мүлкү катары сактоо аракети көрүлүп жатат,- деп билдирди “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Жанат Бейшенов.

2005-жылы да кызматынан шыпырылган президенттин үй-бүлөсүнө таандык мүлктүн узун тизмеси жарыяланып, бирок ал көп өтпөй жаңы башкаруучулардын энчисине өткөн. Бул ирет Убактылуу өкмөт андай аракеттерге жол бербестигин ырастоодо.

XS
SM
MD
LG